БАЙЫШ КОНЦЕРТИНДЕ АЯЛЫНАН КЕЧИРИМ СУРАДЫ
Концерттин аталышы – «Жаныш-Байыш» тобу сахнада 20 жыл»
Өткөн күнү – 22-март
Өткөн орду – Улуттук филармония
Башталышы – 19:00 (30 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 90 пайызы
Билет баасы – 500 сом
Концерт филармонияда өз убагында башталат деп барсам, залга эл толо элек экен. «Кокуй, зал толбой калабы?» деп өзүм концерт бергенден бетер кыжалат болдум эле, жарым саатта залдын 90 пайызы толду. Ошентип сахнанын көшөгөсү ачылып, эки тапан жигит чыгып өздөрүн тааныштырбай эле концертти баштап ийди. Алып баруучуларды «ким эле?» деп улам бирөөгө окшоштуруп жатып, ди-джей Аскат Алдашовду тааныдым. Бир туугандар чыгып мындан 15 жыл мурун ырдаган ырларын попурри кылып ырдашты. Учурда кайсы ырчы концерт бербесин министр, депутаттарды чакыруу мода болуп калбадыбы. Бул концертте да Турсунбай Бакир уулу, Султан Раев жана башка аттуу-баштуулар чакырылыптыр. Султан мырза инилерин атактуу «Модерн Токинг» тобуна теӊеп ийди. Концертке афишада жазылган ырчылардын баары келди, жада калса жазылбагандары деле келишти көрүнөт. Байыш Клара Алибекова менен ырдаган «Оо, менин биринчи сүйүүм» деген ырын жубайы менен ырдайт деп уктум эле. Бирок бул ырды эжеси Диля Момунова менен аткарды. Андан соӊ жубайы Динараны жетелеп чыгып, «Ак куу белеӊ, айперим?» деп экөө дуэт ырдашты. Байыш кайсы бир жылдары Клара менен да ушинтип эл алдында үйлөнүү тоюн берип, өчүп бара жаткан атын бир дүӊ дедиртип алган эле. Курган жигит илгерки сценарийинен чыга албаган көрүнөт, «мен жөн эле жубайымды эл менен тааныштырып коёюн дедим эле» дегенин көптөр түшүнбөй деле калды окшойт. Анан да аялынан өткөн-кеткен иштери үчүн кечирим сурады. Ошол учурда менде «ырчылар эми аялдарын тааныштырып да концерт бере баштаганбы?» деген суроо пайда болду. Анда эмнеге Жаныш жубайы менен тааныштырбайт? Айтор, бул жагы түшүнүксүз болуп калды. Концертке Кенже Дүйшеева «Жебе» тобу менен ырдап, шаӊ кошту. Ушул жерден бир нерсени байкадым, Кенже балдарынын кыймылдарын кыздардыкына окшотуп баштаптыр. Ошентип концерт ээлеринин жаӊы да, эски да ырларын угуп, таланттарына күбө болдук.
Толик Сынчы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (54)
Жакшы. Атагынарды чыгара бергиле.
Байыш Момуновго айтаар соз жок, не дешти да билбейсин. Кларанын жаштыгына балтаа чаап, аны колдонуп анан кайра биринчисине кетип калган. Анан да кечирим сурайт Динарадан. Кларадан сураш керек эле кечиримди....
Байыш ХХХ ХХХ корбосомда окуп алып бир жагынан тан калсам экинчи жагынан аябай кулдум
ROZA-87, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
Жакшы сындаган го Толик сынчыны эч эле корбодум да суротторун.
Толик сынчынын жазгандары аябай жагат да, озум концертте отуруп сынагандай болом бирде гулуп бирде каткырып. Ха хе хе деп
nazikerbol, жеке билдирүүнү купуя менен жазыңыз!
beka1207, nazikerbol, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер
info@super.kg же
admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Мен ойлоптурмун Кларадан кечирим сураганго деп, концертин жакшынакай эле откозбойт беле уй було маселесин элге жарыя кылбай.
jusupova,бул озун элге коргозгусу келгендир,балким чын эле кечиримди чын журогунон элдин алдында сурап аялын ишендиргиси келгендир,ким билет,ай ким билет...Кларанын атын пайдаланып,кичине башы которулгондо таштап кеткени туура эмес болуп калган.Чыныгы эркек антпеши керек эле...
Кларадан кечирим сурайбы,аялынан кечирим сурайбы. Чын журоктон баары бир!Кандай дединер?
Жаныш таланттуу бала концертке
Бек
Борбиев келдиби?
karona, Соз Байыш жонундо болуп жатат окшойт...
Соз жок ар Ким билгенин кылган заман. Депутат олтурат кылмыш кылган тууганын актап чондордун балдары журот театрды тебелеп .Ырчыларын журот атасын апасын куйоосун аялын мактап сценада .Эми аялынан кечирим сураш эле калган экен да .Маданият акыл билиминердин жеткен чеги ошолбу же келесоолугунарбы же манкуртчулук мактанычынарбы.
Быйагы ха ха болуптурда ээ кыскасы.
Ха ха хааааа кен же кимдер ли тарбиялап баштаган дегендечи )))))
Модерн Токинг группасына салыштырганы уят. Держите меня пятеро. Ха ха. Ал эми Толик сынчы кыз киши окшойт ээ? Жазган стили женский. Хи хи.
ХХХ ХХХ ХХХ жашынат дейт. Байыш да аялдары менен гана жылдыз болуп жатат окшойт. Уккулуктуу Ыр жазып алып анан концерт койбойбу. Эски койногун кие берген ХХХ окшобой
nurjana83, кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болууну сунуштайм!
Бекер эле Клараны кор кылды....