Акыркы кезде «Сагындыӊбы, мен да сагындым» деген саптары бар «Элегия», ошондой эле «Сиз жөнүндө», «Мен дүйнөнү апам менен тааныгам» аттуу ырлар элдин жүрөгүнөн орун алууда. Дал ушул чыгармалардын обондорун жараткан көп кырдуу талант ээси Түмөнбайды биз мына ошол кайрыктары аркылуу тааныдык окшойт.
ОБОНЧУ ЖӨНҮНДӨ
– Түмөнбай, жаш болгонуӊа карабай атыӊ да, обондоруӊ да салмактуу, жөн жерден эле обончу болуп калбасаӊ керек?
– Ооба, негизи мен 7 бир тууганмын, 3 кыз, төрт уулбуз. Апам 3 кыздан кийин агам Узакбайды төрөгөн экен. Ошондо атам «мен да жалгыз, уулум да жалгыз» деп ыйлап жүргөндө мен жарык дүйнөгө келгем. Атам «Ала-Тоо» журналынан Түмөнбай Байзаковдун «Кыргыз жери» деген ырын окуп аябай таасирлениптир. «Менин уулум да кыргыз жерин даӊктаган, белгилүү инсан болсун!» деп ушул ысымды ыйгарган экен.
Эми мен Байзаковдун деӊгээлине жетемби же жетпейминби, бирок акын боло албадым. Обончулукта өзүмдү сынап жүрөм. Биз үй-бүлөбүз менен жакшы ырдап, ырга жакынбыз. Бирок элге таанылганы мен элемин. Кичинекейимде атам экөөбүз Асанкалый Керимбаев, Рыспай Абдыкадыров, Түгөлбай Казаковдордун ырларын укчубуз. Ошол ырлар менен чоӊойгондуктан, сиз айткандай, салмактуу болуп калыптанып калсам керек.
– Жараткан обондоруӊду сатасыӊбы, айрымдар буйрутма менен музыка жазышат экен.
– Ушул кезге чейин бир да обонумду сата элекмин. Буга чейин сурагандардын баарына бекер эле бергем. Болгону аткаруучуларга «обонун бузбай, анан авторун айтып ырдагыла» деп талап коём. Мындай же тигиндей обон жазып бер деп кайрылгандар да бар. Тилекке каршы, жакшы текст тапмайынча менде эргүү жок. Өзүмө жаккан ырды тапканда гана ырахаттана обон жазам. Ошондуктан кайрылгандарга «мен жараткан обондорду карагыла, ылайыктуусу болсо, ырдай бергиле. Алдын ала буйрутма албайм» деп коём. Мен укмуш деп санаган обон айрым ырчылар үчүн түккө да татыбай калышы мүмкүн. Обондун бактысын атактуубу, жаӊы чыгып келе жаткан ырчыбы, ырдын ичине кирип ырдабаса жүрөккө жетиши күмөн. Ошондуктан атактуулардан кийинки атактуулар да бар экени талашсыз.
– Элге таанылып калдыӊ, жакшы жактары бар бекен?
– Жакшы, жаман жактары бирдей. Чыгармачыл чөйрө жаӊы баш багып келе жаткан кишини өзүнө сиӊириши өтө оор. Сөзсүз ушак-айыӊ, жакшы-жаман сөздөр тегеректеп жүрөт. Атактуулук элден алыстатып салат экен. Интрига деген нерсе бар тура. Илгери мен публикага чыкпай, обон жаратып эле жүрө берем дечүмүн. Айрым аткаруучулар ырдын обону меники экенин айтпай ырдашканда, укугум тебеленип жаткандай болду. Анан аккордеонумду көтөрүп, өзүм ырдап чыктым.
– Жараткан обондоруӊа сын айткандар да жок эместир?
– Адамдын жүзү ысык болот тура, мага келип түз айтпаса да, мен жок жерде аттуу-баштуу эле адамдар сын айтып жүрүшөт экен. Мен аларчылап дипломдуу музыкант эмесмин, Кудай берген талант менен музыка жазып жатам. Кайрыктарым көкүрөгүмдөн чыккан чыныгы обондор. Аны көркөмдөп, жасалгалаган жерим жок. Ошондой эле менин ишенген чыныгы сынчым деп атамды айтам. Биздин Көк-Таш айылыбызда 150 кишилик маданият үйү бар. Мындан 3 жыл мурун «элден бата алайын, айылыма концерт коюп барам» десем, атам колдоорун айткан. Анан концерт башталарда ачуусу келип калыптыр. «Сен өзүӊдү обончу катары сезип концерт коюп жатасыӊ. Ким айтты сени обончу деп? Ырларыӊды ким угат? Эл келбей койсо, менин кан басымым көтөрүлөт» деп атам концертиме келбей койгон. Андан кийин Ошто «Сагындыӊбы, мен да сагындым» деген аталышта концерт бердим, ага да келбей койду. Ата да кантсе да, эл келбей калса баласынын эл алдында томсоруп, бозоруп турганын көргүсү келбей, чочулады окшойт. Былтыр, быйыл концертиме катышып ыраазы болду. Жараткан обонумду алгач атама угузам, «жарайт!» десе ырдайм, болбосо жок.
– Кел, сүйүү темасында сүйлөшөлү. Чыгармачыл адам сүйүп турушу керек дейт...
– Мектепте, окуу жайда деле менин сүйүүм купуя бойдон калып калчу. Анткени тартынчаактыгымдан көп сүйүүмдөн куру калдым. Бирок сүйүү айтылганда күчү кетип калат экен.
– Демек, күчү кетип калат деп жубайыӊа да «сүйөм» деп айта элекмин дечи?
– (Күлүп) Сүйүү – бул баш кошконго чейинки эле процесс. Үйлөнгөндөн кийин үй-бүлөнү сүйүү эмес, жубайлар ортосундагы бири-бирине болгон ишеним сактайт деп ойлойм. Миӊ жалындап сүйсөӊ да ортодо ишеним болбосо, ал кызганычка айланып, кызганычтан уруш чыгып, курган үй-бүлөӊ урап калышы мүмкүн. Ошондуктан жубайымды таап, тааныштырган жакындарымдын сөзүнө ишенип, бир эле жолу көрүп, ага баш кошууну чечкем. Ошентип келинчегим менен экинчи жолу тоюбузда көрүштүк. Учурда Ырысбай, Ынакбай деген уулдарыбызды тарбиялап жатабыз.
– Жакшы, алдыдагы пландарыӊ менен бөлүшө кетсеӊ...
– Илимпоз катары илимимди өркүндөтсөм деген оюм бар. Филология илимдеринин кандидаты болгонума карабай, мени эл обончу катары тааныйт. Ошондуктан бүгүнкү күнү сөзү, обонун өздөрү жазып, ырдап чыккан, жеӊил-желпи музыкага өзгөртүү киргизишим керек. Кадимки Рыспай, Асанкалый, Түгөлбай, Жолболду, Токондон бери келе жаткан салмактуу музыканын улантуучусумун. Азыр кулактын ыры көбөйүп кетти. Угармандын табитин бузуп алганбыз. Асмандан келе жаткан тамчы «менин селге тиешем жок» деп ойлойт экен. Ошонун сыӊары ар бир ырчынын кыргыз музыкасына салымы, тиешеси бар.
Замира Рахманбердиева
star@super.kg