Быйылкы УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалына «Ювентус» жана «Барселона» чыгып, 6-июнда жеӊүүчү аныкталмакчы. «Барселона» башынан эле фаворит аталып келсе, «Ювентустун» финалга чыгышы күтүүсүз болду.
Бул саныбызда Европаны дүрбөлөӊгө салып, Италия футболунун күзгүсү болуп турган туриндик «Ювентус» клубу жөнүндө маалымат беребиз.
«ЮВЕНТУС»
Каймана аты – “Кары синьора”, “зебралар”
Негизделген жылы – 1897-жыл, 1-ноябрь
Стадиону – «Ювентус Стэдиум», 41 миң орундуу
Президенти – Андреа Аньелли
Машыктыруучусу – Массимилиано Аллегри
Капитаны – Жанлуиджи Буффон
Жетишкендиктери:
Италия чемпиондугу (А сериясы) – 31
Италия кубогу – 9
Италия Суперкубогу – 6
Чемпиондор Лигасы – 2
УЕФА кубогу – 3
Европа Суперкубогу – 2
ЖАРАЛУУ
1897-жыл... Ноябрдын биринчи күнү... Турин шаарынын «Д’Адзельо» лицейинин бир канча студенттери кыларга иши жок, кызуу талкуу жүргүзүп жатышкан эле. Спортко кызыккан боз уландар футболдук клуб түзүүнү ойлоп жатышкан. Ал кезде футбол жаӊыдан дүйнөгө белгилүү боло баштаган.
Клубду негиздеген студенттердин бири Энрико Канфари ал кезди минтип эскерет: «Футболдук клуб түзүү биздин кыялыбыз болчу. Башында 15ке жакын бала чогулган. Эӊ улуусу 17 жашта, калгандары 15ке чыга элек балдар. Мына ушинтип «Ювентустун» тарыхы башталган». Буга улай ылайыктуу имарат табышып, аны штаб-кеӊсе кылып ачышат. «Клуб түптөө эмес, ага аталыш ыйгаруу алда канча татаал болду. Бири демократ болсо, бири латын тилин жактырчу эмес. Талаш-тартыштын жыйынтыгында «Ювентус» деген ысымга токтолгонбуз».
МЫКТЫЛАРГА КОШУЛУУ
Жаӊыдан түзүлгөн клуб алгачкы расмий оюндарын XX кылымдын башында өткөрө баштайт. Алар бара-бара Италия чемпиондугуна да катышууга белсенишет. Турин шаарында белгилүү боло баштаган бул футболдук клуб 1926-жылы алгачкы чемпиондукту багынтат.
XX кылымдын ортосунан тарта «Ювентус» өлкөнүн дөө-шаа клубдары, мисалга алсак, «Милан», «Интер» сыяктуу командалар менен бирге негизги клубдардын бирине айланат. Бул кезде Дино Дзофф, Гаэтано Ширеа, Марко Тарделли деген сыяктуу оюнчулар мыкты оюн көргөзүп келишкен.
«Юве» 1985-жылы Чемпиондор Кубогунун финалында «Ливерпуль» менен кез келет. Бул оюнда фанаттар ортосунда ызы-чуу чыгып, 40ка жакын «синьора» күйөрмандарынын өлүмү менен аяктайт. Аталган оюнда «Ювентус» жарым коргоочусу Мишель Платини менен айырмаланып, Европадагы эӊ мыкты клуб аталышат. Мындан соӊ муундардын алмашуусунан улам, 10 жыл ичинде эч кандай ийгилик жарата алышпайт.
ЧЕМПИОН НААМЫН КАЙРА БАГЫНДЫРУУ
1994-жылы «Ювентуска» башкы машыктыруучу болуп Марчелло Липпи дайындалат. Ал өзү менен ийгилик формуласын кошо алып келген деп айтылат. Себеби «кары синьора» кайрадан Европада чаӊ сала баштайт. Өлкө чемпиондугун мындай кой, Чемпиондор Лигасына 4 жыл ичинде 3 жолу финалга чыгат. Биринчисинде «Аяксты» утса, калганында утулууга дуушар болот. Бул убактарда Зинедин Зидан, Филиппо Индзаги, Алессандро Дель Пьеро жана Эдгар Давидс негизги оюнчулар эле.
2006-жылы Италияда болуп көрбөгөндөй жаӊжал чыгат. Буга себеп – ал кездеги «Ювенин» башчысы Лучано Моджанын коррупцияга аралашкандыгы. Жыйынтыгында соттун чечими менен «кары синьора» 2005-2006-жылдардагы чемпиондук наамдардан куру жалак калып, клуб В сериясына (экинчи дивизион) айдалат. Бул өз кезегинде футболчуларга эмес, күйөрмандарга катуу сокку болуп, ким клуб үчүн күйөрүн айгинелейт. Клубдун лидерлери болгон Жиджи Буффон, Алессандро Дель Пьеро сыяктуу футболчулар командасын таштабай, аны кайра бир жылдан соӊ А сериясына чыгарышат.
БЕТТЕШҮҮ КЕЗЕГИ «БАРСЕЛОНАГА» ЖЕТТИ
«Ювентусту» кайрадан күчтүүлөр арасына кошкон адам – бул анын мурунку футболчусу Антонио Конте саналат. Ал 2011-жылы башкы машыктыруучу болуп келген соӊ клубду дароо чемпиондукка алып келет. Жалпы үч жолу катары менен Италиянын мыкты командасы кылат. Ал 2014-жылы улуттук курамдын башкы машыктыруучусу аталгандан тарта, командага Массимилиано Аллегри дайындалат. Андан көпчүлүк күмөн санаса да, ал быйылкы жылы Италия чемпиондугу менен бирге УЕФА Чемпиондор Лигасынын финалына дейре чыгара алды.
Быйылкы сезон аталган клуб үчүн өзгөчө болууда. «Ювентус» оюн талаасында көзгө толумдуу футбол көрсөтүү менен жигердүү жыйынтык алып келүүдө. Чемпиондор Лигасынын жарым финалында Андреа Пирло, Жиджи Буффон, Карлос Тевес башында турган футболчулар Клопптун «Боруссиясын», тырышчаак «Монакону» жеӊип чыгышты. Ошондой эле учурдагы Дүйнөнүн мыкты футболчусу Криштиану Роналдунун «Реалын» токтотушту. Эми кезек Лео Мессинин «Барселонасы»...
Кыcкача:
Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg