ПРЕЗИДЕНТ НАРЫН ОБЛУСУНУН КӨЙГӨЙҮ МЕНЕН ТААНЫШЫП КЕЛДИ

Президент Алмазбек Атамбаев 29-30-сентябрь күндөрү Нарын облусунда жумушчу сапары менен болуп кайтты. Алгач түндүк-түштүк альтернативдик унаа жолунун Көгарт ашуусундагы туннелдин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Транспорт жана коммуникациялар министри Аргынбек Малабаев мамлекет башчысына узундугу 3750 метр келген, туурасы 10 метрлик туннелдин курулушунун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо менен Сузак райондорунун кесилишинде, деӊиз деӊгээлинен 2511 метр бийиктикте жайгашкан автожол туннели Фергана тоо кыркасынын түндүк жана түштүк тараптарын бириктирет. Жаӊы унаа жолунун курулушу өлкөнүн түштүгү менен түндүгүнүн байланышын чыӊдап, аймактын экономикалык жактан өнүгүшүнө зор өбөлгө түзөт.
Атамбаев иш сапарынын алкагында облустун жашоочулары менен жолугушту. 30-сентябрда түшкө чейин Нарын шаарынын, Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы райондорунун активдери менен жолукса, түштөн кийин Кочкор жана Жумгал эли менен кезикти.
Суроо-жооп форматындагы жолугушуунун жүрүшүндө мамлекет башчысы Нарын облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландары жана түрдүү чөйрөлөрдө ири долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги туурасында айтып, Жогорку Нарын ГЭСтер каскадынын курулушунун маанисин белгиледи. Аларды ишке киргизүү өлкөдөгү электр энергияга болгон тартыштыкты жоюу менен бирге, башка мамлекеттерге экспорттоого жол ачарын баса белгиледи.
Нарын шаарынын, Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы райондорунун жашоочулары облуста жаӊы ишканаларды ачуу боюнча маселелерди көтөрүштү. Президент Алмазбек Атамбаев Ат-Башы районунда жаӊы асфальтобетон заводу куруларын маалымдады.
Жолугушуулардын жүрүшүндө президент ирригация маселелерине өзгөчө токтолуп, облустун жана өлкөнүн ирригациялык системине байланыштуу маселелерди жеке көзөмөлүнө аларын баса белгилеп жатты. «Биз ирригациялык системди өнүктүрүү боюнча чоӊ программа кабыл алабыз. Ал программада качан, кайда, кандай иштер жасалары так жазылат»,- деди Алмазбек Атамбаев.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
kamyr26
2015-10-05 11:23:47
Атам молодец
0
№ 674, 2-октябрь-8-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан