АПА, ЖЕӉЕМДИ УРУШПАЧЫ...

– Апа, мен жакында бирөөнүн босогосун аттап, келин болом да.
– Кагылайын, өзгө үйдө жүзүӊ жарык болсун. Бактылуу бологой,- деп апам башымдан сылап койду.
А бирок жаным жай албай, тынчсызданганымды койбойм. Менин апам асыл жан, аны эч бир адамга жамандыгы жок, акылдуу айым деп билчү элем. Азыр деле ал оюмдан кайтпайм. Болгону кээде анын адилетсиз кылыгына айласыздан тилимди тиштеп тим болом.
Үй-бүлөдө эки бир тууганбыз. Менден улуу агам бар, аты Медет. Байкемди үйлөнөт дегенде, төбөм көккө жетип аябай кубангам.
Агам да үйлөндү. Ага өзүнө окшогон токтоо, чырайлуу кыз жубай болду. Мына ошондо кызыктын баары башталды. Баягы акыл калчап иш кылган акылман апам жок. Күндөн күнгө өзгөрүп эле барат. Байкуш жеӊемдин кылган ишинен кыйкым таап, качан болсо арызданганы арызданган. «Же үйдү таза кармабайт. Кыйратып тамак жасаса бир жөн. Ушул бучук мурундун кайсы жерин жактырды уулум? Башын айлантып эле тийип алды. Ушундай болорун башында эле сезгем...» деп куру доомат артканын койбойт. Жеӊем эмне кылсын, байкемдин көӊүлү деп бир ооз сөз кайтарсачы. Баарын унчукпай жеӊет.
Бир жолу кошуна эже менен короодо сүйлөшүп отурган апам болушунча жеӊемди жамандап жатат.
– Колунан эч нерсе келбейт. Сулууланып эле отурса болду. Апасы эч нерсени үйрөтпөптүр да. Кудагый сыртынан эпчил эле аял көрүндү эле. Эми эмнесин айтасыӊ, кошуна,
адаштым да, адаштым.
Муну угуп апама ачуум келип кетти. «Апа, болдуӊуз» десем, кайра мага атырылып кирди.
– И-и, эмне, сага апаӊдан да ошол агаӊды ээрчип келген неме кымбат боло калдыбы? Эми силерди дагы мага каршы кылып жатабы ал жарыбас, ыя?
– Коюӊузчу эми, жеӊем угуп калса эмне болот?
– Уксун! Тажадым ага үйрөтө берип. Таарынса кетип тынат.
Эч качан апамдын мындай кайнене болорун ойлогон эмес экенмин. Мени таӊ калтырганы, байкем жумуштан келгенде жеӊемди «кагылайын кызым» деп калганычы. Өзүмдү тууган энеме ушунчалык жиним келет деп он уктасам түшүмө кирбептир. Эки ортодо же апамдын оозун тыя албай, же жеӊемдин тарабын талаша албай кыйналып кетчү болдум. Байкем мунун баарын билсечи.
Бир айдан кийин мен дагы турмуш жолуна аттанганы турам. Буга чейин турмушка чыксам, жолдошум менен жыргап эле жашап кетчүдөй туюлчу. Апамдын жеӊеме жасаган мамилесин көрүп ичимден сызып баштадым. Мага кайненем кандай мамиле жасайт болду экен? Ал дагы апамдай күн көрсөтпөй койсочу? Алтындай апам бирөөнүн перзентинин баркына жетпей, кагып-силкип жатса, мага башкалар кандай мамиле жасамак эле? Канча жолу апама «бул дагы бирөөнүн бапестеп баккан баласы, урушканыӊызды коюӊузчу» деп сурандым. Кулак салуунун ордуна кайра мени кагып койчу.
Бул жолу да жеӊемдин жасаган тамагына наалып, дагы уруш чыгарды. Ушул акыркы чеги болду окшойт.
– Апа, обу жоктуктун дагы чеги болот. Калп эле жеӊеме асыла бербеӊизчи!
– Сен унчукпай отур!
– Качанга чейин байкушка күн көрсөтпөй канын иче бересиз? Эртеӊ мен да бирөөгө келин болом, мени ойлодуӊузбу? Мага ушундай мамиле жасашса эмне кылам?- дегенде гана апамдын жаагы басылды. Ошол күндөн кийин үйдө жеӊемдин жасаган жумушунан улам уруш чыгара элек. Бирок мен турмушка чыгып кетсем, жеӊем кайсы күндү көрөт?

Жыпара, Ош шаары.
lira@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (76)
jass
2015-05-28 21:05:24
Мен 5,кундон кийин болунгом,бирок менин кайненем имени мн эмес даже неверелери мн иши жок,нольвниманияболсо да жинин кскелет
0
jypar.i
2015-05-31 20:27:53
jass,айланайын, сен кайсы тилде жазгансың? Бөлүнөм деп бөлөк жашап кетсеңер керек.Биз жаш кезде кайненеге милдет кылбай эле өзүбүз бакчубуз.Азыр кээ бир жаштар кайненсине бала төрөгөнүн милдет кылабы деп ойлоп кетесиң, мен неберелериме канча нерселерди алып берем,бала бакча жагынан да жардам берем. Келиним иштеген жок,мен иштеп жүрөм,пенсиянын аздыгынан,ошентип жардам берип атсам, сизге бизден жардам керекпи деп сурап коюша элек. Бирок,иштеп,үй-бүлөөсүнө тың карагандар деле көп,мен ошолорго бакыт тилейм
0
Gulzat86
2015-05-28 22:24:16
Оо менин апам(озумдун)эки келин алды.Рая эже айткандай Ак койнокту жайкалтып кийиндирип,лимузиндерди тизип,келгенде алтынга болоп.Ак жоолугун салып эле кутуп алган.Эми келген келин да мээнетин акташ керек да.Уулу жакшы ошол суйуктуу уулду торогон апа кандайча жаман болуп калсын.Женелерим мурда эч нерсе билбейт эле.Азыр апам уйротуп Оо токулган ат болуп калышты.
+2
reina90
2015-05-29 10:40:32
менин кайын энем кудайга шугур. Бирок кайын агам бар ажырашкан,биз менен чогуу турат 2 жылдан бери. Иштебейт,эртели кеч уйдо. Менин кыймылымдын баарына сын менен карайт. Мага кайын агам кайын эне,жанымды кашайтып.
+3
jypar.i
2015-05-31 20:29:49
reina90,ошол кайнагаңа тилдүүрөк, колунан эчнерсе келбеген аял таап берип бөлүп салгыла, ошол аял "окутсун акесин"
+1
nur1813
2015-06-01 03:07:27
reina90,менде да кудум сендей))) менде кайнагамдын айалы бар болсо да мага кайнене))) кайненем айабай алтын айал.жаман балдарым менен эле урушпай талашпай жашасанар болду деп тим койот..биздин да аларды сыйлап барктай турган маал келет ошондо эчтекеге зарыктырбай багабыз кайненелерибизди...кайненелер аман болушсун...
0
Gulnaz.GS
2015-05-29 16:52:39
Кайын энемдин мага бирда катуу созун укпагам.жолдошум менен урушуп кетем десем.кайненем келип кызым эч жака кетирбейм сени.сен кетсен менда кетем дегенде калып калгам
+1
jypar.i
2015-05-31 20:31:56
Gulnaz.GS,Сен жакшы келин болсоң керек,ошон үчүн кайненең сендей келинден ажырагысы келген жок, үй-бүлөөлүк бакыт каалайм,кайненең силердин төрүңөрдүн көркү болуп жүрө берсин
0
zarifa_love
2015-05-29 19:50:07
Менин кайненем алтын .бирок кайын синдилер куйдурот
+3
Sultanim
2015-05-29 22:28:37
Эми ар ким озунун абалына жараша талкуулайт.АЛлах бири-бирибиз мн сынайт экен.эч кимге которо алгыс сыноо бербейт экен.ооба кепке оной,жашаганда оор... жараткан ээбиз барыбыздын жардамчыбыз болсун!
0
janymgomenin
2015-05-29 22:32:47
Sultanim,ооба туура айтас бул сыноо болгону оз апаларыбыз деле уруп урушатго буларда жакшы болсун деп айтатда.
+1
janymgomenin
2015-05-29 22:30:05
бул кайтар дуйнода менин да кайненен ойбой недеген шумдук жоруктарды жасады уруп тепкенге чейин бардыго чиркин калганын айтбайын баламдын башын айлантып эле тийдин кет деп кубалагандарычы уу эстесем ушуп кетем айла жок жолдошум учун чыдадым азыр шугур.кудай сактасын азыр ошо кезди эстесем бир топ эле кыйнала берем баары артта калды аа чынында бул биз учун сабак мисалы мен кайнене болсом келиними кызымдай кором козумдун карегиндей сактайм деп ниет кылам анткени мендей кор болушун калабайм. аа чынында оз апаларыбыз деле урушат кээде урат дегендей ага чыдайбызда кайнененин ай мындай дегенин чон. маселе кылып алабыз.
+4
Chtc
2015-05-30 10:19:58
Негизи эле көп кайынэне, келиндерди карасаң,ажаан келинге жоош кайынэне, мастен кайынэнеге жакшы келин туш болот.Ошон үчүн бири кем дүйнө.Бирок азыркы кезде кайынэнени уккан келиндер аз. Кайынэнелер келин болуп калышкан.
+3
Aikosh001
2020-07-09 11:31:15
Chtc,мага жоош кайнене туш келсе бөпөлөтүп багат элем, аттиң өзүм деле жоошмун мага ажаан кайнене туш келип калды...
0
Dromer
2015-05-30 13:52:54
Кайненеге аралашып кетиш келиндин озунон. Ичи койнуна кирип, конулун таап, кулуп жайнап оз ишин так аткарса кимге гана жакбасын. Анан бышбаган гомочтой болуп былтыйып, кабагын салып, ишин чалагайын кылса кимге жагат. Оз апандай болбойт дегенге кошулбайм кандай келин болуш озунорнун колунарда деп ойлойм!
+3
zema221190
2015-05-31 11:45:39
Жакшы кайненелерда бар,жамандарда бар,жакшыга жакшыдай,бакыларга бакшыдай мамиле жасаш керек азыр.
+1
Sultanim
2015-05-31 16:03:03
Кайын эне,кайын ата убактылуу эле нерсе.чыдайлы кыздар!..))) за то биздин суйгон жигиттерди жарык дуйного алып келгенге себепкер,ак сутун,адал эмгегин жумшаган адамдар.
0
jypar.i
2015-05-31 20:34:46
Sultanim,убактылуу нерсе деп буюмга теңегениңби? Өзүң да бир кезде кайнене болосуң, ошондо сени "убактылуу нерсе, бир аз чыдасам кутулам" деп келиниң айтса жакшыбы?
0
bessmertnyi
2015-05-31 21:46:40
Бири кайненесин, бири келинин жамандашат го. Аллахын келинге да, кайненеге да ынсап берсин.
0
Sultanim
2015-05-31 23:09:58
jipar.i нерсе дегенде буюмга тенеп эле туруп алганына эмне дейин..мейли балким ХХХ ХХХ ХХХ.бул жерде мен досторго сабыр кылайлы деген мааниде стимул берип атам.кантейин туура эмес тушунсон бул сенин айланага чаптырган коз карашындан.ХХХ ХХХ ХХХ...
0
admin_superstan
2015-06-01 11:13:18
Sultanim, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
0
Memory
2015-06-03 00:32:08
Менин апам мага караганда азыр келининин козун карайт.Мен уйдо жашап жургондо уцдон озунчо болунуп кеткиче такыр жакшы соз укпадым апаман ээн окунучтуусу.коноктор келсе да мени жамандап уруша берчу, жаман создорду айтчу мага.кошуна, таанышынын кызын айтып менден ойдо тоолук короор эле.азыр кудайга шугур менде баары жакшы, жакшы жерге турмушка чыктым.азыр мага жалынып жалбара берет, убагында баркынды билбей жон эле урушчу экем деп.а мага азыр эч кимдин суйуусу кереги жоктой сезилет.
0
Aidai85
2018-07-31 22:32:09
Memory,
0
guzel_
2015-06-24 14:20:57
Эки кочкордун башы бир казанда кайнабайт.эч качан келин оз кызындай болбойт,кайнене оз апасындай боло албайт.

0
№ 655, 22-май-28-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан