Кыргыз эли да өнүккөн мамлекеттердегидей таланттуу кыз-жигиттерден куру эмес. Алардын бири Олег Ермаков Айфон-8 аталышындагы телефондун дизайнын жасап америка-кытайлык компанияга сатты. Жаратман. Мына ушул сөздү жактырам деген дизайнер менен маек курдук.
Аты-жөнү – Олег Ермаков
Каймана аты – Steel Drake
Туулган жылы – 1987-жыл, 1-октябрь
Туулган жери – Ош облусу, Өзгөн району
Билими – Кыргызстан Эл аралык университетинин эл аралык компьютердик тармак факультети
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Жараткан эмгеги – iPhone-8 (Айфон-8дин) концептинин, Audi RSD унаасынын 3D үлгүсү
– Олег, өзүӊүздү тааныштырып кетсеӊиз...
– Дизайнер, креатор, музыкант, маркетологмун. Бирок креатор деген сөздү жактыра бербейм. Жаратман – мына ушул сөздү жактырам. Анткени бардык адамдар табиятынан жаратуучу. Көптөгөн кесипти өздөштүрдүм. Дизайнерликке каалоом күч болуп үйрөнүп алдым. Өзүм Өзгөндө төрөлгөм, кайсы айыл экени эсимде жок. Мен эки жашка чыкканда Чүйгө көчүп келгенбиз. Көпчүлүк «сен Оштонсуӊбу, ысык жигит экенсиӊ» деп таӊ калып сурашат (күлүп). Менин каймана атым Steel Drake, аны 15 жашымда ойлоп тапкам. Түшүндүрмөсүн көпчүлүк сурашат, бирок ал тууралуу айтпай эле коюуну туура көрөм.
– Жараткан эмгегиӊизди кантип чет өлкөлүк компанияга саттыӊыз?
– Өткөн жылы Айфон-8дин үлгүсүн эл алдына чыгарганымда бул жаӊылык интернет аркылуу жер жүзүнө тарап кетти. Бир нече ай ар кандай сунуштар жаады. Кээ бирлери күлкүнү келтирген сумманы сунуштайт. Айрымы «видеого тартып жөнөт, андан кийин сатып алалы» дешти. Негизи, мындай учурда абдан сак болуш керек. Эгер дизайндын видеосун берсеӊ, сен ага 3D үлгүнү берген болосуӊ. Бул баары бүттү деген сөз. Ал аны сатып жибериши мүмкүн. Мен ылайыктуу сунуш күтүп отурдум. 5 айдан кийин олуттуу бир адам байланышка чыкты. Ал дароо мен каалаган сумманы сунуштап, «сен жасаган дизайнды, ага болгон укукту сатып алууга даярбыз. Болгону биздин талаптарды эске алып, инженерибиз менен айрым элементтерин кайра иштеп чыгышыӊ керек» деди. Мен ойлонбостон макул болуп, жарым жыл анын үстүнөн кайра иштеп чыктым. Аябай оор болду.
Бирөө жазыптыр «жарым жыл болбогон нерсе менен алектенип, эч жерин өзгөртпөптүр» деп. А мен кандай иштеп чыкканымды көрсөткөн жокмун да. Камераларды жайгаштыруу системдеринде оорчулук жаралды. Инженердин талабы менен бир миллиметр бул жакка же кайра тиги жакка жылдырып азап тарттым. Мына ушул иштер эле 3 ай убакытты алды. Башка логотип беришти, аны өзгөрттүм. Телефон чыгарылса Америкада сатылат дешти. Кайсы бренд менен чыгарын, канча суммага сатканымды айтпай эле коёюн.
– Бул үлгүнү кандайча ойлоп чыктыӊыз?
– Айфон-6 чыкканда мага жаккан жок. Дизайны жакшы эле, бирок классикалык стилде болгонгобу, стандарттуу көрүндү. Мен буга чейин өзүмдүн версиямды жасап баштап, орто жолдон автоунаанын дизайнына берилип кетип таштап салгам. Көп өтпөй өзүмдүн версиямды коомчулукка алып чыксам, көпчүлүк элге жагып, колдоого алышты.
– Бул телефондун дизайны башкалардан эмнеси менен айырмаланат?
– Башкалардан ашып түшөт деп айта албайм. Болгону меники эксклюзивдүү, өзүнүн уникалдуулугу менен айырмаланат. Менин вариантымда смартфондун бети толугу менен айнек. Буйрутма бергендер да аны сактап калышты.
Дизайн мээмде пайда болгондо отуруп алып 2 жумада эле жасап коём. Ал эми буйрутма менен иштегенде алар «динамигин бул жакка, тешикчелерин бул жакка жайгаштыруу керек» дешет. Ордуларын алмаштыра баштаганда бир жери чыгып кетет, аларды ордуна коюу толтура убакытты жана эмгекти алат.
– Сатып алган компания колдонууга чыгарат бекен?
– Сатып алган тарап менен жаӊы жыл алдында сүйлөшсөм «Америкада телефонду чыгаруу боюнча сүйлөшүү иштерин жүргүзүп жатабыз» дешти. Башкысы, мен аларга эмгегимди саттым. Негизи, дизайнды өткөн жылдын февраль айында эле саткам. Бул тууралуу унутуп да коюптурмун. Алардан «телефондун тагдырын журналисттер сурап жатышат, саттым деп айта берсем болобу?» десем «болот, бирок андан башка эч кандай маалымат бербе» дешти.
– Чет өлкөлүк компаниялардан дагы башка сунуш түшүп жатабы?
– Биз Айфон-6, 7ге ылайыкталган гаджет иштеп чыкканбыз. Бул гаджет телефонго орнотулат, анын жарым профессионалдуу камерасы болот. Аны менен сүрөткө тартсаӊ, сапаты жакшы чыгат. Мына ушул идеянын үстүндө иштеп жатабыз.
– Алдыда дагы кандай оригиналдуу эмгектериӊизди көрө алабыз?
– Эки кызыктуу автоунаанын долбоору бар. Биринин дизайнын февралда тартып койгом. Ал эми экинчисинин дизайнын мени менен иштешип жаткан жигиттер берип, мен аны иштеп чыктым. Алар берген сүрөттө унаа автоиндустриянын эрежелерине жооп бербегендей көрүнчү. Буюрса, аны инженер жигиттер Кыргызстанда чыгарганы турушат. Аларга болгон ишеним күч. Мен чийген дизайндагы унаа чыгарылса, аны айдап көрүп сыймыктангым келет.
– Рахмат, ийгилик каалайм.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg