12 жаштагы Руслан Съездбеков акылы тетик, сөзгө уста, мектептин алдыңкы окуучусу катары өнөрлүү бала экен. Ал 9 жашында шахмат боюнча өлкөдө биринчиликти багындырып, учурда эл аралык мелдештерде атаандаштарын артка таштап келет. Берген суроолорума ойлонуп жооп берип, маегибиз кызыктуу өттү.
- Салам, Руслан! Канча жаштасың, кайда окуйсуң?
- Саламатсызбы?! 12 жаштамын. Учурда №5-Улуттук компьютердик гимназияда 6-класстын математика багытында окуйм. Шахмат боюнча Кыргызстандагы эң жаш спорттун чеберимин. Чебердикке татыганда 9 жашта элем. Шахматтан сырткары искусствого кызыгам, дзюдо менен машыгам, каратэ боюнча да жашыл курдун ээсимин. Музыкалык аспаптарда ойнойм, көп тил үйрөнүүгө аракет жасап жатам.
- Убактың аябай тар окшойт. Бир күнүңдү кандай бөлүштүрөсүң? Үйгө жардам бергенге жетишесиңби?
- Чынын айтсам, үйгө жардам бергенге убактым тартыш. Шейшемби жана бейшемби күндөрү эртең менен туруп, музыкадан сабак алууга барам. Ал жактан комуз, фортепиано сыяктуу аспаптарда ойноого үйрөндүм. Хорго катышам. Андан соң спорттун дзюдо түрү боюнча уюшулган ийримге барып, ал жактан сабак алам. Аңгыча гимназияда сабак башталат. Ошентип кечинде үйгө келем. Үйдө 6 бир тууганбыз. Апам баарыбызга кам көрүп, үй жумуштарын кылууга да жетишет. Таштанды төккөнүм эле болбосо... Анан компьютерде көп отурам. Шахматтын түрдүү жолдорун үйрөтчү программалар бар. Машыктыруучум үйрөткөн ыкмаларды кайталап, үйдөн да машыгам.
- Кыргызстандагы эң кичинекей спорттун чебери экенсиң. Эң алгачкы ийгилигиң тууралуу айтып берчи.
- Атам шахматты 7 жашымда үйрөттү. Ошондон баштап чакан мелдештерге катыша баштадым. Биринчи мелдеште бир кыйын ойногон баладан утулуп, 3-орунду алып калдым. Кийин балдар арасында Кыргызстандын биринчилигин аныктоочу мелдешке катышып, баягы утулуп калган бала менен 9-оюнда кезигишип калдым. Көпкө созулган оюндан соң аны утуп, 9 жашымда спорттун чебери болдум.
- Шахматта кандай ыкмаларды эске аласың?
- Алдын ала бир нече жүрүштү эсептеп алыш үчүн көпкө чейин ойлонууга туура келет. Логика күчтүү болуш керек. Математиканы жакшы билиш зарыл го дейм. Ушул себептен да гимназиянын математика багытын тандап алгам.
- Бардык эле адамдар кыялданат да. Сенин кандай кыялдарың бар, келечекте ким болгуң келет?
- Шахмат боюнча мелдештерге катышып, бир нече өлкөлөргө чыгып келдим. Ал жактагы өнүккөн мамлекеттерди, шаарларды көрүп биздин Кыргызстан дагы бир учурларда ушундай өнүккөн мамлекетке айланат деп кыялданам. Ал үчүн биздей болгон балдар жакшы окуп, татыктуу билим алышы керек. Кошуна мамлекеттерди кууп жетип, алардан ашып өтүшүбүз керек. Мен келечекте каржы министри болсом деп кыялданам. Мамлекетке салым кошуш үчүн сөзсүз эле президент болуш керек эмес да. Эгер мен каржы министри болсом каражатты туура бөлүштүрүүгө, мугалим, врач, спортчуларга, жардамга муктаж адамдарга акчаны туура жана жеткиликтүү бөлүштүрмөкмүн. Башка өлкөлөргө чыкканда биздей шахматчыларын ар бир мамлекет абдан жакшы каржылап, бардык муктаждыктарын чечип беришет. А биз болсо өз каражатыбыз менен барып, анан колдоо жок эптеп кайтып келебиз. Спортчуларды колдоо - менин эң алгачкы кыялым. Мисалы жакында Сочи шаарына барып келдик. Ал шаардын мындан 5-6 жыл мурунку эле көрүнүшү менен азыркысын салыштырсаң тааныбайсың. «Дөңсөө шаар» деп коюшат экен. Эми ошол дөңсөө шаар спорт комплекстери, стадиондор, түрдүү спорттук оюндар өтүүчү жайларга толуптур.
- Чет өлкөгө көп чыгат экенсиң, кээде ошол жактарда калып окуп, жашап калууну пландабайсыңбы?
- Окуп келсе жакшы. Анткени мен башка өлкөгө мелдешке убактылуу чыкканда эле Кыргызстанды сагынып кетем. Окуп, билим алышым мүмкүн, биротоло калбайм. Мага биздин Кыргызстан эле жагат. Ата-энем, бир туугандарым, досторумдун бардыгы бул жакта, анан жылуу сыяктуу сезилет.
Руслан менен көпкө баарлаштым, анын таттуу кыялдары орундалчу болсо, Кыргызстан өнүккөн мамлекеттин катарын тез эле толуктачудай. Уулун ээрчитип келген атасы Създбек мырза дагы «баламан көптү үмүттөнөм, колдоо көрсөткөнүңүздөргө рахмат! Бул да болсо стимул болот, алгачкылардан болуп кол сунуп жатасыздар» деген оюн айтып, ыраазы болуп өттү.
Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg