«Кумар» тасмасындагы башкы ролду ойногон, Мирлан Баековдун «Ата тилеги», Данияр Эрматовдун «Кечир мени» аттуу клиптеринин көркүн ачкан актриса Калипа Усенованын үй-бүлөлүү экенин билчү белеӊиз? Көрсө, Калипа айым жаӊы жылдын алдында турмуш жолуна аттаныптыр. Учурда актриса кош бойлуу экен.
«Буюрса, күз айларында үй-бүлөбүз кичинекей наристеге көбөйөт. Толкунданып күтүп жатам» деген актрисага аман-эсен көз жарып алуусун каалайбыз.
Эске сала кетсек, анын биринчи турмушунан 9 жаштагы уулу бар.