15-майда Жогорку Кеӊештин депутаты Карганбек Самаков коррупция беренеси боюнча шектелип, камакка алынды. Башкы прокуратуранын маалыматына таянсак, кылмыш иши 14-майда козголуп, Самаков Чүй облусунун Кара-Жыгач, Байтик жана Лебединовка айыл аймактарындагы 262 гектар жер тилкесин мыйзамсыз трансформациялоо (айдоо аянттарын үй салууга боло турган категорияга которуу) кылмышына айыпталган. Бул жер тилкелерин сатуудан депутат 8 миллион доллар пайда көргөнү да айтылууда.
Камалгандан аз өтпөй УКМКнын алдына депутаттын тарапташтары чогулушуп, колдоо көрсөтүү үчүн келишкенин билдиришти. Эртеси Самаковдун тарапташтары Башкы прокуратуранын алдына чогулуп, митинг өткөрүштү. Бул арада депутаттын уулу Кубанычбек Самаков айрым маалымат булактарына «Башкы прокуратурада иштеген жогорку кызмат адамынын акча талап кылуусу боюнча көрсөтмөӊдү өзгөртпөсөӊ, атаӊа же жакын туугандарыӊа карата башкача чараларды көрөбүз» деген чалуулар болгонун айтты. Эске салсак, март айында Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын жетекчиси Кылычбек Арпачиев 100 миӊ доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. Анда жеке ишкер прокуратуранын кызматкери кылмыш ишин токтотуу үчүн
200 миӊ доллар талап кылып жатканын айтып УКМКга кайрылып, пара бермекчи болгон ишкер Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаков экендиги маалымдалган болчу.
17-май күнү Октябрь райондук соту Карганбек Самаковду 2 айга үй камагына чыгарды. Ага Бишкек шаарынын Октябрь районунан чыгууга, чоочун адамдар менен сүйлөшүүгө, почта, интернет жана телефон аркылуу байланышууга, митинг жана маалымат жыйындарын өткөрүүгө, жашаган жеринен саат 20:00дөн 08:00гө чейин чыгууга тыюу салынды.
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg