Кундуз Канатбек кызы, ырчы: «ООРУКАНАДА ЖАТЫП ЫРДАБАЙ КАЛАМБЫ ДЕП КОРКТУМ»

«Кундуз кайда, эмне кылып жүрөт?» деп күйөрмандары көп сурашат. Көптөн бери сахнадан алыстап кетсе да, ырчы кызды күткөндөр бир топ. Окурмандарыбыздын суранычтарын четке какпай, ырчы айым менен маек курдук. Көрсө, Кундуздун эл көзүнөн алыстап кеткенинин жүйөлүү себептери бар экен.

– Кундуз, кандайсыӊ? Сени ооруп жатыптыр деп уктук. Ден соолугуӊ жакшыбы?
– Рахмат, Кудайга шүгүр, азыр баары жакшы. Чын эле жарым жыл мурун ооруканага жатып чыктым. Акыркы кезде аба жетпей, демим кысылып калчу болду эле, дарыгерге көрүнсөм дарыларды жазып берген. Анын көрсөтмөсү менен ичип жүрө бериптирмин. Андан жакшы болбой демим кысылганы күчөп, абалым начарлай берди. Акыры үйгө «Тез жардам» чакыртып ооруканага келсек, доктурлар «операция жасаш керек» дешти. Кийинки күнү туура диагноз коюшуп, операция жасалды. Эки апта ооруканада жаттым.
– Ооруганыӊды көпчүлүк билбейт экен. Азыр абалыӊ жакшыбы?
– Ооба, врачтар «сага эс алуу, тынчтык керек» дешти. Ошондуктан жакындарымдан башка эч кимге айткан жокмун. Ооруп жатып калганда адамдардын, жашоонун кадырын билет экенсиӊ. Бир туугандарым, апам, жигитим жанымдан чыкпай, мени моралдык жактан колдоп турушту. Эч качан ушинтип ооруп калам деп ойлогон эмесмин. Ошол кезде мага оор күндөрүм бүтпөчүдөй туюлуп жатты эле, Кудайга шүгүр, баары артта калды.
– Эми ырдасаӊ болот бекен?
– Ооруканада жатканда ырдабай каламбы деп корктум. Кээ бирлер «ырдаганга болбойт, өпкөгө күч келет» дешти. Бирок менин дарыгерим «калыбыӊа келип алган соӊ ырдасаӊ боло берет» деп уруксат берди.
– «Сахнадан көрүнбөй калганыма жеке жашоом да себеп» деп калдыӊ...
– Менин оюмча, аял киши үчүн биринчи орунда үй-бүлө туруш керек. Экөөнү теӊ алып кетиш кыйын экен. Карьераны биринчи орунга коюп ажырашкандарды көрүп эле жүрбөйбүзбү. Буга чейин жеке жашоом менен алек болдум.
Андан сырткары мындан 2 жыл мурун белгилүү бир студия «хит ырларды жаздырып берем» дегенинен чоӊ суммадагы акча бергем. Ал дагы деле купулума толгон ырларды
жаздырып бере элек. Балким, бул нерсе да кошумча болгондур.
– Азыр сенде баары бир калыпта, өз нугу менен баратыптыр. Мурунку «90-60-90» ыры хит болуп турган кезди сагынасыӊбы?
– Бир кезде мен катышчу концертке 1 ай калган болсо, аны күн санап күтчүмүн. Сахнага чыкканда тим эле сүйүнүп, бактылуу болуп калат элем. Мен кыялданган күндөр да келди. Бир күндө 3-4 жерде ырдаш керек болуп, такыр бошой албай калганымда чарчай баштадым. Кээде ызы-чуудан ушунчалык тажап, тынччылыкты самап калдым. Ошондой темп менен кете берейин деп деле ойлодум. Бирок андай нерседен тез чарчап кетет экем.
– Анда мурункуга караганда бир топ өзгөргөнсүӊ го...
– Ооба, мурун мага бирөө туура эмес сүйлөп, бут тосуулар болгондо жашоомдогу эӊ оор күндөрүмдөй сезилчү. Аларды жүрөгүмө жакын кабыл алып, ойлонуп түнү бою уктабай чыкчумун. Азыр эмнеге болбогон нерселерге нервимди короттум экен деп өкүнөм. Өзүм тууралуу жагымсыз кепти уксам, маани деле бербейм. Айтып коюшат го, «шоу чөйрөдө интрига көп» деп. Мен ошондой нерседен алысмын. Өзүм жөнүндө сөз уксам, артынан барып ызы-чуу кылган эмесмин. Апам дайыма айтат, «өзүӊ менен өзүӊ бол, сырларыӊды ачпа» деп.
– Анда сырларыӊ ичиӊе толуп кетпейби. Ким менен бөлүшөсүӊ?
– Кичине кезимден эле апам менен сырдашып көнгөм. Апам мени жакшы түшүнөт, абдан тамашакөй, баарына туура баа берет. Азыр «силерди баарынан бийик коюп, өзүмдүн жеке жашоомду ойлобой, силер үчүн жашадым» деп тамашалап калат. Атам каза болгондо апам 30 жашта экен. Таене-таятамдар «балдарыӊды биз эле багып алалы, өзүӊ турмуш куруп, бактыӊды тап» десе болбой, «өзүм чоӊойтуп, өзүм багышым керек» деп баарыбызды бутубузга тургузду.
– Кээде жаштык кылып апаӊа катуу сүйлөп таарынтып алганда кайра кантип жазасыӊ?
– Кээде эркелеп туура эмес сүйлөп коюшум мүмкүн. Бирок оройлонуп капа кыла элекмин. Кызыгы, апам мени такыр урушпайт. Эгер урушкусу келсе, эжемдер аркылуу айттырат же аларга чалып урушуп жинин чыгарат. Эжемдер болсо «сен апабызды капа кылып койгон окшойсуӊ. Жинин бизден чыгарып алды» деп нааразы болуп калышат. Мен баарын жүрөгүмө жакын кабыл алганданбы, мени аяйт окшойт.
– Сенде деле жаман сапаттар бардыр?
– Менде деле кыялдар бар. Негизи, оӊою менен бирөөнүн көӊүлүн ооруткум келбейт. Эгер таарынтып алсам, барып кечирим сурамайынча жаман боло берем. Көӊүлүмө катуу тийген адам менен байланышты такыр үзүп коём.
– Азыр эл социалдык тармактарда «жашап» калбадыбы. Өзгөчө атактуулар ичкен ашына чейин интернетке жарыялашат. Сенин жашооӊдо
интернеттин ролу канчалык?
– Чын эле сиз айткандай, азыр көпчүлүк жеген тамагына чейин Инстаграмга жүктөгөндү мода кылып алышты. Мен деле эл катары интернетте отурам деӊизчи. Бирок антип баскан-турганымды сүрөткө тартып чыгара бербейм.
– Маегиӊе рахмат!

"Бир кезде сахнага чыкканыма бактылуу болуп жүргөм".

"Апам менин банкта иштешимди каалачу. КУУнун экономика факультетине документтеримди тапшырып келе жатып эстеликке түшкөнбүз".

"6 айлык болгонго чейин такыр күлчү эмес экенмин. Бул жаӊы күлүп баштаган кезим, агам менен".

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg

 Кыстарылган видео 
Кундуз Канатбек кызы: "Туура эмес дарыланып, оорум күчөп кетиптир"
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (22)
Sagidko88
2015-11-30 12:39:10
ооруба
0
Eliza-2014
2015-11-30 12:53:48
Возраст деген баарибир озунукун алат, толуп баштаптыр коптон бери корбогонго сразу эле билинет экен, макияжы аябай эле начар, оор, картан корсотуп салган, кундузгу женилирээк кылып макияж койсо болмок.
+1
saltanat2015
2015-11-30 13:25:07
Семирип алыптыргоо.
0
hanisa
2015-11-30 15:52:43
Ден соолук каалайм
0
mi-li-na
2015-11-30 17:54:33
ХХХ ХХХ ХХХ го сыягы... Жаман, бирок эми сактанып журушун керек, тигинтип жыланач журсон оору кайра жабышат да. Биринчи озунду,ден-соолукту кара,назик кыз,жасалмалуулукту байкаган жокмун Кундуздан.
-2
jamal1993
2015-12-01 08:11:37
Кундуз алга мен сени сыйлайм жана урматтайм!
0
admin_superstan
2015-12-01 10:22:37
jamal1993, жеке билдирүүнү купуя менен жибериңиз!
0
admin_superstan
2015-12-02 09:34:53
incognito1, mi-li-na, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз! Азырынча оозеки эскертүү!
0
emir_muslima
2015-12-02 17:22:17
Супер инфо Айнура Салахидиновадан интервью алгылачы.Угушумча кош бойлуу экен Жана куйоосу менен ажырашыптыр
0
peri-jan
2015-12-03 04:50:49
emir_muslima,Муслима айым,бут баарын кантип угуп коесуздар ,соз жок )))..
0
admin_media
2015-12-02 17:40:36
emir_muslima,
Саламатсызбы!
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап коебуз.
0
Gema
2015-12-03 00:57:39
Диана Коркунова,Айжан Асемова деген кыздардан интервью алсанар жакшы болмок кызык учун)
0
admin_media
2015-12-03 10:39:11
Gema,
Саламатсызбы! Сунушуңузду эске алабыз, рахмат!
0
jibeka09
2015-12-04 03:39:58
Супер инфо Бактыгул Бадыевадан интервью алыныздарчы сураныч.
0
dubai
2015-12-04 10:11:59
Ооруп айыккан киши обьязательно озгорот,кичине болсо да озгоро тушот,экинчиден Чолпонайга окшогону бул бир макияжды колдонгон учун окшоп калган,негизинен мындай макияжды козу бутук кыздар колдонушчу эле,Кундуз колдонбой деле койсо болмок,анткени озунун табигый сулуулугу бар,назиктиги,боорукерлиги ж.б толтура жакшы сапаттары бар,ошон учун баардыгын журогуно жакын ала берет да...Айыгып кет,чыгармачылык ийгилик сага!
0
rusha
2015-12-05 05:10:46
кыйналып кеттим угуп отуруп.... аягына жеткен жокмун, жеткиче жарылып кетпейин деп. Ото эле назик айым экен....
0
jibek.shami
2015-12-07 01:31:29
ааттан кулагы кайсар!!!
0
№ 682, 27-ноябрь-3-декабрь, 2015-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан