БИРӨӨГӨ КОР, БИРӨӨГӨ ЗАР БАЛА

Мезгил үнү

Көп жылдан бери бирге жашашса да кандайдыр бир себептер менен балалуу боло албаган түгөйлөр кездешет. Алар бала багып алууну көздөшсө, ошол эле учурда баласынан баш тартып таштап кеткендер толтура. Андыктан бул ирет таштанды балдар жана аларды кандай жолдор менен багып алууга болорунан маалымат беребиз.

ЭНЕ МЭЭРИМИНЕ ЗАР 100 НАРИСТЕ
"Асырап бала бакпаган айбандын бирин көрбөдүм, Жылдыздай жанган балаңды, ата, жырткычча неге көрбөдүң?.."
Ооба, бүгүнкү күндө адам баласынын кээ бир жаман жоруктарын жырткыч да жасабайт. Мисалы, өз канынан жаралган баласын таштап кетишет. Учурда Бишкек шаардык адистештирилген балдар үйүндө 100 бала тарбияланат. Булардын 30у энелери өз каалоосу менен таштап кеткен балдар, 45и көчөдө ташталган жеринен алып келингендер, 19у шартына байланыштуу жалгыз бой энелердин убактылуу калтырган балдары. Ал эми үчөө ата-энеси абактагылар, дагы үчөө катуу оорулуу балдар. Бул жайда ар түрдүү улуттун балдары болсо да, кыргыз наристелер басымдуулук кылышат.

«ЖАКШЫ АДАМДАРДЫН КОЛУНА ТҮШҮШСӨ ЭКЕН»
Балдар үйүндөгү наристелер топторго бөлүнүп тарбияланат. Бир топто 10-15 бала болот.
Балдар отурган бир бөлмөгө баш багып, андагы мотурайган кыргыз бөбөктөргө көзүбүз түштү. Көрсө, Айдана, Аман жана Айшоола жарыкка келгени энелери жээрип балдар үйүндө тарбияланып келе жаткандардан экен. Демек, үчөө тең эне жытын искеп, ак сүтүн татпаган. Булар мында ак шейшептүү төшөктө уктап, курсагы ток болсо да эне мээримине зар балдар.
Бул үчөө “Мээрим” тобуна киришерин билдик. Наристелерди энесиндей карап, убагында тосуп, алдын тазалап, тамак берген тарбиячысы Кыял Рожанова: “Албетте, бул жердеги балдар үйүндө ата-энесинин мээримине бөлөнгөн балдардан айырмаланат. Анткени аларга салыштырмалуу ар тараптан өсүүсү жай.
Балдар бири-биринен мүнөздөрү менен айырмаланат. Мисалы, Айшоола баарынан “шустрая”, шыпылдап баары менен тил табышып, урушпай ойноп кете алат. Айтканды тез түшүнүп аткарат. Ал эми Аман болсо өжөр, айтканынан кайтпаган бала. Анын бул мүнөзү мени кубандырат. Себеби болочокто өжөрлүгү менен көп нерсеге жетет деп ойлойм. Ал эми Айдана аябай жоош. Өзү менен өзү жүрө берет. Бирок кээде кыялы кармаса турган жеринде чыр салат. Бул наристелердин балбылдаган көздөрүн карап туруп, эх, жакшы адамдардын колуна туш болуп, адам болуп чыгышса экен деп тилейсиң”,- деп баяндайт.

АПА ДЕГЕНДИН ОРДУНА ЭЖЕ ДЕШИП...
Балдардын улуу тарбиячысы Саражинова Жумагүл биздин сөзгө аралышып төмөнкүчө кеп салды:
– Баланын тили чыкканда эле апа-ата деп чыгат эмеспи. Бул балдардын тили чыккканда апа-ата дейин десе же апасы, же атасы жок. Андыктан эже дегенге үйрөнүшөт. Булар мында ата-эне мээримине зар болушса, ушул эле учурда канчалаган адамдар балага муктаж болуп Жараткандан бала тилеп жүрүшөт.
Буларды ойлоп бирөөгө кор, би­рөөгө зар бала деп аргасыз үш­күрүнөсүң.

«КӨБҮНЧӨСҮ ООРУЛУУ БАЛДАР»
Балалуу боло албай жүргөн түгөйлөр кантип бала багып алышса болору тууралуу Бишкектин Октябрь районунун Камкордук жана көзөмөл бөлүмүнүн адиси Дина Исабекованы сөзгө тарттык.
– Биздин бөлүмгө бала багып алам деген атуулдар өлкөбүздүн ар тарабынан келишет. Кайрылгандардын көпчүлүгү орто жашаган үй-бүлөлүүлөр. Балдардын 90 пайызга жакыны оорукчан. Кээси тубаса жүрөк оорулуу же нышан болуп төрөлсө, кээсине энесинен сифилис жуккан. Айтор, түрдүү оору менен төрөлгөн балдар. Мындай балдардын диагнозун көргөзгөнүбүздө багып алам дегендердин көпчүлүгү баш тартышат. Учурда багып алууну каалаган 125 адам арыз таштаган. Алардын арасынан улам-улам келип, кабар алып кетип жатышкандардын саны 15. Булар кезекке жазылып коюшуп, ден соолугу чың баланы күтүшүүдө.
Акыркы 9 айдын ичинде балдар үйүнөн 16 баланы орто жашаган үй-бүлөлөр багып алышты. Учурда алар менен байланышып, балдардын багылышын көзөмөлдөп турабыз.
Негизи, балдар үйүнөн бала багып алган ата-энеге эстелик тургузуш керек. Анткени ден соолугу чың эмес баланы багып алып, анын кыйынчылыгына чыдап багып чоңойтом деп бел байлоонун өзү эрдик эмеспи. Бирок ошол эле учурда багып алгандардын катарында баланы кайра кайрып бергендер да кездешет. Учурда эки үй-бүлө ушинтип кайра “отказ” кылып жатышат.

КОШУМЧА МААЛЫМАТ

  • Буга чейин оорулуу балдарды чет өлкөнүн жарандары көбүрөөк багып алышчу. Анткени чет өлкөдө мындай балдарды дарылап, айыктырып алууга бизге караганда көбүрөөк мүмкүнчүлүктөр бар. Бирок бүгүнкү күндө чет өлкөлүктөрдүн биздин мамлекеттен бала багып алууга укугу жок. Анткени чет өлкө жарандарынын бизден бала багып алуусу тууралуу токтомдун мөөнөтү 2009-жылдын февраль айында бүтүп, учурда жаңы токтом кабыл алына элек.
  • Балдар үйүндөгү наристелердин туулган күнүн 1 айда бир белгилешет. Айдын аягында ашпозчуларга таттуу токоч заказ кылышып, туулган күн ээлерин куттукташат.

БАЛА БАГЫП АЛУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮДӨЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕКТЕЛЕТ:

  • Бала багып алуучулардын балдар үйү жайгашкан райондун Камкордук жана көзөмөл бөлүмүнүн башчысына арызы;
  • Багып алуучулардын паспортунун көчүрмөсү;
  • Багып алуучулардын нике күбөлүгү (эгер үй-бүлөлүү болсо);
  • Туруктуу жашаган жериндеги үйүнүн документинин көчүрмөсү;
  • Иштеген жерин жана эмгек акысынын көлөмүн так көрсөткөн маалымдама, мүнөздөмө, өмүр баяны;
  • Камкордук жана көзөмөл бөлүмү тарабынан үй-бүлөлүк шарты бардык талапка жооп бергендигин тастыктаган акт;
  • Ички иштер органдарынан соттолбогондугу тууралуу маалымдама;
  • Медициналык текшерилүүдөн өткөндүгү тууралуу маалымдама. Башкача айтканда, тубдиспансерде каттоодо жокпу, онкологиялык, тери же психоневрологиялык оорулуу эмеспи, мына ушулар туурасында маалымдама.

«ТӨРӨЛӨ ЭЛЕК БАЛАСЫНАН КУТУЛУУ АРАКЕТИН КЫЛЫШАТ»
Дина Керимовнанын “балдар үйүндө жалаң оорулуу балдар багылууда” деген сөзүнөн улам балдар үйүнүн башкы врачы Турман Майтиковго кайрылдык. Ал сурообузга төмөнкүдөй жооп берди:
– Ооба, учурда балдар үйүндө ден соолугу чың төрөлгөн ымыркай жокко эсе. Буга күнөөлүү – аны бул жарыкка алып келген ата-энеси. Жаш кыздар сактанбай жүрүп боюна бүтүрүп алышат. Анан курсактагы баласынан кутулуунун аракетинде ар кандай зыяндуу дарыларды ичишет. Же ичин жашырып, бууп байлашат. Натыйжада майып, оорулуу балдар төрөлөт. Анан да кээ бир балдардын ата-энеси венерикалык оору менен ооругандар же баңгилер.
Замандаш, илгери кыйынчылык кезде да кыргыздарда баласын таштагандар болгон эмес. Анан эле азыркы жакшынакай доордо ташбоор, кайдыгер энелердин чыгып жатканына эмне себеп? Мүмкүн жеңил ой жаштар көбөйүп жатабы? Же куру намыска алдырып, баланы жээрүү модабы? Айтор, суроо көп.

Бактыгүл Сокушова
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 368, 20-26-ноябрь, 2009-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан