Үй-бүлөлүк курамдан турган «Кеӊеш» тобу Калыс-Ордо жаӊы конушундагы үйүн сатты. Ырчылардын жаӊы үй алгычакты шаарда 2 бөлмөлүү батирде жашап жаткан кездери. «Чыгармачылыкты баштаган кезде соода менен да алектенип, тапкан акчабызга жер тилкесин алып үй салдык. Тапканыбыздын баарын үйгө чаптап, былтыр эле оюбуздагыдай кылып бүтүрдүк эле. Көрсө, ырчыга жер там ылайыксыз экен, ар дайым гастролдо жүрүп үй-жай, бакча каралбай калып жатты. Үйүбүздү 60 миӊ долларга Мүзүрдүн досуна саттык. Үйдүн ичиндеги эмерек, буюм-тайымдардын баары калды, биз кийимдерибизди эле көтөрүп чыгып кеттик. Эми бир аз иштеп, 3 бөлмөлүү элиталык батир алалы деп жатабыз»,- дейт Гүлмира.