«БАКТЫБЕКТИ КӨРГӨН-БИЛГЕНДЕР БАРБЫ?»
– 14-июлда Бишкек шаарындагы Учкун кичирайонунан уулум Бактыбек Өмүралиев чыгып кеткен боюнча дайыны жок. Бою 170 сантиметр, арык, өӊү сары бала. Бетинде жыгылгандан калган тактары бар. Ошол күнү кийип жүргөн кийимдери көк түстүү жинсы шым, ак-кара, жол-жол көйнөк, башында ак топу жана бутунда слансы менен чыгып кеткен. Эпилепсия менен ооруйт. Ошондуктан жүргөн жерлерин эсинен чыгарып коёт. Издеп, элден сураштырсак, акыркы жолу мечиттен көргөндөр болуптур. «Үйүн таппай издеп жүрүшкөн» дешти. Көргөн-билгендер болсо 0779188040; 0701811480 телефон номурларына чалып койсоӊуздар.
Апасы Сабира
«АПАМДЫН КУРБУСУН ИЗДЕЙМ»
– Саламатсыздарбы, «Супер-Инфо» гезитинин жалпы жамааты? Мен апамдын курбусу Жылдыз Абдыраимованы издеп жатам. Апам экөө 2001-жылы Жалал-Абад шаарында эже-сиӊди болуп чогуу жашашкан экен. Азыр аны менен жолугуп, сүйлөшкүм келет.
Марзия Сатарова.
Тел.: 0777124909, 0701508574.
Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыӊызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоӊуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыӊыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көрсөтүлүүгө тийиш.
Тел.: (0312) 32-33-28