ЭНУРЕЗ – УКТАП ЖАТЫП ЗААРА КЫЛУУ

Таӊ ата төшөгүнүн суусунан ойгонгон баланын биринчи ойлогон ою: «бүгүн да сийип коюптурмун, эми апам дагы урушат...» Чоӊойгон баланын төшөккө заара ушатуусун кемчилик же эркелик катары көрүп, анын дарт экенине назар сала бербейбиз. Билинбегени менен элдин калыӊ катмарына тараган бул оору – энурез деп аталат.

Айзада Суранчиева, 28 жашта: «ТӨШӨГҮМ СУУ БОЛУП, ҮШҮГӨНҮМДӨН ОЙГОНЧУМУН»
– Мен 14 жашка чыккыча түнкүсүн төшөккө сийип коюп жүрдүм. Кээ бир күндөрү эле төшөгүм кургак калбаса, көбүнчө суу болуп, үшүгөнүмдөн ойгончумун. Мунун оору экенин билбейм да, ата-энем деле дарыгерлерге көрсөткөн эмес. Эс тарткан сайын уялып, өзүмдү күнөөлүү сезип, чүнчүп кеткем. Конокко барганда «өз үйүмө кетем» деп конбогонго аракет кылам. Кеч киргенде эле маанайым түшчү, суюктук ичпей жатсам деле заара ушатып койчумун. Жакшы жери, үйдөгүлөр менин сийгектигимди эч кимге айтышчу эмес. Апам табарсыгыма сарымсак менен койдун майын аралаштырып сүйкөп, дагы башка ырым-жырымдарды кылчу. Эмнеден улам токтогонун билбейм, бирок 8-класстан кийин гана басылды. Ага чейин кандай гана азап жебедим.

«ЭНУРЕЗ ЧОӉ КИШИЛЕРДЕ ДА КЕЗДЕШЕТ»
Энурез дарты тууралуу №2-Үй-бүлөлүк бейтапкананын уролог-врачы Тилек Муратов кенен маалымат берди:
– Энурез (enureo) – грек тилинен которгондо «сийип коюу» дегенди түшүндүрөт. Бул оору менен жабыркаган бала уктап жатканда өзүн-өзү башкара албай заара ушатып коёт. Негизинен, энурез күндүзгү жана кечки (кээ бир балдар күндүзү уктап жатканда, айрымдар түнкү уйку учурунда сийип коюшат) деген топторго бөлүнөт. Эгер ата-энеси экөө теӊ энурез менен ооруган болсо, баланын бул дартка кабылуу мүмкүндүгү 80-90 пайыз. Ал эми атасы же энеси эле ооруган болсо, дарттын балага өтүүсү 30-40 пайызды түзөт. Бала төрөлгөндөн баштап табарсык калыбына келгиче, башкача айтканда, 6 айга чейин энурез менен ооруганы билинбейт. 6 айдан кийин бала сийгиси келгенде чукуранып же ыйлап белги бере баштайт. Эгер эч кандай белги бербесе анда врачка текшерилип коюу ашыкча болбойт. Энурез дарты менен төрөлгөндөн баштап (айрымдары кандайдыр бир себептерден улам чоӊойгондо деле) оорушат, бирок 2-3 жаштан кийин гана маани бериле баштайт. Бул дарт менен мынча жаштан мынчага чейинкилер ооруйт деген чектөө жок, чоӊ кишилерде да кездешет.

Бала энурез менен жабыркаганын билүү үчүн?
Алгач өзү жашаган аймактагы педиатрга көрүнүү зарыл. Врач энурез экенин аныктаса, дарттын келип чыгуу себебине жараша балдар урологуна же эндокринолог, невропатолог, психотерапевтке жиберет.

Дарылоо:

  • Пайда болуу себебине жараша дарт аныкталгандан кийин гана тиешелүү дарыларды берүү зарыл. Инфекциянын негизинде болсо инфекцияга каршы, психологиялык болсо ага каршы дарыларды ичириӊиз. Өзүм билемдик кылып көрүнгөн дарыны берсе майып болуп калышы мүмкүн.
  • Сөзсүз түрдө комплекстүү дарылоодон (физиодарылоо жана башка) өткөрүӊүз. Ошондо гана толук айыгууга болот.
  • Тамак-ашка режим киргизүү. Суюктукту жатарга 2-3 саат калганда бербеӊиз. Кечки менюдан газдалган суусундуктарды, заара айдоочу суюктуктарды, айран, сүт, жер-жемиштерди алып салган оӊ.
  • Түнкүсүн ар дайым бир убакта ойготуп (бала толугу менен ойгонгонун сезиши үчүн аны менен сүйлөшүү керек), заара кылдырып, баладагы «туруу керек» деген рефлексти пайда кылуу керек.
  • Тазалык. Энурез менен ооруган баланын төшөнчү-орунчусун, кийимин жууп-тазалап, бөлмөсүн желдетип туруӊуз. Бала бөлмөгө киргенде жагымсыз жыт болбошу керек. Досторун киргизгенде корунбай, коркпой, өзүн алар менен теӊ сезгенге шарт түзүү кажет.

Элнура Мусанаева, психолог: «ӨЗ ӨМҮРҮНӨ КОЛ САЛЫШЫ МҮМКҮН»
– Уктап жатканда төшөгүнө сийип коюу өтө оор маселе. Ким үчүн? Эӊ алгач оорулуу адам үчүн. Өзгөчө акыл-эси токтолуп, айланасындагылардын ою менен эсептешип калган бала төшөккө заара ушатып коюп жүрсө өзүн-өзү күнөөлөп, башкалардан кем сезе баштайт. Бул, албетте, анын депрессияга түшүп, психикасынын жабыркашына алып келет. Адам түнт тартып, көпчүлүктөн качып жалгыздыкка ыктайт. Айрым учурда өз өмүрүнө кол салууга чейин барат.

  • Мындай оор кесепеттердин алдын алуу үчүн балага ата-энесинин, бир туугандарынын түшүнүүсү, колдоосу керектелет.
  • Бала башкаларга шылдыӊ, келеке болбосу үчүн үй-бүлө мүчөлөрү анын төшөккө заара кылып коё тургандыгын айтпашы керек.
  • Эгер башкаларга билинип калган учурда да бул жөн гана дарт экенин, мындай оору менен жабыркагандардын саны көп экенин, балада күнөө жоктугун түшүндүрүү зарыл. Мисалы, «баланчанын башы, тигинин буту ооруйт, сен болсо энурез дарты менен жабыркайсыӊ» деген сыяктуу. Ооруну эч ким атайын тилеп же буйрутма менен албайт да, муну жакындары өздөрү да түшүнүп, ашыкча тамашалагандан алыс болушу шарт.
  • Оорулуу баланы урушуп, сийгектигин баса белгилеп кагып-силкип, опузалап коркутуу такыр болбойт. Андан көрө врач менен кеӊешип, кандай карап, кантип кам көрүү тууралуу көрсөтмө алгандары оӊ.
  • Баладагы жоопкерчилик сезимин ойготуу үчүн телефондун «будильнигин» белгилүү убакытка коюп, «телефондон музыка чыкканда өзүӊ туруп заара кылышыӊ керек» деп үйрөтсөӊүз болот.
Бала уктаарга 2-3 саат калганда организмди эс алууга даярдоо керек. Телевизордон алыстатып, активдүү оюндарды ойнотпой, кызыктуу окуя, жомок айтып же акырын ырдап убакыт өткөрүүгө аракет кылуу зарыл.

Асыл Орозбекова
densooluk@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
jakuta
2015-09-21 13:24:10
Рахмат, Жакшы кенеш!
0
jakuta
2015-09-21 13:24:50
Рахмат Жакшы кенеш!
0
dian
2015-09-21 16:52:37
мм жакшы кеңештер экен билип алганга ашыкча эмес.рахмат суперчилер
0
amore92
2015-09-21 22:03:07
А кантип алдын алуу керек?
0
Alina1984
2015-09-22 14:20:34
Менин кызым учун жашта,тун
0
ayko24
2015-09-23 13:23:47
Бир, эки ай алдын жазган катыма жооп чыгыптыр деп суйунуп ачсам дале чыкпаганын карачы, деги кандай адамдардын суроосуна жооп алып бересиздер супер инфо жамааты. Ушул энурезден канча дарыласам да балам дале сийгенин жазган элем.
-2
Altynym
2015-09-23 13:46:43
ayko24, кечиресиз, бирок кызыктай суроо бериптирсиз го. Супер бизге ушундай оору бар, врачка барып кайрылгыла, себептери мобул болушу мумкун деп маалымат бергенине рахмат чон. Ал эми дарылоо жагын врачтар, ата-энеси сиз камсыздашыныз керек да. Журналисттер врач же көзү ачык болсо бир жөн.
+1
ayko24
2015-09-27 18:05:58
Altynym, Ошо врачтарга бара берип эч кандай жыйынтык болбогонун жазгам, сен билбей туруп суроомун кандай экенин кайдан билмексин. Ошол супер инфого койгойлору менен тен болушуп кенешин сурагандар мен эле эмесмин.
0
Asylbek.1978
2015-09-23 17:49:50
Рахмат суперчилер.жакшы кенештер экен
0
torik2292
2015-09-24 20:34:40
жакшы кенештер екен мен да сийип койчумун коп суу кчип ойноп койгон кундору бирок кийин атпей калдым суук тийгенден да болушу мумкун.
0
Syiyy28
2015-09-27 05:40:47
Мен дагы тошоко сийип койчумда уялбай Эле корсо оору турбайбы ээ каап билбептирмин
0
tahmina_1
2015-09-30 09:17:23
Саламатсызбы? супер инфо сиздерден сураныч гинекология жактан кимге ? кантип? суроо берип жооп алам?
0
admin_superstan
2015-09-30 10:11:46
tahmina_1, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүп тема ачыңыз:
http://www.super.kg/superstan/index.php?showforum=131
Же kenesh@super.kg электрондук дарегине кат жазыңыз.
0
jalguzum
2018-08-11 05:32:02
Менин чон балам 5те кичинем 3жашта экоотен сийип коет козу жумулса сразу сиет. Жакшы кенеш берипсинер
0
№ 672, 18-сентябрь-24-сентябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан