УБАДАЛАРДЫН ФОНУНДА АТКАРЫЛГАН ИШТЕР ДААНА КӨРҮНӨТ

Бул ирет аламанда 14 партия ат салышууда. Мыктылар менен чабалдар акырындап аныкталып келе жатат. Шайлоо алдында үгүт өнөктүгүндө партиялар акчага туйтунтарын, асмандагы айды, күндү алып берип, жаркыраган жашоого жеткирерин убада кылышат. Кыргыз коомчулугу мындай убадаларды уга берип кулагы бышып калды. Булардын көпчүлүгү, дээрлик көпчүлүгү кургак сөз, куру убада бойдон кала берерин да өткөн шайлоолор көргөздү. Эптеп бийликке жетип алгандан кийин баягылар сен көр, мен көр жок болуп, келип отчёт бермек тургай, көбү эмне убада беришкенин да унутуп коюшканын азыркы шайлоо алдында кайра элге чыкканда көрүп турабыз.  
Ооба, куру убадачыл партиялардын жүзүн теледебаттар да элге көргөзүп койду. Көп жылдык тарыхыбыз бар деген партиялар негизинен демилгелеп чыгышкан мыйзамдарга таянышууда. Теледебатта айтылган убадаларын угуп отуруп, «Ушундай убадаларды алар биринчи жолу берип жатышабы? Эмнеге ушунча жыл ичинде аткарылган жок? Алар өлкөнү башкарып турганда, маанилүү мамлекеттик чечимдерди өз колдору менен кабыл алууга мүмкүндүгү бар кезде ушул айткандарын аткарууга эмне тоскоол болду?!» деген суроолор эрксизден пайда болот. Теледе түз эфир аркылуу жүргөн дебаттарда бир канча жылдан бери саясат майданында келе жаткан партияларга караганда 3 эле жылдык тарыхы бар «Өнүгүү» конкреттүү жасалган иштерине таянуу менен өзгөчөлөнүп жатат. 3 жылдын ичинде гана партия 160 долбоорду ишке ашырган экен. Бул оӊой эмес. Кыргыз коомчулугуна жер-жерлерде МТСтерди – машина-трактор станцияларын түзүп, дыйкан-фермерлердин жеӊилин жерден, оорун колдон алышканы кеӊири айтылды.
Аталган партиянын лидери Бакыт Төрөбаев төмөнкүлөргө токтолду: партия МТС менен эле чектелбей, райондук ооруканаларда бүт шарты бар, заманбап бирден палаталарды ачып беришиптир, атайын адис врачтардын бригадаларын алып барып, элет элин медициналык кароодон бекер өткөрүшүптүр, шаар калкын да унутпай, «Жарык шаар» долбоору менен борборубуз Бишкектеги көп кабаттуу ондогон үйлөрдүн короолоруна, жаӊы конуштарга жарык киргизип, анда жашаган тургундардын коопсуздугуна кам көрүшүптүр.
Башка лидерлер мындай конкреттүү иштери менен мактана албай жатышат. Айрымдары керектүү мыйзамдарды демилгелеп чыгышканын баса белгилеп айтышты, айрымдары Кыргызстанды катастрофага алпара турган долбоорлордун, мыйзамдардын кабыл алынышына каршы чыгышканын айтышууда. Бул жерде бир маселе бар, ал – Кыргызстанда көпчүлүк мыйзамдардын аткарылбай жаткандыгы.
«Мени «Өнүгүү-Прогресс» партиясынын антикризистик программа иштеп чыктык дегени ынандырды. Бүгүнкү көз көрүнө кирип келген кризистен кыйналбай чыгуу үчүн партия азыр мыйзам менен чек коюлган оӊ рулдуу таксилердин иштешине кайра уруксат берүү, фермерлерге 7 миллиард сом өлчөмүндө насыя берүү, ар бир үй-бүлөгө бизнес ачып берүүгө жетишүү, Бишкекти жана башка шаарларды жарыктандырууну улантуу, тамак-аш азык-түлүктөрүнүн баасын 25 пайызга арзандатуу сыяктуу сунуштарды айтып жатат. Мындай конкреттүү сунуштар – биздей карапайым жарандардын көктөн тилегени. Эгер бул убадалар сөз жүзүндө калып калса, кийинки шайлоолор да келет. Азырынча мен үмүттөнүп турам, ырас ушуга чейин конкреттүү иштерди аткарып жатышабы, демек, эми да аткарышат деп. Калганын убакыт көрсөтөт»,- дейт Улукбек Алымжанов аттуу окурман.

Нурлан Абакиров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 674, 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан