Аяна Касымова, ырчы: «КЫЯЛЫМДАГЫ МЫРЗА АТАМА ОКШОШ БОЛСО...»

Жаш болсо да эл аралык сынактарга катышып, Кыргызстандын атын таанытып жаткан өнөрпоздор элибизде көп эле. Алардын бири – Аяна Касымова. «Мага мамлекет эмне кылды деп эмес, мен өлкө үчүн эмне кылдым?» деген принципти колдонууну туура көрөм" деген Аяна бизде конокто.

– Аяна, сени интернет жылдызы катары тааныйбыз. Ысымыӊды Кыргызстанга мындан да кенен жайылтыш үчүн учурда дагы кандай аракеттерди көрүп жатасыӊ?
– Азыркы аракетимдин баары белгилүү болуу үчүн жасалган иш эмес. Жөн гана бир жерде токтоп калбоону, өсүүнү туура көрөм. Анан биздин аудиторияга ылайыктуу, тагыраагы, репертуарымды кыргызча ырлар менен толуктап жатам. Көбүнчө англис тилинде ырдагандыктан, менден кыргызча ырларды көп суранышат. Элге кандай болгон күндө да эне тилибиздеги ырлар жакын да. Көпчүлүктүн ой-пикирлерин эске алып, кыргызча «Аманат» деген чыгарманы жаздырып жатам.
– Жакында эле Жолдошбек Мамажановдун «Сүрөтүӊө» деген ырын аткарып чыктыӊ. Бул ырдын видеосу учурда социалдык тармактарда миӊдеген лайктарды алып жатат...
– Аталган чыгарма менин аткаруумда мынчалык популярдуу болуп кетет деп ойлогон эмесмин. Ырды аяш атамдын апасы жакшы көрөт экен. Анын сунушу менен чыгарманы аткарып, видеосун апасына белек катары чет өлкөгө салып жиберген элек. Анан да видеонун башталышында аяш апама каалоо-тилек жазылган болчу, аны өчүрүп, мен ырдаган жагын социалдык тармактарга жүктөп койгонбуз. Кечээ курбу кызым менен коомдук унаада баратып радиодон ушул ырымды угуп алып аябай сүйүндүм, башкача боло түшөт экенсиӊ.
– Сендеги ырчылык өнөр кичинекей кезиӊден эле барбы?
– 2 жашымдан эле бала бакчада ырдап баштаган экенмин. Ата-энем 5 жашымда көркөм гимнастикага, кийинчерээк англис тили курсуна беришкен. Андан соӊ музыкалык мектепке барып, анан азыркы мугалимим Салтанат Аширова иштеген №6-музыкалык мектепке которулдум.
Ата-энем экөө теӊ музыканттар, апам Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде комузчу, атам Арсен Өмүралиев атындагы драма театрдын алдындагы жаз
инструменталдык «Аура» тобунун музыканты, бир нече аспаптарда ойнойт. Кичинемде кошуналарды тажатып кыйкырып ырдап эле жүрчү экенмин. Апам «ажатканада отурганда да үнүӊ басылбайт эле» деп айтып калат. Атам мага Селин Дион, Уитни Хьюстондун караоке-дисктерин алып келип берчү. Мен аларды өзүндөй кылып туурап ырдачумун. Ал өнөрүм азыр деле калган жок, кээде үйдөн Стас Михайловду туурап берсем, үйдөгүлөр ыкшып күлүп калышат.
– Ата-энеӊ экөө теӊ музыканттар болсо сенин чыгармачылыгыӊа кийлигишеби? Кимди кумир тутасыӊ?
– Атам бир ырды дыкат иштеп бышырмайынча кечке ырдата берет. 5-6 саат репетиция кыла берсеӊ тажайсыӊ да, кээде «ата, эртеӊ уланталычы» деп жалкоолонуп кетем. Атам болсо «жок, бүгүн бүтүрөбүз» деп туруп алат. Анан Селин Дионду идеал тутам. Чыгармачылыгын баалайм. Селин Дион экөөбүздүн туулган күнүбүз да бир күндө, 30-мартта. Жакында 16 жашка чыгып, паспорт алам (күлүп).
– Бир жылдан кийин 11-классты аяктайсыӊ. Кайсы кесиптин ээси болоруӊду чечип алдыӊбы?
– Дизайнер же журналист болсом дейм. Ата-энем Улуттук консерваториядан музыкалык билимимди тереӊдетип алууну жана котормочу болушумду каалап жатышат. Музыкалык билимди Америкадан улантсамбы деген да тилектерим бар. Ага чейин убакыт бар, көрө жатарбыз.
– Орусиянын Россия 1 телеканалындагы «Артист» деген долбоорго катышып келдиӊ, жыйынтыгына кандай баа бересиӊ?
– Капа эмесмин, катышканыма сүйүнөм. Катышуучулардын арасынан эӊ жашы мен болчумун. Сынакта күтүүсүз жагдайлар көп болду. Мисалы, финалда эреже боюнча 10 адам эки-экиден дуэт ырдашмак. Мен татарстандык Наиль деген катышуучу жигит менен ырдамакмын. Экөөбүз 8 сааттан репетиция кылып даярданып жаттык. Лолита Милявская өзү угуп көрүп, «бул сынакта эӊ күчтүү дуэт силер болуп жатасыӊар» деп кеткен. Бирок сынак башталарга 2 саат калганда дуэт ырдоо номерин алып салып, долбоордун режиссёру Алан Бадоев «жалгыздан ырдайсыӊар» деп койду. Чынында, даярдыгы жок жалгыз ырдоо кыйын болду. Алан Бадоев украиналык эмеспи, өзүнүн жердеши Сюзанна Абдуллага тартып койду окшойт деп ойлодук. Себеби ал сынакта жеӊүүчү Наиль болот го деп ойлогом.
– Мындан ары эл аралык сынактарга катышууну улантасыӊбы?
– Албетте, учурда чакырууларды күтүп жатам. Биз Түркияда, Чехияда өтүүчү сынактарга катышууга уруксат сурап кайрылуу жөнөткөнбүз, видеолорумду кошуп жибергем. Жооп келсе эле даярдыктарды баштайбыз.
– Чет өлкөгө барып сынактарга катышыш үчүн каржы маселеси да ырчыларды түйшөлтүп келет, сенде бул маселе кандай?
– Мисалы, «Артист» долбооруна катышканда жол кире, жашаган жер, тамак-ашыбызды уюштуруучулар төлөп беришкен. Бизде айрыкча жаш ырчыларга демөөрчү табуу кыйын. Ата-энем демөөрчү издеп көп эле ири компанияларга кайрылышкан. Бирок жаш таланттарга колдоо көрсөтө беришпейт, көптөр баш тартып коюшкан. «15 жаштагы кыз эмнени кыйратып келмек эле» деп ойлошсо керек. Бирок аны менен катар кол сунуп жардамын аябагандар да бар. Бир жолу белгилүү компаниянын башкы директоруна кат жолдосок, 10 мүнөткө жетпей кайра жооп келген.
– Интернет аркылуу таанылгандан кийин чет өлкөлүк күйөрмандар пайда болдубу?
– Жакында эле бир кыргыз жигит менин видеолорумду америкалык белгилүү порталга жүктөп коюптур. Ал видео 7 миллион жолу каралып, 1,5 миллиондон ашык комментарийлер бар экен. Арасында Европадан, Африкадан музыканттар «дуэт ырдайлы, иштешели» деген сунуштарын калтырышыптыр. Эгер ушундай ыргак менен жүрүп отурсак, чет өлкөлүк күйөрмандарымдын саны көбөйүшүнө деле аз убакыт калды окшойт.
– Кыргыз эстрадасынан кайсы ырчылардын ырларын угасыӊ?
– Кичинемден Мирбек Атабековдун ырларын угуп чоӊойгом. Анан да Мирбек байке менен 13 жылдан бери кошуна жашайбыз. Короосуна кирип ойноп, чай ичишип турабыз. Алгач чоӊ сахнага 10 жашымда Мирбек Атабековдун концертинде Роза Рымбаеванын «Мой дворик» деген ырын ырдап чыккам.
– Бойго жетип, жигиттердин көзүнө көрүнүп калган куракка келип калыптырсыӊ, сөз айтып кат жазган жигиттер барбы?
– Ооба, бар. Кээде эшиктин алдына гүл, жумшак оюнчук таштап кетишет. Жолугушууга чакырышат. Эгер мага жакса сейилдеп, чогуу балмуздак жеп келишим мүмкүн. Жакпаса «репетициям бар, убактым тар» деген шылтоолорду айтып коём. Негизи, кыялымдагы мырза атама окшош болсо дейм. Анткени атам музыканттардын эӊ жөнөкөйү деп айта алам. Ал эми келбети жагынан бою узун, мүнөзү жумшак, тамашакөй, «каприздеримди» көтөрө алган жигиттер жагат.
– Такай коомдук унааларда жүрөт экенсиӊ, көчөдө таанып, ырчы экениӊди билип орундук бошотуп бергендер болобу?
– Баары таанышат деп айта албайм. Мен сыналгыдан башкача көрүнөт окшойм. Көпчүлүк тааныштарым «сыналгыдан улуу кыздай көрүнөсүӊ» деп айтышат. А өзүм кичинекей эле кызмын да. Ошол үчүн да көчөдөн айрымдар эски таанышын көргөндөй кечке тиктеп карап өтүп кетишет. Алардын жүзүнөн «ушул кызды каяктан көрдүм эле?» деген көз карашты окуп калам.
– Маегиӊе чоӊ рахмат!

"Ата-энем менин продюсерлерим. Апам менен сырдашам, атам менен иштешем".

"Артист" долбоорунун алпаруучусу Ольга Шелест "муӊдуу ырларды азыраак ырда" деген кеӊешин берди".

"Интернет менин ырчылык багымды ачты".

"10 жашымда алгачкы жолу чоӊ сахнага чыгып ырдагам".

Лунара Бекиева
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Аяна Касымова: "Жигиттер Whatsapp`тан ырдап жөнөтчү дешет"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (63)
nusichka
2015-04-01 12:21:59
ырларын киргизип койгулачы
0
admin_superstan
2015-04-01 12:26:40
nusichka, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Эсибизде болот.
0
kg.balakai
2015-04-02 00:03:10
admin_superstan, саламатсызбы Султан Садыралиевдин Бийиктейбиз бириксек деген ырын жуктоп коёсуздарбы деп суранган элем бир жообун айтып коёсуздарбы эмне болду
0
admin_superstan
2015-04-02 11:24:40
kg.balakai, саламатсызбы!
Ыры даяр болсо эле жүктөлөт.
0
ilia
2015-04-03 13:03:58
admin_superstan,salamatsizdarbi. biz Raliadan intervyu surandik ele ule 1 jyl boldugo kachan alasinar ?
0
admin_superstan
2015-04-03 14:24:36
ilia, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде. Сын-пикирлериңизди тиешелүү дарекке жөнөтүңүз!
0
Azimova15-14
2015-04-01 19:20:59
Таланттуу кыз. Мага уну абдан жагат. Ийгилик!!!
+1
Venerochka
2015-04-01 21:06:16
Мол Булак Финанс колдоо корсотконун не жашырды?
0
Begim8678
2015-04-02 16:25:16
Азамат. Жакшы ырдайт. Азыр бул ырчы кызыбызга сын айткандан мурун колдоо корсотконубуз туура го деп ойлойм. Аяна, талпына бер, чыгармачылык бийиктиктерди багынта бер. Сенде баары бар.
0
ALSU2010
2015-04-03 01:09:19
Молодец!!!!!!!!!аман бол.келечегин кен болсун!!!!!!англисче аябай сонун ырдайткенсин........браво...
0
Elika
2015-04-03 04:31:54
Азаматсын!
0
N.Bakazova
2015-04-04 00:23:48
азамат!
0
Nurtilek95
2015-04-04 08:25:42
Азаматсын! Аяна ийгилик сага
0
roza960801
2015-04-04 15:41:18
Онорун оркундой берсин!Алга!
0
Nurjigit.Kg
2015-04-05 00:44:07
roza960801, artisterdin 90 prosenti ХХХ bolot negizi, alardayn emnesine kyzygasynar deymda.
0
admin_superstan
2015-04-06 10:56:17
Nurjigit.Kg, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Түбөлүк БАН!
Zair_Alimov, жеке билдирүүнү купуя менен жөнөтүңүз.
0
alenka
2015-04-05 12:07:09
Саламатсызбы супер инфо,тундуктук келин тасмасы туштуктун кайсыл аймактарында тартылган билип бергилечи
0
admin_superstan
2015-04-06 11:07:32
alenka, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат!
0
Perishtem8
2015-04-05 15:01:48
Азамат! Мага уну аябай жакты.
0
kg_films
2015-04-05 22:53:27
жаным, унунон секет го
0
ayana95
2015-04-06 07:49:38
Булбул ундуу, таланттуу кыз! Ийгилик каалайм!


0
Aikosha_95
2015-04-07 00:20:11
айий мен бул кызды 90жылкы деп ойлопмун, корсо менин синдим экенсин талантын оркундой берсин! ден солук каалайм
0
pepeshka-12
2015-04-15 20:43:00
Унун абдан сонун экен! Жаш болсо да созду оорду менен суйлоп, жакшы маек куруп бериптир. Азамат, онорун оркундой берсин!
0
№ 647, 27-март-2-апрель, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан