«Атактуу болуу үчүн келишимдүү келбет жана талант болсо жетиштүү, билимдин кереги жок» дегендер бар. Бирок бул түшүнүктү четке кагып, бир канча жогорку билими менен шоу чөйрөдө ийгилик жаратып жаткан мырзалар менен таанышып алыӊыз.
КОТОРМОЧУ РАСУЛ МЫРЗАТЕГИН
Туулган жылы – 1989-жыл, 25-декабрь
Билими – Бишкек гуманитардык университетинин европалык цивилизация факультетинин котормочу адистигин аяктаган. Учурда Кыргыз улуттук университетинин
экономика жана экономиканы башкаруу факультетинин 1-курсунда окуп жатат.
Билген тилдери – Кыргыз, орус, казак, англис
Учурда – «Миӊ кыял FM» радиосунун ди-джейи
Расул мектепке бара электе эле тамга таанып, жомок окуганды, санаганды үйрөнгөн. Китепти колунан түшүрбөгөн өспүрүм орус тилинен олимпиадаларга катышып, мектепти кызыл аттестат менен аяктаган. Жогорку окуу жайдан англис тилин өздөштүргөн ди-джей студент кезинде өз кесиби менен котормочу болуп иштеп көргөн. Англис тилин суудай билген Расул чет өлкөгө чыкканда кыйналбайт, жадакалса бир тойду 4 тилде алып барат.
«Чыгармачылык талант адамда байыр алса ошого ыктап туруп алат экен. Мектепте окуп жүргөндө ар кандай иш-чараларды уюштура калып, концерттерди алып барып жүрүп радио, теле жаатына кызыгуум пайда болгон. Бул каалоом радиого жетелеп келгенден кийин чыгармачылык өзүнө тартып, элдин колдоосуна, демине байланып калдым»,- дейт.
ПРОГРАММИСТ САНЖАР МЫКЫЕВ
Туулган жылы – 1989-жыл, 3-апрель
Билими – Ататүрк Ала-Тоо университетинин жаӊы технологиялар бөлүмүнүн компьютердик инженерия факультетин аяктаган.
Билген тилдери – Кыргыз, орус, түрк, англис тилдеринде эркин сүйлөйт.
Учурда – Тамашоучу, тамада, алып баруучу, тасмалардын продюсери
Санжардын билимге дилгирлиги мектеп партасынан эле башталып, республикалык олимпиадада информатика сабагы боюнча 2 жыл катарынан 1-орунга ээ болгон. 2007-жылы курама команда менен Румыния, Хорватияга барып эл аралык олимпиадаларга катышкан. Университетте окуп жүргөндө 4 студент менен бирдикте Стамбулдагы Фатих Султан Мехмет университетинин чет өлкөлүк студенттерине түрк тилин оӊой үйрөткөн программа жасап беришип, бул эмгеги үчүн 2 миӊ доллар алышкан. Дипломдук ишинде болсо Кыргызстанда биринчилерден болуп өзү үн коштоп, азиздерге кыргызча аудиопрограмма жасаган. Мындай билим деӊгээли менен Санжар өз кесибинде да бир топ ийгилик жаратмак, бирок ал чыгармачылыкты тандаган. «Программисттерге жумуш табылат, маянасы да жакшы. Мен «жасап жаткан жумушуӊ жагып туруш керек» деген принцип менен жашайм. Күнү бою компьютерди кадала тиктеп программа жасоону жан дүйнөм каалаган жок. Бул нерсе азыртадан эле жакпай жатса кийин бактылуу боло албайм деген жыйынтыкка келип, шоу чөйрөгө аралашып кеттим. Анткени эл менен сүйлөшүп, алардын арасында жүргөндү жактырам»,- дейт.
ХИМИЯНЫ ЧАККАН ЭРКИН РЫСКУЛБЕКОВ
Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 4-февраль
Билими – Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин коммуникация факультети
Билген тилдери – Кыргыз, орус, түрк, англис
Учурда – Телеалпаруучу, тамада
2014-жылы «Супер-Инфо» гезитинин тандоосу боюнча «Жылдын ТВ персонасы» деп табылган Эркин мектепти артыкчылык аттестаты менен бүтүрүп, жогорку окуу жайда президенттик стипендиянын ээси болгон. Так илимдерге, адабиятка кызыккан ал математика, орус тилинен облустар аралык олимпиадаларга катышып, алдыӊкы орундарды камсыздаган. Атүгүл химияны да жакшы көргөн Эркин азыр бул боюнча инилерине сабак өтүп коёт экен. «Жарнама жаатындагы адис болмокмун, бирок бул тармак боюнча менден жакшы кызматкер чыкчудай эмес. Анын үстүнө пенде болгондон кийин акчасы көп жер кызыктырат турбайбы»,- дейт чыгармачылыктан ордун тапкан Эркин.
МАТЕМАТИК БАКЫТ ОСМОНКАНОВ
Туулган жылы – 1987-жыл, 2-февраль
Билими – Кыргыз эл аралык университетинин менеджмент жана бизнес башкаруу, юриспруденция ошондой эле эл аралык дипломатия факультеттерин аяктап, экөөсүн кызыл диплом менен бүтүргөн.
Билген тилдери – Кыргыз, орус, англис
Учурда – Тамашоучу, алып баруучу, тамада, режиссёр
3 жогорку билимдин ээси болгон Бакыт бала бакчада эле миллионго чейин санаганды билерин айтат. Математика сабагы боюнча олимпиадаларга катышып, алдыӊкы орундарга татыган. Мектепти жалаӊ 5 деген баага окуп, алдыӊкы окуучулардан болгон. Жогорку окуу жайды аяктаган соӊ өз кесиби боюнча 1 жыл кеӊсе кызматкери болуп иштеп, андан тажап чыгармачылыкка ыктап кеткен. «Мен бирөөгө иштегим келбейт. Өзүм жеке ишкерлик менен алектенүүнү каалайм. Мээӊде канчалык маалымат көп болсо, ошончолук кенен ойлоносуӊ. Азыр алган билимдерим тасмалардын сценарийин, юмор жазганда жардамын берип келет»,- дейт Бакыт.
Динара Абдыкадырова
star@super.kg