Жашоо адамды дүйнөнүн кайсы тарабына гана таштабайт. Бакыт издеп океандын ары жагына кеткендер, жан багуу үчүн Орусия өӊдүү өлкөлөрдүн көчөлөрүн таптап жүргөн кыргыз жарандары канча?! Бул ирет биз чет элден эргүү эмес, иш издеп кеткен кыргыз жылдыздарынын тизмегине көӊүлүӊүздөрдү бурууну чечтик.
Айдин Шер, ырчы: «ЧЕТ ЖЕРГЕ КЕТҮҮМӨ ПРОДЮСЕРИМ МЕНЕН БОЛГОН УРУШ СЕБЕП»Орусиянын абасынан жутуп, суусун ичип жүргөн мекендешибиз Айдин Шер «чет элге кетүүмдүн негизги себеби продюсерим менен мамилемдин бузулушу» дейт. Учурда ал Москва шаарындагы ресторандардын биринде ди-джейлик кызматты аркалоодо. «Чыгармачылыктан алыс кетпептирсиӊ, сахнага качан кайтасыӊ?» деген сурообузга ырчы «туугандарым кайрадан ырдап чык деп көп айтышат, бирок бул нерсенин ишке ашышы күмөн» деп жооп узатты. Анын үстүнө Айдин Шер үстүбүздөгү жылдын январь айында атасынан айрылып, мууну бошоп турган кези экен. «Атам менин үйлөнүү тоюмду көрбөй калганына өкүнөм. Быйыл жайында сүйүктүүм Эльвирага баш кошом деп тойго даярданып жатам. Ага былтыр сөйкө салып койгон элем. Кыйын кезде сүйүктүүм мага бир топ колдоо көрсөттү. Кыскасы, кыялымдагы кызымды таптым» деген ырчы мындан ары да чет элде иштей берерин айтат. Кыргызстандыктар менен метродон, көчөдөн көрүшүп ал-жай сурашкан соӊ айрымдары чогуу сүрөткө түшүүнү суранышат экен. «Алгач өзүмдү ыӊгайсыз сезчүмүн, кийин көнүп кеттим. Айрымдар үчүн дагы эле жылдыз турбаймынбы» дейт ырчы.
Амир Аскаров, ырчы: «ОРУСИЯДА ИШТЕП КАЛАМ ДЕП ОЙЛОГОН ЭМЕСМИН»
«Сен алдадыӊ, сен алдадыӊ, башканын колун кармадыӊ» деп сыздап ырдаган Амир Аскаров да учурда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында. «Орусияда иштеп калам деп он уктасам түшүмө кирген эмес» дейт Амир. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеӊет болуп, ырчы мырза учурда Питердеги музыкалык студиялардын биринде аранжировкачынын жардамчысы болуп эмгектенүүдө. «Бул өзүм үчүн да аябай күтүүсүз нерсе болду. Негизи, бул жакка жеке жумуштарым менен эле келгем. Бирок чыгармачылыкта дагы бир тепкичке көтөрүлүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп калды. Бир тепкичке көтөрүлүү дегеним, музыка дүйнөсүнүн ашканасын тереӊинен түшүнүп жаткандыгым» дейт ырчы. Ошондон кийин Амир музыкалык студияда иштеп калууну туура көргөн. Анын айтымында, эмгеги үчүн жарыбаган акча алат. Ошентсе да күнүмдүк жашоого жетет экен.
Баса, мигранттардын баарынын жүрөгүнүн үшүн алган экзамен деген нерсе чыкпадыбы. Мына ошол экзаменге Амир да даярданууда. Аны ойноп эле тапшыра тургандыгына кепилдик бере аларын дагы кошумчалады. Эрлан Андашев, ырчы: «МЕН РЕСТОРАНДА ЫРДАЙМ, ЖУБАЙЫМ ОФИЦИАНТ»
Андашевдердин үй-бүлөсү АКШда жашап-иштеп жатканына 2 жылга чукулдап калды. Чет элге кетүү тууралуу сунушту Эрланга АКШнын Огайо штатында эмгектенген жердештерибиз күтүүсүз жерден киргизишкен экен. «Биз АКШга гастролдоп барып калдык, концертибиз өткөн ресторандын ээси кыргыз экен, иштегиӊер келсе бул жерге келгиле деп чакырган болчу» дейт Эрлан. Бул сунушту ырчы көпкө чейин ойлонуп, анан бактысын башка өлкөдөн издөөгө аттанган. «Бир жылдай англис тилинен кыйналдым, ресторанда болсо Кыргызстанда ырдап жүргөн англисче ырларды аткарып жаттым. Биз келгенде жумуш ордубуз даяр болгондуктан көпчүлүк мигранттар дуушар болчу кыйынчылыктарга туш болгон жокпуз. Мен ресторанда ырдайм, жубайым ошол эле жерде официант болуп иштейт. Кызыбыз болсо Кыргызстанда, чоӊ апасынын колунда. Америкалыктардын жашоо шартына кыйла көнүп калдык. Бирок баары бир мекенибизге кеткибиз келет. Бир аз чыдасак Ата Журтубузга кайтабыз» деген ырчы мырза мекенине сагынычтуу саламын биз аркылуу айтты.НУРБЕК САВИТАХУНОВ ЖУБАЙЫ МЕНЕН МОСКВАДА
Чет жерде иштеген жылдыздардын катарын толуктагандардын арасында таланттуу ырчы жигит Нурбек Савитахунов да бар. Ал учурда жубайы актриса, модель, «Сүйө бил» аттуу тасманын жылдызы Альбина Бейшембиева менен чогуу Москва шаарында. Эки жаштын тааныштарынын айтымында, Нурбек учурда эл аралык компаниялардын биринде эмгектенип жатыптыр. Ырчынын эл аралык мамилелер факультетин аяктаганы маалым. Алар азырынча чыгармачылык карьерасын токтотушкан өӊдүү. Дегенибиз, модель айым учурда ай-күнүнө жетип, сүйүктүүсүн ата кылганы турат. Байкашыбызча, чыгармачыл жаштар бутуна бекем турганда гана мекенине кайтат окшобойбу. Учурунда мега популярдуу болгон «Малышка Би», «Бишкек сити» аттуу дуэттердин аткаруучусу болгон Нурбек чыгармачылыгын таштабас чыгар.
Чет элде күн кечирип жүргөн кыргыз жылдыздарынын арасында ырчы Жылдыз Осмоналиева да бар. Ал учурда Москвада жеке ишкерлик менен алектенип, кыргыз колоритиндеги даам сызуучу жайды иштетет. «Салам, Бишкек!» тасмасынын жылдызы Сапар Сайназаров да Москвада кино жаатында талыкпас аракеттерин жасап жүргөн чагы. «Большие люди» тамашалуу берүүсүнөн таанымал болгон КВНчи Саламат Алиев жубайы менен АКШда, «Ордо сахна» фольклор-этнографиялык театрынын ырчысы Дамира Ниязбекова Орусияда. «Sexy, sexy» деген ыры менен убагында элдин оозун ачырган ырчы Арман Эсенгожоев да Орусиянын тузун татып жүрөт. Мигранттык жашоо кечирип жүргөн жылдыздарыбызга ийгилик каалайлы.
Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg