Учурда түштүк жергесинде окуучулардан тартып улгайгандарга чейин гавар өсүмдүгүн терип өткөрүп, акча таап жаткан кездери. Ал эмне болгон өсүмдүк? Эмнеге колдонулат? Кайда экспорттолот? Өзүбүз пайдалансак болобу? Жооп таап көрөлү.
«БИЗДЕ КАПЕРС САРЫ ТОПУРАКТУУ АДЫРЛАРДА ӨСӨТ»
Мыскалай Ганыбаева, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын Биология-топурак таануу институтунун флора лабораториясынын улуу илимий кызматкери:
– Эл оозунда «гавар» деп айтылып жүргөн өсүмдүктүн илимий аталышы – каперс (латынча сapparis). Жапайы өсүүчү өсүмдүк катары белгилүү. Мекени Түндүк Африка, Азия жана Түштүк Европа, Франция, Италия, Индия, Греция, Сирия, Түркия, Армения жана башка өлкөлөрдө таралган жана тамак-ашка колдонулат.
Жер жүзүндө 300гө жакын түрү кездешет. Кыргызстанда 1 гана түрү бар жана сары топурактуу адырларда өсөт. Узундугу 1-1,5 метрге чейин жетип, жерге төшөлүп өсүүчү тикенектүү, көп жылдык өсүмдүк. Май-июль аралыктарында гүлдөп, июль-август айларында уруктайт. Мөмөсү клетчаткага, органикалык кычкылдарга жана витаминдерге бай. Ачыла элек гүлүндө белок, май, кальций, магний, йод жана витаминдер бар. Уругунан май алынып, массаж жасоодо колдонулат. Тамыры элдик медицинада дары катары пайдаланылат.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көп аймактарында, ал эми Талас менен Чүй облусунун айрым гана жерлеринде кездешет. Нарын, Ысык-Көл облустарында өспөйт. Койлор жана төөлөр жешет.
Чүйдүн Боз-Бөлтөк тоосунда (Бишкекке жакын тоо) өскөндөрүн көрүп жүрөбүз. Каалоочулар түштүк аймагында пахта өсүүчү талаалардын ордуна уругунан эгип, маданий түрдө өстүрүшсө болот.
ЭЛДИК МЕДИЦИНАДА
Эскертүү: Өз алдынча колдонуудан мурда врачтан кеӊеш алыӊыз.
«ЖАКШЫ ТЕРГЕНДЕР КҮНҮНӨ 700 СОМДОЙ ТАБЫШАТ»
Түштүк жергесинде каперсти дүӊүнөн алып, кайра өткөзүүчүлөрдүн бири, Жалал-Абад шаарынын тургуну Гүлзат Эрматова менен байланыштык.
– Мен 3 жылдан бери элден гавар алып, кайра Түркиядан келген компанияга өткөзүп иштейм. Гавар терүү сезону башталгандан тартып биз, дүӊүнөн алуучулар көбүнчө Сузак, Кара-Суу, Базар-Коргон, Өзгөн, Ноокен, Араван райондорундагы айылдарды жана Кочкор-Ата, Жалал-Абад, Ош жана Майлуу-Суу шаарларын кыдырып, ар жерлерге кабыл алуу түйүндөрүн ачабыз. Ал жерде иштей турган адамдарга мүшөк, акча, тараза таштайбыз. Алар бизге элден гаварды чогултуп беришет. Ачыла элек гүлүнүн килограммын 60 сомдун тегерегинде алышып, бизге 65 сомдон өткөрүшүүдө. Биз үстүнө 5 сомдон кошуп өткөрөбүз. Ал эми быша элек көк мөмөсүнүн килограммы
25 сомдун тегереги болууда. Гаварды эл адырлардан теришүүдө. Жакшы тергендери 1 күндө 15-20 килограммга, ал эми мектеп окуучулары 5-6 килограммга чейин терип, мектеп формаларына акча табышууда. Өсүмдүктүн тикени сайбасын деп кол кап кийип тергендери бар. Кээ бирлеринин колдору аллергия болуп кетүүдө.
Гавардын диаметри 6-8 миллиметр келген ачыла элек гүлү сапаттуу деп кымбат бааланат. Андан чоӊдору кабыл алынбайт.
Мен күнүгө 1 тоннадай өткөзүп жатам. Чогулган гавардын ачыла элек гүлү соолубай формасын сакташы үчүн 10 килограмм гаварга 1 килограмм туз сээп коюшат. Болбосо 1 аптадан кийин соолуп, былжырай баштайт. Айрым түрк компаниясынын кызматкерлери гавардын көк мөмөсү Түркияга сапатын жоготпой жетсин деп алгач сууда өӊү саргайгыча кармашат. Анан бочкаларга салып, үстүнө туздан салып, суудан куюп жөнөтүшүүдө. Ачыла элек гүлүнө тузду жөн эле себелеп коюп жөнөтүп жатышат. Түркияга алып барышкан соӊ аларды банкаларда маринаддап, туздап Европага, анын ичинде Испанияга да экспорттошот экен. 1 килограмм туздалган ачыла элек гүлү 20-25, ал эми көк мөмөсү 8-11 долларды түзөт дешет.
Эл ичинде колу-бутка суук тийгенди айыктырат деп колдонгондор бар. Гаварды сууга кайнатып, дакини ал сууга нымдап, ооруган жерге компресс кылып тартышат. Богокко каршы да колдонот деп угам. Биз азырынча гаварды жебегенибиз менен акырындап аларды маринаддап, туздаганды үйрөнүп, колдоно баштайбыз го деп ойлойм.
«ТҮРКИЯГА 899 ТОННА КАПЕРС ЭКСПОРТТОЛДУ»
Асылбек Жумабеков, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Азык-түлүк коопсуздугу жана агромаркетинг саясат башкармалыгынын башчысы:
– Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда азыр элден каперс алып, кайра Түркияга жөнөтүп жаткан түркиялык бир чоӊ компания иштеп жатат. 1-23-июль аралыгында ал компания Түркияга 899 тонна каперс жөнөткөн.
КУЛИНАРИЯДА
Ачыла элек гүлүн жана көк мөмөсүн бадыраӊ сымал эле туздашат, маринаддашат. Аларды майонез, соус даярдоо үчүн колдонушат. Ошондой эле балыктын, малдын жана канаттуулардын этинен, жумурткадан жасалган тамактарга, салаттарга кошушат.
Канымжан Усупбекова
koom@super.kg