3 ЖӨӨ КҮЛҮК, ЖАЛГЫЗ БАЛБАН. ОЛИМПИАДАГА ЖОЛДОМО АЛГАН СПОРТЧУЛАР

Дүйнөдөгү эӊ кызыктуу спорттук иш-чаралардын бири – Олимпиада оюндарынын башталарына бир жылга жетпеген убакыт калды. Ошондуктан аталган оюндарга лицензия алчу мелдештер кызуу жүрүп жаткан кез. Мекенибиздин спортчулары да мелдештерге катышып, 4 спортчубуз алгачкы жолдомолорду алууга жетишишти.

Жеӊил атлетика

Аты-жөнү – Дарья Маслова
Жашы – 20
Жетишкендиктери – 5000 метр аралыкта Жайкы Универсиадада коло медаль (Кванжу-2015), жаштар арасында Азия чемпиону (Тайпей-2014), Азия чемпиондугунда коло байге (Узань-2015). Эл аралык класстагы спорт чебери.

«Москва-1980» Олимпиадасында алтын медаль тагынган айтылуу Татьяна Колпакованын ордун басуучу катары дал ушул кыз айтылып келет. Ысык-Көлдө туулуп-өскөн Дарья Дене тарбия жана спорт академиясында билим алат. Ал жаштайынан олуттуу көрсөткүчтөрдү багынтып, көптү үмүттөндүрүп келүүдө.
Дарья Олимпиадага жолдомо алуу үчүн Ташкент шаарында жеӊил атлетика боюнча Өзбекстандын Ачык биринчилигине катышып, 10 чакырымга чуркоо боюнча күчүн сынаган. Анда аталган аралыкты 32 мүнөт 14 секундада басып өтүп, 2-орун менен кошо Олимпиадалык ченемин толтура алды.
«Өзүм Ысык-Көлдүн Пржевальск-Пристань айылынан болом. Мектепти бүткөн соӊ Дене тарбия жана спорт академиясында чуркоо менен олуттуу машыга баштагам. Олимпиадага катышуу – менин эӊ алгачкы максаттарымдын бири. «Рио-де-Жанейро-2016» оюндары мен үчүн тажрыйба топтоо гана болбостон, өз деӊгээлимди жогорку тепкичке чыгаруу болуп саналат. Спортто ийгилик 99 пайыз машыгуу жана өжөрлүктөн турса, калган 1 пайызы сенин физикалык көрсөткүчүӊ. Бул Олимпиаданы чыдамсыздык менен күтүп, даярдыктарды көрүү менен алекмин»,- деп билдирет жаш спортчу.

Жеӊил атлетика

Аты-жөнү – Мария Коробицкая
Жашы – 25
Жетишкендиктери – Эл аралык Ысык-Көл марафонунун жеӊүүчүсү (2012-жыл), «SIM-2015» Сибирь марафонунда коло медаль (2015-жыл).

Дагы бир кыргызстандык жөө күлүк Мария Коробицкая «Рио-де-Жанейро-2016» Олимпиадасына жолдомо алууга жетишти. Аталган спортчубуз Дене тарбия жана спорт академиясынын бүтүрүүчүсү. Мария узак аралыкка чуркап, марафон мелдештерине катышып келет.
Ал ушул жылдын сентябрь айында Омск шаарында өткөн Сибирь марафонуна катышып, ийгиликке жетишти. Анда кыргызстандык жөө күлүк 42 чакырым 195 метр аралыкта 3-орунду камсыздады. Бул көрсөткүч менен Олимпиада ченемин толтуруп, жыйынтыгында «Рио-де-Жанейро-2016» оюндарына катышууга укук алды.
Олимпиада оюндары Мариянын өздүк карьерасында ири мелдеш саналып, тажрыйба топтоо үчүн зор мүмкүнчүлүк болоруна шек жок.

Жеӊил атлетика

Аты-жөнү – Юлия Андреева (Архипова)
Жашы – 31
Жетишкендиктери – Балтимор марафонунун жеӊүүчүсү (2009-жыл). «Пекин-2008» жана «Лондон-2012» Олимпиадаларынын катышуучусу. Эл аралык класстагы спорт чебери.

«Рио-де-Жанейро-2016» Олимпиадасына алгачкы катышуу укугун Кыргызстандын белгилүү күлүгү Юлия Андреева алган. Ал ушул жылдын май айында Чехиядагы марафондо 2 саат 37 мүнөт 37 секундада келе алган (Олимпиададагы көрсөткүчү 2 саат 44 мүнөт эле).
Марафончу биринчи жолу 14 жашында жеӊил атлетикага баш баккан. Машыктыруучулар Юлиянын узак аралыкка чуркоого ылайыктуу экенин баамдашып, жыйынтыгында ал марафонго да катыша баштаган. Юлия Пекинде (58-орун) жана Лондондо өткөн Олимпиадаларга (60-орун) катышууга жетишкен.
Жашы 30дан ашса да, жаштардан озууга кудурети жеткен Юлия Андреева кыргыз марафонунун күзгүсү болуп келет. Андыктан Бразилияда өзүнүн мыкты жагын көрсөтө алат деген ишеним чоӊ.

Грек-рим күрөшү

Аты-жөнү – Арсен Эралиев
Жашы – 28
Туулган жери – Бакай-Ата району, Өзгөрүш айылы
Бою – 168 сантиметр
Салмагы – 59 килограмм
Жетишкендиктери – Азия чемпиону (Ташкент, 2011-жыл), «Лондон-2012» Олимпиадасынын катышуучусу. Грек-рим күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери.

Олимпиада оюндарында кыргыз эли медалдарды алгач эле балбандарыбыздан күтүп келет. Ооба, чындыгында, балбандарыбыз дүйнө жүзүндө мыктылардын катарында экени талашсыз. «Пекин-2008» оюндарындагы Канатбек Бегалиев менен Руслан Түмөнбаевдин ийгиликтери али эсибизден кете элек. Бразилияда өтчү оюндарга балбандардан биринчи болуп Арсен Эралиев жолдомо алды. Ал сентябрь айында Лас-Вегаста өткөн Дүйнөлүк чемпиондукта мыкты беш балбандын катарына кире алган. Арсен Эралиев бул тууралуу өз пикири менен ой бөлүшүп өттү:
– Дүйнөлүк чемпиондукка аты айтып тургандай, дүйнөнүн мыктылары гана катышат. Андыктан бул мелдеште медалга илинүү эмес, жолдомо алуу оӊойго турган жок. Медаль утууга мүмкүнчүлүк бар болчу, бирок жарым финалда азербайжандык күчтүү балбанга алдырып жибердим. Жыйынтыгында 5-орунга татып, Олимпиадага жолдомо ала алдым.
Бул негизги максатым болчу, кыялымды орундатуудагы алгачкы кадам. Эми Олимпиада оюндарына болгон күчүмдү жумшап даярданып, медаль утууга аракет кылам.

Олимпиадага 1 жылга жетпеген убакыт калганда азырынча Кыргызстандын куржунунда аталган оюндарга 4 жолдомо бар. Дагы балбандарда, мушкерлерде жана кайык менен жарышуучу спортчуларыбызда лицензия алууга мүмкүнчүлүктөр бар. Ошондой эле ок атуу боюнча жана фехтованиеден спортчуларыбыз ийгилик жаратып, Бразилияга аттанууга үмүт артышууда.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (19)
ulanium90
2015-10-06 11:40:46
азаматсынар
0
Eraly___
2015-10-06 15:42:42
Бир гана ийгилик каалайм.
0
amanatym
2015-10-06 15:43:26
баарына ийгилик
0
Mars55
2015-10-06 16:17:28
Болдубу ушу элеби
0
maratik.0708
2015-10-06 17:25:45
Кыргызстанды дуйного таанытчу спортчулар кыргыз жмес экендиги окундкрот
Ушунусунада ыракмат айтуудан башка чара жок
0
maratik.0708
2015-10-06 17:26:32
Алга
0
Zarlyk.322
2015-10-08 10:12:05
ушул жанылыкты окуп ойлонушса керек кыздар,ойлонушу да керекда!
0
spinkub
2015-10-08 17:07:10
Эмне эркектерден чыкса болбойт беле. Кыздарга эле асылып калыпсынар.
-1
realbek89
2015-10-08 23:33:30
Азаматтар
0
valina
2015-10-08 23:56:59
Кыйратпай озунор путевка алып алгылачы кыздардын намысына тишбей. Озунорчу оозунарга насвайды тыгып алып эле журосунор
-1
nelya88
2015-10-10 12:14:29
Кыргыз элинин сыймыктана турган кыздарынын бири Айсулуу Тыныбекованын жолдомо ала албай калганы абдан окундурот.Озунун чон кыялы,максаты эле.. Айла жок эми.
0
sesmen
2015-10-10 15:11:30
Мария молодец, кыргызстандын желегин желбиретип утуп кетерине умут чон.
0
sesmen
2015-10-10 15:13:40
Колдук кыз деп сыймыктанып калаарбыз,эгер утуп келсен.
0
saltanat.
2015-10-10 17:28:37
Көлдүк кыыыз
-1
Birimdik5555
2015-10-11 19:50:00
Кыргыз болобу,орус болобу,озбек болсо да зато Кыргызстан желегин желбиретип келет го
0
№ 674, 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан