ЮЛДУЗ УСМАНОВА КЫРГЫЗСТАНДЫН КОРООСУНА ДАГЫ ТАШ ЫРГЫТТЫ

Ушул аптанын башында интернетке кыргызстандыктардын кыжырдануусун жараткан бир видео тарады. Анда өзбекстандык ырчы Юлдуз Усманованын «Америка үнү» редакциясынын өзбек тилдүү бөлүмүнө Кыргызстан тууралуу берген маегинен үзүндү камтылган. Ырчынын айткан сөздөрү  көпчүлүктүн талкуусуна алынып, кескин ойлорду жаратууда.
2005-жылы болгон Өзбекстандагы Андижан окуясы жана 2010-жылы болгон Кыргызстандагы Июнь окуясы тууралуу козголгон маектин жүрүшүндө ырчы мындай дейт: «Бир жолу «Америка үнү» редакциясынан коңгуроо кылып калышты. Менден «Эмне үчүн Өзбекстанда Андижан окуясы орун алганда ырдабагансыз да, Кыргызстанда эмне болгонун билбей туруп, ал тууралуу ырдайсыз?» деп сурады. Анда мен: «Кыргызстанды мамлекет катары кабыл албайм. Ал мен үчүн бир "махалла" (ред. көчө), бир чайкана деген жооп узаттым...»
Эске салсак, 2010-жылы Юлдуз Усманова Июнь окуясына байланыштуу кыргыздарды кескин сындап ырдап чыккан болчу. Кыргызстандын тиешелүү органдары ырчыга карата кандайдыр бир чара көргөн эмес. Ал ырда эки элдин ортосуна от жагуу элементтери абдан ачык көрүнүп турганына карабай, ага карата билдирүү да жарыяланган эмес.
Каргашалуу июнь окуясынан бери 5 жыл өттү. Ал кандуу күндөрдү башынан өткөргөн Кыргызстандагы кыргыздар менен өзбектердин жарасы акырындап бүтүп бараткан маал. Ошондой учурда Юлдуз Усманова менен "Америка үнү" редакциясы эмне максатта ал теманы козгоп, кандай ой менен бул видео интернетке жүктөлдү? Эки элдин ортосуна от жаккысы келгендер дагы эле тынчый элекпи деген суроо жаралат...

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (164)
mig
2015-07-03 12:26:05
Бул ХХХ ХХХ
0
Drongo
2015-07-03 14:18:42
Ой,жердештерим ХХХ ХХХ Кыргызстаныбыз гулдоп,онугуп оркундоп осо берсин.ХХХ ХХХ
0
admin_media
2015-07-03 17:15:17
Drongo, mig, эскертүү!
Кимдир бирөөнү кемсинтип, мазактоого тыюу салынат!
0
admin_media
2015-07-03 17:16:10
ENGELSA,
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга жол берилбейт! Эскертүү сызыгыңыз толгондугуна байланыштуу түбөлүк БАНга!
0
aihan77
2015-07-03 17:30:25
Айтканынын да жону бар....Кочо толтура мусор,алкаш,тентимиштер толуп кеткен."Махалланын" озу эле болуп калдык.Же жолдорубуз онолбоду.Бишкектин жолунан анча мынча махалланын жолдору тегиз!Ким айтат Бишкек борбор деп?Жок дегенде кочого мусорлорду таштабай тазалыкты сактасак да болот эле....
-1
Nurgiza92
2015-07-03 23:02:03
Ushul yulduzga emne uchun mamlekettin atyna soz keltigendigi uchun myizam ishtebeit deimda. Emi ushul sozun ugushubuz kaldy ele uiat , okup kanym kainady kyrgyz namyskoi kalk bolgon, kaidagy bir ozbektin katynyna kuchu jetken adam jokbu ne......
0
marlen85
2015-07-04 14:25:41
бул кылганы туура эмес озу озбекстандан куулганына алеми ачып озбекстанга тийше албай бизге тийишип жатат
0
marlen85
2015-07-04 14:27:40
админ видиосун каерден корсок болот
0
sadolin
2015-07-04 23:30:56
Кыргыздардын балакетин алат бекен. Уну да жок же кебетеден жок.
+1
uulay
2015-07-05 14:20:56
Озу олсо олугу мекенине кирбешин билет бекен?Элинен куулган ... адамдын оозунан жакшы соз чыкмак беле...Кудай берсин жазасын
+2
unuver.ml
2015-07-06 02:22:31
Эми минтип карап олтура беребизда
0
lira.com
2015-07-06 11:25:54
ОЗУ Ошо кичине мамлекетине батпай ,Америкада журот дагы,суйлогонун !каарып аябай жудоп калыптыр бечара!
0
Feride-12
2015-07-06 17:53:38
ушул ХХХ ХХХ ХХХ
0
admin_media
2015-07-06 18:51:26
Feride-12,
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга жол берилбейт! 10 күн банга!
0
Feride-12
2015-07-06 17:54:18
озу ХХХ ХХХ
0
admin_media
2015-07-09 16:07:07
Feride-12,
Улуттар арасында талаш-тартышты жаратуучу пикирлерди калтырууга жол берилбейт! 10 күн банга!
0
Faina
2015-07-09 14:37:46
Окуугандан кийин ар кимдин кыжыры кайнайт эч ким анын ырын укпай калган ХХХ ХХХ
0
admin_media
2015-07-09 16:08:53
Faina,
Эскертүү! Кимдир бирөөнү мазактоодон алыс болуңуз!
0
Aidarchik96
2015-08-17 21:45:13
Сыймык байкеге рахмат оштл гана ага жооп берет
0
№ 660, 26-июнь-2-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан