ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (27-июлдан 2-августка чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Алдыӊызда чоӊ сыноо турат. Анткени бир орунда туруп калууну каалабайсыз, ал эми алдыга жылууда күтүлбөгөн кырдаалдар чыгат. Андыктан тоскоолдуктарга туруштук берүү менен, өз позицияӊызды сактап калууӊуз талап кылынат. Тамак-аш же буюм-тайым сатып алууда акчаны үнөмдөӊүз. Антпесе максат кылып жүргөн чоӊ нерсеӊизди жакын арада ала албай каласыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Сизди активдүү апта күтөт. Иштер боюнча жүгүрүп, оор нерселерди да ташууга туура келет. Анча-мынчага майда деп көӊүл бурбай койсоӊуз, материалдык чыгым тартып калууӊуз мүмкүн. Андыктан баарына кылдат мамиле жасооӊуз зарыл. Керек учурда ишенген адамыӊызга кеӊешүү үчүн кайрылганыӊыз туура. Апта аягында ата-энеӊиз же балаӊыз менен маанилүү сүйлөшүүлөр күтүлөт.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Жашооӊузда кара тилкелер башталган сымал бардыгына нааразылык жаралат. Чындыгында жашооӊуз мактанарлык эмес, ошол эле учурда элден төмөн да эмес. Аракет кылсаӊыз эле ишиӊиз өргө жылмакчы. Маанилүү маселелерди чечүүдө жети өлчөп, бир кесиӊиз. Досторго жакыныраак болуӊуз, алар сөзсүз колдоо көрсөтүшөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жакшы перспективалар күтүүдө, бирок каалооӊуз менен идеяӊыздын курмандыгы болуп көп нерселерден кол жууп калбаӊыз. Конкреттүү аракет менен реалдуу максаттарга умтулуӊуз. Ишке оӊой менен ашпай турган кыялдарды жыйыштырыӊыз. Жылдыздар материалдык абалыӊыз оӊоло тургандыгын кабарлашат. Кошумча акча булагын табуу жолун таанышыӊыз көрсөтөт.

АРСТАН (23.07-23.08)
Аптанын башы жеке калып ойлонууга, өзүӊүздү таанууга, жаӊы нерселерди үйрөнүүгө ыӊгайлуу. Романтикалык жолугушууну уюштуруу планыӊыз ийгилик алып келбейт. Аптанын экинчи жарымында бирөөлөрдү башкарууга, аларга үн көтөрүүгө жетпеӊиз. Болбосо чырдын себепчиси болосуз. Апта аягында бирөөлөр сиз аркылуу бир ишин бүтүргүсү келет, абалга карата чечиӊиз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Өткөн аптадагы көп иштөөӊүз сизди чарчатып, өзүӊүздү жакшы сезбөөӊүз ыктымал. Андыктан убакытты өзүӊүз үчүн колдонууга аракет кылыӊыз. Чыгармачылык менен үйүӊүз үчүн бир нерселерди жасоо тилегиӊиз ишке ашат. Кызыктуу адамдар менен таанышып, чөйрөӊүз кеӊейет. Апта аягында чакан кечеге катышуудан тышкары тегерек-четти тазалоо иштери менен алаксыйсыз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптанын башында материалдык абалыӊыз бир калыпта жана жан дүйнөӊүз теӊ салмакта болот. Унутулган достордон кабар аласыз. Апта ортосунда шашылыш иштер менен жолго чыгууӊуз ыктымал. Апта аягында сизди жаӊы сезимдер, жаӊы байланыштар күтөт. Бул сизди маанилүү иштерден алаксытып, капчыгыӊыздын жукара башташын шарттайт.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Эмоцияларга бай апта болмокчу. Романтикалык окуя, жагымдуу таасирлер... Бирок сезимдердин кулуна айланып, баалуу буюмуӊузду бир жакка унутуп таштап койбоӊуз. Бойдоктордун кээ бирлери нике сарайынын эшигин атташат. Иште кызмат орундар өзгөрүп, бул жаатта катуу талаш-тартыш болот, сиз нейтралдуу позицияны карманыӊыз. Карыздарды кайтарып берүү мезгили жеткенин унутпаӊыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Алдыда сизди эмне күтүп турганын билбей, жаӊы жолдо бара жаткан кезиӊиз. Сизге ишенимдүү жаӊы дос (шерик) табылып, ал жолуӊуздун туура же туура эместигин белгилеп берет. Ушундан улам эскилерден баш тартып, жаӊыча жашоого кадам таштоону көздөйсүз. Апта аягында жол эрежелерин сактап, кырсык жарала турган жерлерден алыс болуӊуз.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Майда жагымсыз кырдаалдар чыгат. Эмоцияга алдырып, өзүӊүздү жаманатты кылууга жетпей, куулук менен кызыл тилдүүлүктү колдонуӊуз. Акча топтоо үчүн башка жумуш караштырууӊуз ыктымал. Канчалык оор болуп жатканына карабай, баштаган иштериӊизди аягына чыгарыӊыз. Болбосо кийинки аптада өзүӊүзгө эле кыйын. Кырсыкка кабылбоо үчүн ысык суу, электр приборлорунан этият болуӊуз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жашооӊуз бир калыпта өтүп жаткандыктанбы, айтор, сизге жашоо кызыксыздай сезилген мезгил. Күнүмдүк көр тириликти жыйыштырып, достор менен эс алыӊыз, саякаттаӊыз. Үйдү оӊдоп-түзөөнү адистерге табыштаганыӊыз оӊ. Чала тааныш адамдардын сиздин ишенимиӊизге кирүүсүнө жол бербеӊиз. Апта аягында сизден көп нерселерди талап кылуучу иш-чарага же тойго катышасыз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Жетишкен ийгиликтериӊизге ыраазы болбой, жаӊы бийиктиктерди багындырууну көксөйсүз. Бирок жолун жакшы таба албай, өзүӊүзгө кыйынчылык гана арттырууӊуз ыктымал. Андыктан азырынча жашоонун агымы менен боло турганыӊыз оӊ. Апта ортосунда ушак сөзгө каласыз. Үйдө эмеректердин ордун алмаштыруу, бөлмө ичтерин желдетүү сыяктуу жумуштар чыгат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 664, 24-июль-30-июль, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан