ЧАЯН ЖААЧЫДАН КАЧЫП, БИЙКЕЧКЕ «МАГНИТТЕЙ» ЖАБЫШУУСУ КЕРЕК (24-октябрдан 22-ноябрга чейинки аралыкта төрөлгөндөр)

Кыргызда бири-бирин толуктаган жубайларды көрсө «жылдыздары келишкен тура» деп коюшат. Идеалдуу түгөй таап, келечекте бактылуу үй-бүлө куруу ар бир бойдоктун кыялы эмеспи. Ал кыялды орундатуу үчүн жылдыз төлгөгө көӊүл буруу ашыкча эмес. Эмесе, чаян жылдызынын астында төрөлгөндөр кимдер менен жылдызы келишет, көз жүгүртөлү.

ЧАЯН-КОЙ
Бул ысык жана бактылуу союз башка союздардан айырмаланып бекем болот. Чаян мырза менен кой айым күчтүү мүнөзгө гана ээ болбостон, романтикалуу да келишет. Экөө теӊ бири-бириндеги чынчылдыкты, туруктуулукту, берилгендикти жана адилеттүүлүктү баалашат. Ал эми кызуу кандуу чаян айым менен өзүнө ишенген кой мырзанын үй-бүлө очогу тутануусуна кепилдик аз. Ал үчүн айым амбициясы күч мырзасын бардык тараптан унчукпастан колдоого алуусу кажет.

ЧАЯН-БУКАЧАР
Эки жылдыз ээлеринин сексуалдык жактан шайкештиги, үй-бүлөгө болгон олуттуу көз караштары жашоолорун эки эсе шаӊга бөлөйт. Чаян айым букачар мырзанын өжөрлүгүнө, чечкиндүүлүгүнө жана акча таба билүүсүнө тартылып, сүйүктүүсүн болсо назиктиги менен арбайт. Букачар айымдын үй иштери жана бала багуудан ырахат алып, коломтону жылуу кармоого болгон аракети чаян мырзага «майдай» жагып, экөөнүн никеси өмүр бою бекем сакталат.

ЧАЯН-ЭГИЗДЕР
Бир көрүп сүйүү бул эки жылдыз ээсине мүнөздүү эмес. Бакыт үйүнө жетелешип баруу опурталдуу. Эгиздер жылдызында төрөлгөн мырзалар камыт салганды жактырбаган азоо, туруксуз болсо, чаян сулуу болуп көрбөгөндөй кызганчаак. Чаян мырза деле кызганыч менен ынак. Ал эми эгиздер жылдызындагы айымдар үйгө токтобойт. Андыктан тагдыр буйруп баш кошуп калышса, толгон-токой бактылуу көз ирмемдер, романтика, ошону менен катар кызганыч, уруш-талаш да орун алып турат.

ЧАЯН-БӨЙӨН
Коломтону өчүрбөй сактоо жогорудагы жылдыз белгисиндегилер үчүн оӊойго арзыбайт. Бул «чакан мамлекетте» чаян айымдар «көмүскөдөгү президент». Бийликти өз колуна алып, бөйөн мырзаларды чечкиндүү кадамдарга барууга, жашоосун жакшы нукка бурууга шыктандырат. Ал эми чаян мырза эл камын, бөйөн айым болсо үй камын ойлогондуктан, көпчүлүк учурда ушунун айынан экөөнүн пикирлери келишпей калышы ыктымал. Мындайда чаян мырза өжөрлөнбөй, бөйөн айымдын айтканына кулак төшөп койсо баары жакшы жакка оойт.

ЧАЯН-АРСТАН
Бул эки жылдыз лидерликти жактыргандыктан жана бири-бирине жол бошотуп берүүнү билбегендиктен, үй-бүлөдө так талашуудан улам далай ирет казан-аяк кагышат. Жубайлар ортосунда катаал мүнөздөрдүн, амбициялардын кагылышуусу жакшылык менен аякташы арсар. Андыктан бул жылдыз белгиси астында төрөлгөндөр бири-биринен жаа бою качышканы оӊ. Арстан айым чаян мырзанын алдыга умтулуусун баалайт, бирок оӊой менен анын айтканына муюп берүүнү каалабайт. Үй-бүлөдө эркеги чаян болсо деле ушул көрүнүш.

ЧАЯН-БИЙКЕЧ
Идеалдуу төп келүү. Чындыгында эле бул эки жылдыз ээси алгачкы жолугушууда эле жер менен асмандай бири-бирин толуктап турарын түшүнүшөт, андыктан «магниттей» эле тартылуусу зарыл. Эки жарым бир бүтүнгө айланууга толук мүмкүнчүлүктөр бар. Никеде эркеги чаян, айымы бийкеч болсо, экөө теӊ күчтүү адамдар. Жашоого олуттуу карап, тагдыр сыноолорун бирге оӊой жеӊе алышат. Ал эми үй-бүлөдө чаян айым болгондо ортодогу сүйүү достукка айланганда гана нике бекем сакталат.

ЧАЯН-ТАРАЗА
Мындай кошулуу ашып кетсе достуктан өнөктөш болууга же сүйүүдөн жек көрүүгө жеткирет. Андыктан эки жылдыз ээлеринин сүйүүсү никеге жетпей эле койгону оӊ. Эгерде жубайлардын айымы чаян болсо үй-бүлөдө сүйүү да, кумар оту да жалындайт. Ошону менен катар таарынычтар, күн алыс уруш-талаштар орун алып турат. Бул нике жубайынын сунушу менен кулашы толук мүмкүн. Тараза мырза чечкинсиз жана бирөөнү мактоону билбегендиктен, амбициясы күч жубайынын купулуна толбойт. Ал эми чаян мырза өзүнүн эмоциясын, ачуусун башкара албагандыктан тараза айым жапа чегет. Эгерде ажырашууну каалабаса, чаян мырза ачуусун ичине, тараза айым каяша айтпай тилин тишине катуусу зарыл.

Куудул, пародист Жеӊишбек Айтиев чаян жылдызынын астында төрөлсө, жубайы Айжамалдын жылдыз белгиси тараза. Куудул келинчеги экөөнүн мүнөзү жөнүндө кыскача айта кетти:
– Баш кошконубузга 13 жыл болду. 3 уул, 3 кызды татыктуу тарбиялап жатабыз. Ынтымактуубуз, көз тийбесин, бири-бирибизди колдоп жакшы түшүнүшөбүз. Экөөбүздүн аракетчилдигибиз окшош. Бийлик менде, капчык келинчегимде. Мен таап келген акчамды ага берем, ал болсо үнөмдөп, берекесин качырбай бардыгына тегиз жеткирет. Кээде казан-аяк кагышкан учурлар болот. Ачуум чукул болгондуктан ага мурдумдун учу менен бир тием. Келинчегим андай учурда унчукпай кутулат.

ЧАЯН-ЧАЯН
Бир тоодо эки «вулкан» атылганга даяр же бир үйдүн үстүндө эки «тайфун» алай-дүлөй болуп жатканын элестетиӊиз. Мындай жагдайда бир көрүп жактыруу алоолонгон сезимдер менен коштолгон жолугушууларга жеткирет. Ал эми нике буйруп калса эки башка күчтүү, көз карандысыз, ачык-айрым адамдын «согушу» бир үйдүн ичинде уланат. Эгерде никени сактап калууну каалашса, анда экөө теӊ чыдамкайлык менен дос болуп, табышуу маданиятын үйрөнүшү керек.

ЧАЯН-ЖААЧЫ
Бул союз никеге жетпей эле койгону оӊ. Мындай нике бекем болот деп айтууга ооз даабайт. Чаян эркек менен жаачы айымдын кулк-мүнөзү, кызыкчылыктары окшош болгону менен бири-бирин баалап, жыты сиӊишүүгө бир топ убакыт керектелет. Күйөөсүнүн кызганчаактыгын чаян сулуу өзүнүн эркиндигин чектөө катары баалап, таарынычтар орун алышы ыктымал. Эгерде аял чыдамкайлыгын көрсөтсө ынтымак ыдырабай, нике сакталышы мүмкүн. Жаачы мырза айымдарга «ууга» чыкканды жактыргандыктан, мындай үй-бүлөдө кызганычтын айынан уруш-талаштар көп орун алат. Чаян айым чыдамкай болууга тийиш.

ЧАЯН-ТЕКЕЧЕР
Издешпей табышкандар. Бул үй-бүлөдө сүйүү менен катар бири-бирин сыйлоо да күч. Мүнөзү чатак чаян мырза текечер айымдын темирдей чыдамкайлыгын, үй-бүлө үчүн жан үрөгөнүн, акчаны ыгы менен чачканын баалайт. Жубайын болсо өзүнө амалкөйлүгү, чечкиндүүлүгү менен жипсиз байлайт. Экөө узак жана ынтымактуу жашоого бирдей кызыкдар. Ал эми чаян айым менен текечер мырза да бири-биринин жакшы жактарын көрө билип, өмүр бою кол кармашып өтүү үчүн баарына даяр болушат.

ЧАЯН-СУУ КУЯР
Бир сөз менен айтканда өзгөчө табышуу. Эгерде үй-бүлөдө чаян айым болсо, анын жалындуу кумар оту жубайлардын экөөнө теӊ жетет. Бирок күйөөсүнүн бардык нерсеге мурдун тыга берген аракетин текке коротуп жатат деген пикирде тыя бергенди жактырат. Суу куяр мырза болсо өзүнүн башкаларга окшобогон кулк-мүнөзү менен жубайлардын мамилесин жомоктогудай кызыктуу кыла алат. Суу куяр айым болсо эркиндикти жактырганы менен, чаян мырзаны кызгантууга түрткү болбойт. Идиш-аяктар кагылышы мүмкүн, бирок чыдамкайлык никени сактап калууга эӊ чоӊ курал болот.

ЧАЯН-БАЛЫК
Мыкты шайкештик. Бул жылдыз белгиси алдындагылардын энергиялары куюлушуп, тереӊде жаткан сезимдери чырмалыша байланган. Мындай кошулуу башкаларга суктанарлык көрүнөт жана жылдыз белгилеринин экөө теӊ өздөрүн бактылуу сезишет. Чаян эркектин сезимдери балыктай туйлап, жубайы ага эргүү тартуулайт. Ал эми чаян айым үй-бүлө тизгинин колго алып, бардык көйгөйлөрдү, олуттуу маселелерди чечүүгө жөндөмдүү. Балык эркек болсо унчукпастан аялыныкын туура деп эсептеп, эриш-аркак бактылуу жашашат.

Асхат Субанбеков
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (6)
altynaiB
2015-10-26 16:47:15
Кудай сакта чаян-жаачыны катыра жазыпсынаргоо
0
Neizvestno777
2015-10-26 18:28:20
Мен жаачы да..
0
warsaw.
2015-10-26 18:38:51
мен чаян келинчегим эгиздер,экөөбүзгө тиешелүү экен.
0
tea23
2015-10-27 11:03:02
Мен бойонмун чаяндар менен магниттей тартылып турабыз. Бири бири бизди алыстан эле таап алабыз кай жерге барбайын бироо менен тил табышып по душам суйлошуп калсак ал чаян болуп чыгат почему то.
+1
nazel91
2015-11-23 10:25:22
Бул жон гана божомол.мен жаачымын жолдошум чаян эч уруш талашы жок эле жапжакшынакай 10жылдан бери жашап келе жатабыз.
0
kyialkech.kyzmyn
2018-07-27 15:27:00
Чаян м-н чаян ))) бири бирин түшүнүп жашаса болот экен да
0
№ 677, 23-октябрь-29-октябрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан