ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (25-АПРЕЛДЕН 1-МАЙГА ЧЕЙИН)

КОЙ (21.03-20.04)
Дүйшөмбү күнү кандай жаатта сунуштар түшпөсүн баш тартканыңыз жакшы. Анткени ийгиликсиз жыйынтыктар болушу мүмкүн. Ишке ашпаган сунуштар менен алпурушуп, маанайыңыз да түшөт. Апта аягында өзүңүзгө жаккан буюмду сатып аласыз, конокко чакыруулар да түшөт. Туугандар арасындагы маселеге сиздин оюңуз туура келбей, чыр чыгышы мүмкүн.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Жылдыздар ички туюмуңузга ишенүүнү сунушташат. Алтынчы туюмуңуз аркылуу көптөн бери түйшөлтүп, чечилбей жаткан суроолорго жооп табасыз. Достор арасында талаш-тартыш жаралып, акыры утуш сиз тарапта болот. Апта соңунда келечекте сиздин чөнтөгүңүздү акчага толтура турган долбоор тууралуу ойлор жаралат. Аны баштоого кадам таштай бергениңиз туура.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Бул апта баштан-аяк достор, туугандар, тааныштар менен иштешүүгө арналат. Бири менен иш баштасаңыз, экинчиси жардам сурап кайрылат, туугандар конокко келет дегендей. Жаңы таанышуулардын күбөсү да болосуз. Бойдоктор теңин таап, түгөйлүү болууга бел байлоочу күндөр апта соңунда орун алышы мүмкүн.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Аптада сүйүнүчтүү да, маанай түшүрүүчү да кабардын ээси болосуз, эмоцияга алдырбаңыз. Ден соолугуңуз да сизди кабатыр кылат. Биринчи байлык ден соолук экенин унутпай, өзүңүзгө кам көрүңүз. Болбосо чоң маселеге айланып кетиши ыктымал. Жумушуңузда карьералык өсүү болот.


АРСТАН (23.07-23.08)
Сиз үчүн бул апта ийгиликтүү болот, айрыкча жеке жашоодо. Убактылуу көңүл ачуулар сүйүүгө айланышы мүмкүн. Көптөн бери көрө элек туугандар келип, конок тососуз. Күтүлбөгөн жаңылык угуп, сиз жакын досум деп жүргөн адамга таарыныч жаралат. Ишемби, жекшемби күндөрү дүкөн кыдырып, өтө зарыл болгон буюмдарды сатып аласыз.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Бардыгы сиздин колуңузда. Эч ким менен талашып-тартышпаңыз. Жакындарыңыз менен келишпестик болсо ачууга алдырбаңыз. Жек көрүп, катташпай калуу коркунучу бар. Жан дүйнөңүз чарчап турганын түшүнүп, жумуштан эс алууга чыгасыз. Кыжалат кылып жүргөн көп иштерди бүтүрүп аласыз.


ТАРАЗА (24.09-23.10)
Убактыңызды досторуңузга, туугандарыңызга көңүл бурууга арнайсыз. Жашы өтүп калган туугандарыңызга көңүл буруу менен алардын алкышына татыйсыз. Коомдук жайларда буюмдарыңызга сак болуңуз, уурдатып алышыңыз ыктымал. Тааныштар арасындагы беделдүү адам сиздин чечилбей келе жаткан маселеңизди чечүү үчүн кол сунат.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Ички дүйнөңүздү түшүнгөн, турмушка көз караштарыңар төп келген, сиздей ойлонгон адам менен убакыт өткөрөсүз. Эң жакын адамыңызды тапканыңызга сүйүнүп, баарын таштап коюшуңуз мүмкүн. Мындан улам жумушта маселе жаралат. Андыктан иш тажрыйбаңызды, билим деңгээлиңизди өнүктүрүү үчүн курстарга барууну пландаштырыңыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Сиздин итиңиз чөп жейт. Кээ бирлер ишиңизге, жүрүм-турумуңузга сын айтышы мүмкүн, ага көңүл бурбаңыз. Өң-келбетиңизге көңүл буруучу мезгил келгенин сезип, косметологго, массажистке барууну пландаштырасыз. Жыйынтыгы жаман болбойт, өзүңүз ойлогондон да башкача өзгөрүүлөргө туш болосуз.


ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Алдыга карата түзүлгөн иштер жемишин берет. Уйкунун да планын толтурасыз. Иш деп жүрө берип кадимки үй жумуштарын сагынып калганыңызды сезесиз. Анын аркасы менен бакчаңыз, жыйналбай турган короо-жайыңыз иретке келет. Эс алуу күндөрү жан дүйнө тынчтыгы орун алат.


СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Жеке жашоодогу байланышты бекемдөөчү мезгил келди. Сүйүктүүңүз менен анча-мынча таарынычтар болот, бирок аны тез эле жайгарасыз. Өзүңүзгө алган кийим-кечеңизди кайра алмаштырууга туура келет. Көптөн бери чечилбей келе жаткан ишиңиз боюнча адиске кайрыласыз. Жыйынтыгы сиз ойлогондой болот.


БАЛЫК (20.02-20.03)
Өзүңүздү активдүү сезип, энергияңыз ашып-ташат. Мунун пайдасы жумушуңузга жакшы жыйынтык алып келет. Финансылык абалыңызды жакшыртып алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жакындарыңыздан белек алып да сүйүнөсүз. Ар кандай идеялар жаралып, аны жүзөгө ашыруу үчүн ишке катуу киришесиз. Бирок буга кимдир бирөөлөрдүн жардамы керек болуп, тааныш издейсиз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 703, 22-апрель-28-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан