ЧУУЛГАНДУУ ОКУЯЛАРДЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ

Гезитибиздин бул санында коомдо болуп өткөн кылмыш-кырсык жана аянычтуу тагдырлардын аягы кандай аяктады, каармандарыбыз кандай күн кечирип жатканы тууралуу тааныштырмакчыбыз.

КЫЗДЫ ЗОРДУКТАП БАШЫН ЖАРГАН КЫЛМЫШКЕР 25 ЖЫЛГА СОТТОЛДУ
2015-жылдын 28-май күнү Бишкек шаарындагы Октябрь РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө маалымат келип түшкөн. Анда «Ататүрк» сейил багында бадалдын арасында башы жарылып, эс-учун билбей бир кыз жаткандыгы тууралуу айтылат. Көп өтпөй бул кылмышка шектелип Ош облусунун тургуну, 1995-жылы туулган Абдумуталип Мамажанов аттуу жаран кармалган. 28-майда Мамажанов кызды «Ататүрк» сейил багына жолугушууга чакырат. Эл жок жерге келгенде кызды бадалдын арасына алып кирип, күч колдонуп зордуктайт. Андан соң кылмышын жашыруу максатында кыздын башын таш менен жара чапкан. Эсинен танып калган кызды өлүп калды деп ойлоп, чөнтөгүндөгү Нокиа үлгүсүндөгү телефонун жана 20 сомун алып из жашырып кеткен.
Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту 18-сентябрда кылмышка шектүү Абдумуталип Мамажановду Кылмыш жана жаза кодексинин «ден соолукка атайлап оор залал келтирүү», «адам өлтүрүүгө аракет жасоо», «зордуктоо» жана «каракчылык» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 25 жылга эркинен ажыратты. Кылмышкердин мүлкү конфискацияланып күчөтүлгөн режимде жазасын өтөмөкчү.
Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Советбек Сатиевдин билдиргенине караганда, бейтаптын абалы жакшы болуп калган:
– Мындан бир жума мурун бейтап дарылануу курсунан өткөнү келгенде кыйла жакшырып калыптыр. Бетиндеги так, чайкалган баш мээси, жабыркаган сөөктөр акырындык менен калыбына келүүдө, супсулуу болуп калган, кабатыр болбогула. Окуусун улантып жатат.

8 ЖЫЛ КОРДУК КӨРСӨТКӨН АЙЗАДАНЫН КҮЙӨӨСҮНӨ КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛГОН ЖОК
Гезитибиздин өткөн сандарынын биринде «Күйөөм мени теридей ийлеп сабап, зордук-зомбулук көрсөтөт. Үйлөнгөнүбүзгө 8 жыл болду. Ай-күнүмө жетип мына көз жарам деп турганда да кызганып сабачу. Бизди балдар менен кошуп камап кетет. Үйгө коюп койгон бидонго заңдап, заара кылабыз да, кечинде келип өзү төгүп коёт»,- деген 27 жаштагы Айзада Мырзалиева аттуу келиндин баянын жарыялаганбыз. Окуядан соң Мырзалиеванын тагдырын укук коргоо кызматкерлерине кабарлаган элек. Ал Ак-Талаа районунан келгендиктен Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа РИИБинин кызматкерлери жабырлануучунун күйөөсүн издеп үйүнө барып, аны таппай коюшкан. Милиция кызматкерлери Айзадага Ак-Талаа РИИБине барып арыз жазышы жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүсү керек экендигин түшүндүрүшкөн. Эмне болгондугун билүү максатында каарманыбыз менен байланышсак, учурда ал 3 баласы менен төркүнүндө баш калкалап жаткан экен:
– Сиздердин гезитке барган соң Ак-Талаа РИИБине келип арыз жаздым. Алар соттук-медициналык экспертизадан өтүп кел дешти. Бирок ал учурда денемде көгала деле жок болчу. Ошондуктан экспертизадан өтпөй эле үйгө кетип калгам. Арызымдын жыйынтыгын сурап милицияга барсам, «сабалгандыгың боюнча аныктоо жок, эксперттердин далили болбогондуктан кылмыш ишин козгобойбуз» деп коюшту. 2 баламды таштап качып чыккан боюнча көрө элекмин. Аларды сагындым, жаныма алгым келет. Бирок баргандан корком.

Бул боюнча Ак-Талаа РИИБинин ага тергөөчүсү Гүлбарчын Болотова төмөнкүлөрдү билдирди:

– Айзада Мырзалиева ушул жылдын 13-августунда «8-август күнү күйөөм мени токмоктоду» деген арыз менен кайрылган. Арызды каттоодон өткөрүп, соттук-медициналык экспертиза дайындаганбыз. Бирок арыз ээси мындай текшерүүдөн өтүүдөн баш тартып кетип калган. Биз болсо арыздын негизинде Мырзалиеванын жолдошу Желдеңовго жолугуу үчүн Тоголок Молдо айылына барганбыз. Ал чөп жыйнап кечинде келсе келинчеги чоң энесине 2 баласын таштап, 3 баласын жана чөпкө керектелүүчү акчанын жарымын алып качып кеткенин айтты. Арыз берүүчүнүн кошуналарынан да көрсөтмө алдык. Алардын айтымында, бул үй-бүлө эч ким менен киришип-чыгышпайт экен. «Айзада Мырзалиеваны көрчү деле эмеспиз жана чыр-чатакка да күбө болгон жокпуз» дешти. Мындан улам арызды негизсиз деп таап, «окуяда кылмыштын курамы жок» деген чечим чыгардык. Зомбулукту далилдеш үчүн жок дегенде 3 күбө же жабырлануучунун соттук-медициналык экспертизадан өткөн кагазы болушу керек. Эгер арыз ээсине күйөөсү жолугуп, дагы зомбулук көрсөтсө, арыз менен кайрылсын.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (31)
Wave.
2015-10-12 11:15:48
Айзадага ХХХ окшойт. Мед. эспертизага барбай, уйго кетип калдым дейт. Дагы 2 баласын журогу оорубай озу айткан зоокурго таштап кетип калыптыр. Эгер куйоосу ошондой эле жаман болсо, калган 2 баласын да эптеп алып кетмек. Бул окуяда анча мынча апыртылган да ашыкча нерселер бар окшойт.
0
admin_superstan
2015-10-12 11:52:55
Wave., этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
0
Wave.
2015-10-12 14:52:44
admin_superstan,
Макул ))
0
Nurluujan16
2015-10-13 02:51:08
Wave.,мед экспертизадан өт деп айткан учурда денемдеги көкалалар кетип калган деп жатпайбы! Же денедеги көкалалар өмүр бою калат беле оюңча?
0
Wave.
2015-10-14 14:39:42
Nurluujan16,

Кокаласы чындап кеткенби же жокпу ким билет? Бар дегенде барып отуп кое бербейби озу врач болбогон сон. Мед. эксперттер бир гана когаланы эле карап, башка белгилерин карабайбы?
-1
kyrghyzstan1989
2015-10-12 14:59:26
Камиланын иши эмне болду? Ошо жонундо да маалымат берип койсонор.
0
admin_superstan
2015-10-12 15:10:14
kyrghyzstan1989, саламатсызбы!
Бул тууралуу төмөнкү шилтемеден окуй аласыз:
http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=камила+д&x=0&y=0&media_search=1
0
kyrghyzstan1989
2015-10-12 15:53:56
Рахмат админ
0
Ago
2015-10-12 16:04:32
Жолугушууга барган кызды соттош керек!
+1
MAKALAK
2015-10-12 19:02:20
канжар кадралиев эмне болду
0
admin_superstan
2015-10-13 11:44:42
MAKALAK, саламатсызбы!
Кабар берүүгө аракет кылабыз. Рахмат!
0
ulash.kg
2015-10-12 22:16:51
Ибрагим деген бала да зордукталып больницада акыбалы оор болуп жатты эле,ошол бойдон кабарсыз бп кетти го ,супер инфо кабар берип кое аласыздарбы?
0
admin_superstan
2015-10-13 11:39:57
ulash.kg, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз.
0
Zhanylai90
2015-10-13 16:51:10
Айзаданын 2баласы эмне болду ким жардам берет эми аларга. Буга чейин айткан го мен баарынан артта калыпмын эч нерсе билбейм телефонум да жок болчу деп анан экспертизага кок аласын даяр кылып барыш керек экенин кайдан билсин!!!
+2
Гүлжан Асанкожоева
2015-10-13 19:31:51
Zhanylai90,цитата "...Окуядан соң Мырзалиеванын тагдырын укук коргоо кызматкерлерине кабарлаган элек. Ал Ак-Талаа районунан келгендиктен Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа РИИБинин кызматкерлери жабырлануучунун күйөөсүн издеп үйүнө барып, аны таппай коюшкан. Милиция кызматкерлери Айзадага Ак-Талаа РИИБине барып арыз жазышы жана соттук-медициналык экспертизадан өтүүсү керек экендигин түшүндүрүшкөн". Макаланы көңүл коюп окусаңыз түшүнүктүү болот.
0
zhumagul89
2015-10-13 22:59:29
25жыл чын эле болсун, акчага малынып эле каыштыго биздин соттор.
0
zhumagul89
2015-10-13 23:03:00
Кошуналары менен кирди чыкты кылбаса алар кайдан билет тынч жашашкандарын ?ТОООБО
+1
Komrad
2015-10-14 16:42:17
Минимум - ажырашыш керек.
0
Nurlan90
2015-10-14 16:56:23
Канжар Кадыралиев жонундо да маалымат берип койсонуздар
0
rus9203
2015-10-15 02:15:49
bizdikiler ka4@n gana.bolnitsaga jatkanda iw bawtait.a to ar bawka wyltoonu aityp kutulat.
0
vip.nur91
2015-10-16 22:47:35
СУПЕР ИНФОНнун кызматкерлери молодец эми туура маалымат болуптур колунуздардан келсе бети ачылган ар бир кылмыш иштин жыйынтыгы боюнча маалымат берип турсаныздар аябай жакшы болмок, ар бир органдын пресс катчысы бар.
0
Chiko90
2015-10-18 00:39:47
Аялына крдук коргозгон адам эми качанкыга чейин жазасын албай журо берет. дагы канчаларга кордук корсотот.Биздин куч органдарынын иштебегенинен карапайым калк аябай жабыр тартты го. Кармап жазасын бериш керек))))
0
taalai.torkent
2015-10-18 21:44:09
менттер акча бермейнче ишти каравайт тиги куйосун алпарып тырмагынын астына ийне сайсанар баарын айтып берет
0
№ 675, 9-октябрь-15-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан