СОКУЛУКТА БЕЛГИСИЗ КАН СОРГУЧ ЖАНДЫК ПАЙДА БОЛДУ

Жакында Сокулук районунда белгисиз жандык койлордун канын соруп, бир тобу кырылып калган. Койлорунан кол жууган тургундардын кээ бири жолбун иттер тиштеп өлтүрдү дешсе, ветеринария башкармалыгы малдардын канын ласка деген жандык соргон деп божомолдошууда.

«КҮРӨӨ ТАМЫРЫНАН КАНЫН СОРУПТУР»
Ырчы Бактияр Токторовдун айтымында, 12-майга караган түнү белгисиз жандык анын койлоруна кол салган:
– Эртеӊ мененки саат 8дерде келинчегим койлорго жем бергени барса, 7 кой бар эле, баары өлүп жатыптыр. Өлүктөрүн караганыбызда санындагы күрөө тамырын тиштеп канын соруптур, эки тиштин кирген изи турат. Кан соргон жаныбардын жаагы күчтүү окшойт, ошол жердеги эттери эзилип кетиптир. Мурда мындай окуя болгон эмес эле.

КОЙЛОР ИТТЕРГЕ ЖЕМ БОЛДУБУ?
Ал эми 13-майда белгисиз жаныбар ырчынын кошунасы Муратбек Өмүрбековдун 19 коюнун 10унун канын соруп өлтүрүп, 9 коюн жарадар кылган. Өлгөн койлордун арасында куйругу жулунган, карды жарылгандары да бар. Муратбек Өмүрбеков койлоруна жолбун иттер кол салса керек дейт:
– Эми майып болгон койлордун канчоосу өлөт билбейм. Койлорду сатып балдарымды үйлөнтөйүн дегем. Койлорго кол салган жолбун иттер болушу мүмкүн. Себеби дарбаза жактан дабыш чыкканда биз сыртка дароо чыга калсак, короодо 8 ит жүргөн. Үйдө 2 тайган бар эле, алар коркуп калышыптыр.

«КОЙЛОРДУ ЛАСКА ӨЛТҮРҮШҮ МҮМКҮН»
Сокулук райондук мамлекеттик ветеринария башкармалыгынын башчысы Кадыракун Анварбеков төмөнкүлөрдү билдирди:
– Койлордун тиштелгенин көрүп ласка деген кичинекей жырткыч жаныбар өлтүрүп кетти деп божомолдоп жатабыз. Анын тиши устаранын мизиндей курч келип, курмандыгынын кан тамырын кырча тиштегенде ал жаныбар кансырап өлөт. Андай малды жегенге болбойт. Арам өлгөн малдын эти негизи желбейт да. Кыргызстанда мурда да мындай окуялар катталган. Ат-Башы районунда, Чүй өрөөнүндө сүлөөсүндөр койлорго кол салган учур болгон. Өлгөн малды атайын малдарды көмгөн жерге алып барып көмүү зарыл. Учурда алдын алуу иштери боюнча аракеттер көрүлүп жатат. Биздин башкармалык айыл өкмөтүнө, тургундарга ласка менен кантип күрөшүү керектиги боюнча маалымат берди. Келемиш, чычкандарды жок кылуучу дарыларды ласканын ийиндерине салуу керек. Негизинен үй ээси малын көзөмөлгө алышы зарыл.

Ласка тууралуу маалымат:
Ласка – суусарлар түркүмүнө кирген жырткыч жаныбар. Салмагы 30-250 грамм, узундугу 16-26 сантиметр. Кыргызстандын бардык аймагында таралган. Көбүнчө кемирүүчүлөр көп болгон жерлерде жашашат. Ласка эӊ кичинекей жана эӊ күчтүү жырткыч деп эсептелет. Шамдагай, бат чуркап, сууда мыкты сүзгөн ласка агрессиялуу келип, кичинекей жаныбарлардын коркунучтуу душманы болуп саналат. Тырмагы абдан өткүр. Өзүнөн бир нече эсе чоӊ (кыргоол, коён, жылан) жаныбарды да өлтүрө алат. Бирок ласка негизинен чычкан, келемиш, момолой чычкандар менен тамактанып, аларды ийинине чейин кубалап кирип өлтүрөт. Ласка байыр алган үйдө кемирүүчүлөр бат эле жок болушат. Денесинин куйругу башталган жеринде жагымсыз жыттанган суюктук чыгарып туруучу бези бар. Көбүнчө март айында 3төн 10го чукул балдарын тууп, апрелден августка чейин багышат.
Ласка 17ден 30 жылга чейин жашайт. Бул жандык тууралуу үй-жаныбарларынын – уй, чочко, кой жана эчкилердин канын сорот, аттардын кулагына кирип кетсе кытыгылап жатып өлүмгө чейин жеткирет деген сөздөр бар. Бирок бул аныкталган эмес.

Кадимки чычкандан эки эсе чоӊ болгон ласка бир нече койду өлтүрүп койду деген чындыкка дал келбегендей. Кантсе да жакын арада койлорду өлтүргөн жаныбар аныкталып калат деп ишенебиз. 2014-жылы да Кочкор районунда белгисиз жандык пайда болуп, тооктордун жана койлордун канын соруп кетип жаткандыгы тууралуу маалымат тарап, кээ бири аны чупакабра, айрымдар жолбун иттер дешкен эле. Муну аӊчылык департаменти изилдөөгө алып, малдарынын каны сорулуп өлгөндүгүнө далилдер жок экендигин айтышкан. Мындан улам кой-тоокторду жолбун иттер өлтүрүп жатат деген жыйынтык чыккан.

Белгисиз жандык өлтүргөн койлор.

Динара Абдыкадырова
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Сокулук районунда белгисиз кан соргуч пайда болду
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (38)
myshka406
2015-05-26 09:48:40
мындай окуя Кыргызстанда мурда да катталган болсо, эмне учун адистер изилдеп (өздөрүнүн милдеттерин аткарышпайт)чыгышпай,өттү-кетти,унутулду кылышат!!!
0
talas_14
2015-05-26 10:16:00
Эң кыскасы жалкоолор, мал деле дүбүртөп маарайт эмне кырсык болсо да, булар просто катты уктайт окшойт, ушунча койду өлтүргөнчо карашпай койгонун карабайсынбы. короосу деле үйдөн алыс эмес экен.
0
kanat84
2015-05-26 10:55:13
жолбун иттерди жок кылса койлор аман калат
0
AFRODITA-89
2015-05-26 12:58:36
ааиий десе мынча жаман жаныбар бул окуп атып итиркейим келип атты как бутто жанымда тургансып, жаман болуптур кой ээлерине
0
Anara88
2015-05-26 14:43:50
бул арс чычкан болсо керек,мурда биздин айылда да ушундай пайда болгон тоокторду,индюктарды олтуруп кетет болчу. Бешиктие жаткан жаш балдаргада кол салчуу.
0
damir.1984
2015-05-27 01:13:50
Кантип кармай алышпайт ошону видео наблюдение койуш пабы ошондо корот эмне экенине.
0
Zakash
2015-05-27 02:05:45
Туура видео наблюдение койсо жакшы болмок бирок ласка маска дегенине ишенбедим анан жолбун иттер антип канын сорбойтда жесе жарып этин жейт эледа
0
roza.90
2015-05-27 02:16:36
Жолбун иттерди атуу керек,дегенге мен да кошулам,алардан ар кандай оору жугушу да мумкун.
0
kalbek87
2015-05-27 09:30:19
Бул ит эле, саясатташтырбагыла
+1
jypar.i
2015-05-28 22:40:15
kalbek87,ит качан койго кол салчу эле,андай болгондо да канын сорчу беле?
0
sarishka
2015-05-28 08:24:17
It kan sorboitta etin kosho jemekda
0
Ayka1994
2015-05-29 12:52:27
Ой тооба ушундай да болот бекен а биринчи суротун коруп корконумду айта. бул жонундо мен не дешти да билбей калдым. Болгону элге финансылык жактан -(минус) алып келиптирдаа
0
elmirakdg
2015-05-31 13:10:55
Кайдыгерлик кылбай ошол жандыктын артынан сая тушуп аныктоо керек. Кобойуп кеткенден кийин чара коруу кыйын болот.Созсуз эле адамдарга кол салып мына мен мындамын дегенде козголбой
0
Sultanim
2015-05-31 15:54:14
Негизи аз садака,чон кырсыктан сактайт. Садага,зекет бербей журо берсе,биринчи мал-мулкко,андан кийин жанга зыян келет. Биз кобунчо кырсыктагандан кийин, кудай откозуп калабыз.
0
samat0094
2015-06-01 04:16:24
Тез арада жоготущ кере мындай жырткычтарды кыргызыбыз озубуз онол албай журсок силерге не бар жебей эле калгылачы
0
samat0094
2015-06-01 04:17:57
Бул эмне деген шумдук, бундайлар керек эмес кой жегенге Адам жеген керек который Элдин Ырыскысын жеп алдагандарды
0
№ 655, 22-май-28-май, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан