ШЕЛЛАК - КҮНҮГӨ ТЫРМАК БОЁГОНДОН КУТУЛУУ

Тырмакты боёп алып кир жууйбуз, идиш жууйбуз, анан дароо эле өчөт. Ошондуктан «Мария» сулуулук салонунун тырмак боюнча мастери Айнура Айтмамбетова шеллак коюуну сунуштайт. Шеллак жасатып алсаӊыз, бир айга чейин тырмагыӊыздын боёгу өчпөйт. Бул ыкманы үй шартында да жасасаӊыз болот.

  1. Тырмактын четиндеги эттерине (кутикула) тырмак үчүн атайын суюктук (ремувер) сүйкөӊүз. Жумшарганда ашыкча эттерди кесип, пушер менен ары түртүп тегиздеӊиз.
  2. Өгөө (пилочка) менен тырмакты формага келтирип, анан үстүнкү катмарын бир сыйра өгөөлөӊүз.
  3. Лактын алдына коюлуучу негиз (база) сүйкөӊүз.
  4. Жактырган түстөгү лак менен боёӊуз, эгер кааласаӊыз дизайн түшүрүӊүз (дизайнды өзүӊүз тартсаӊыз же даярын чаптасаӊыз болот).
  5. Лампага кургатылат, 2 мүнөт какталууга тийиш.
  6. Түссүз гель-лак (уф топ-кат) менен боёп, лампага дагы кактаӊыз. Ар бир катмар өтө жука сүртүлүшү кажет. Калыӊ болуп калса, агып кетип дизайн бузулат. Гель-лактын милдети – сүртүлгөн катмарлардын катарын бузбай кармап туруу.
  7. Спиртке малынган кебез менен тырмактын үстүнкү катмарын алып салыӊыз.

ШЕЛЛАКТЫ АЛУУ
Тырмакты атайын гель-лакты кетирүүчү суюктукка малынган кебез жана фольга менен тегерете ороп, 15 мүнөт коюп коюу керек. Шеллак жумшарып калганда тырмакты жабыркатпай, пушер менен акырын алып салыӊыз.


Шеллак (гель-лак) терминин укканыбызга аз гана убакыт болгону менен, аны ойлоп тапкан америкалык Creative Nail Design аттуу компания 1979-жылдан бери иштеп келет. Негиздөөчүсү Стюарт Нордстромдун кесиби стоматолог болгон. Бул компаниянын кызматынан Мадонна, Женнифер Лопес, Кейт Мосс, Женнифер Энистон өӊдүү дүйнөлүк атактуулар колдонуп келишет. Дайыма жаӊыланууда, өнүгүүдө болууну жактырган компания 2010-жылы гель менен лактын ортосундагы гибридди, тагыраагы, шеллакты ойлоп табышкан.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (10)
bema-krao
2015-10-05 10:44:06
Lampasy kancha turat
-1
dina
2015-10-12 15:46:17
bema-krao, 900 сом, Бишкек.
0
aika2013
2015-10-05 15:00:08
Лампа коп болсо 1500 2000 турат! Шеллак жакпайт бирок
0
aizulya
2015-10-06 03:31:43
строго шеллак )) конуп калдым
-2
Ledi89
2015-10-06 11:06:50
Шеллак жакшыго заман га жараша мода. Бирок мусулман чылык та гусул,даарат алыш керек гел лак,шелаак дегендер болсо очуруш керек болбосом отпойт. Гусул,даарад албай бир ай кантип тамак жасап жейсигер.
+5
veneraaalieva
2015-10-06 19:17:45
Мен шеллакты 3 жылдан бери колдоном аябай жагат, озумдун тырмагым аябай жука шеллактан кийин кадимкидей катуу болуп калат, сынбайт 1ай болбосо да 20кун жакшы журот,азыр кубулуп турмасын алгам суукта же колум муздаса кызыл болуп калат ысыкта ак эле болуп турат. селерге да сунуштайм колдонгула
-2
AFRODITA-89
2015-10-06 23:23:08
а менин сунушум лак, гел, ж.б. коюунун кереги жок мусулманчылыкка туура келбейт Гусулда ийненин козунчо жер да суу тийбей калбашы керек ал эми боёлгон тырмакта канча чон жерлерге таза суу тийбей калып атат ошондой эле чачты краскаласа да болбойт Гусул толук болбой кылган, жегендин баары харам болуп калат!
+3
Rifle
2015-10-07 04:52:43
Урматтуу мусулман айымдар тырмакка лак коюлган абалда даарат дагы гусул дагы кабыл болбойт.
Сүйүктүү күйөөңөргө, балдарыңарга, ата энеңерге таза, адал тамак жасап бергиле. Гусул жок жасалган тамак арам болуп калат.
+4
Missulya
2015-10-09 19:17:53
Rifle,чындап эле,копчулук айымдар маникюр жасатып журушот гусулу кантет анан отпойтта!
+1
Leo.
2015-10-12 08:32:26
Lakko meili, a chachty boebosok anan ak chachtardy kantebiz??!!!!
0
№ 674, 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан