КАМАКТАГЫ АДАМ КЫРГЫЗСТАНДАН ЭЭН-ЭРКИН ЧЫГЫП КЕТКЕН

Бирөөнү өлтүргөнгө, зордуктаганга же башка кылмыш кылганга шектелип милиция кызматкерлери тарабынан кайсы бир адам кармалды деген кабарларды күндө эле угуп-көрүп жүрөбүз. Бирок ошол кылмышка күнөөлүү адамдар дайыма эле тиешелүү жазасын алышабы? Тилекке каршы, андай эмес. Кээ бирлери иши сотко жеткиче эле жабырлануучу менен келишип алып эркиндикке чыгып кетсе, дагы бирлери соттолгондон кийин деле эркиндикке чыгып кетүүнүн айласын табышат. Оор кылмышы үчүн 10-15 жылга эркинен ажыратылган адамды 2-3 жылдан кийин көчөдөн жолуктуруу деле таң калычтуу болбой калды. Биз төмөндө бир топ адамды сызга отургузуп, алдап кеткен шылуундун кантип абактан качып кеткени тууралуу сөз кылмакчыбыз.

КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ ТАИЛАНДДА КАРМАЛГАН
Өткөн жылдын 8-ноябрында Таиланддын Пхукет шаарында жергиликтүү полиция кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз иштеп жүргөн Дмитрий Пиндюрин аттуу 27 жаштагы Кыргызстандын жараны кармалган. Кармалган учурда Пиндюрин гид катары 2 туристти коштоп жүргөн жана ал өлкөнүн аймагында иштөөгө уруксат кагазын полиция кызматкерлерине көрсөтө алган эмес. Анын жанынан 4 туристтик компаниянын брошюралары, ар кандай турлардын баалары жана орус тилиндеги туристтик карталар, аз эмес суммадагы акча: 900 доллар, 13 миң бат табылган.Дмитрий Пиндюрин мыйзамсыз иштеп жүргөндүгүн моюнуна алып, кылмыш ишин козгобоо үчүн полиция кызматкерлерине 40 миң бат (болжол менен 80 миң сом) пара сунуштайт. Полиция кызматкерлери макул болгон соң Пиндюрин таанышына телефон чалып, акча алдыртат. Бирок полиция кызматкерлери ал сунуштаган 40 миң бат параны алган соң ага пара берүү боюнча да айып тагышкан. Таиланддын мыйзамы боюнча, өлкөдө туризм тармагында Таиланддын жарандары гана иштөөгө укуктуу, мыйзам бузгандарга айып салынат жана өлкөдөн чыгарылат.

ПИНДЮРИН ДЕГЕН КИМ?
«Дима сварщик» деген лакап атка ээ Дмитрий Пиндюрин Кыргызстанда көп адамдарга белгилүү. Ал темир буюмдарды жасоочу «Базис» аттуу цех иштетерин айтып жарыя берип, элден дарбаза, чатыр сыяктуу үй-тиричилигине керектүү буюмдарды жасоого буюртма алып, акча колго тийген соң көрүнгөн шылтоо менен из суутуп кетүүнү адатка айланткан адам. Акчасын төлөп, бирок буюртмасын ала албай калгандар акыры андан түңүлүп, милицияга арыз жазышкан. Дмитрий Пиндюрин милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, ага алдамчылык беренеси боюнча айып тагылган.Тергөөнүн жүрүшүндө анын ондогон адамдардан акча алып, бирок буюртмасын жасап бербегендиги аныкталган. Алардын арасында 15-20 миң сом, дагы бирлери 100-200 миң сом берип, же акчасынан, же буюмунан жок калгандар болгон. Мындан сырткары «Дима сварщикке» алданган дагы канча адам арыз жазбаганы белгисиз. 2013-жылдын 11-сентябрында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Дмитрий Пиндюринди алдамчылык беренеси менен күнөөлүү деп таап, аны
6 жарым жылга жатак абакта жазасын өтөөгө жана ага акчасын алдатып жиберген адамдарга
600 миң сомдон ашуун акчаны төлөп берүүгө милдеттендирген.



КЫЛМЫШКЕРДИ КИМ ИЗДЕГЕНИ БЕЛГИСИЗ
6 жарым жылга соттолгон адам арадан 1 жыл өткөн соң кандайча Таиландда болуп калган? Биз муну иликтеп көрдүк. Жогорку Соттон анын күнөөлүү деп табылып, чын эле соттолгондугун маалымдашты. Ал эми Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы болсо, 1987-жылы туулган Дмитрий Пиндюрин Бишкек шаарынын Кызыл-Аскер аймагында жайгашкан №32-жатак абакта жаза мөөнөтүн өтөп жүрүп качып кеткенин, 2014-жылдын 25-октябрында ага издөө жарыялангандыгын билдирди. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын маалыматына караганда, Пиндюрин бир жумада бир жолу өзү жаза мөөнөтүн өтөп жаткан №32-жатак абакка барып катталып турган. Ал эми 25-октябрда катталганы барган эмес. Эреже боюнча издөө жарыяланганда качкан адам тууралуу маалыматтар бардык күч түзүмдөрүнө жөнөтүлөт. Ошондуктан жаза мөөнөтүн өтөп жүрүп ал Кыргызстандан кантип жана качан чыккан деген суроо менен Мамлекеттик чек ара кызматына кайрылсак, аталган мекемеден: «Чек ара көзөмөлдөө органдарынын иш тартибин аныктаган ченемдик укуктук актылардын негизинде сиз сурагандай маалымат укук коргоо, сот жана ыкчам издөө ишмердүүлүгүн жүргүзгөн мамлекеттик органдарга гана берилет. Андыктан Д.А.Пиндюрин жөнүндө маалыматты анын үстүнөн иш алып барган тиешелүү мамлекеттик орган аркылуу кайрылууңузду сунуш кылабыз»,- деген жооп алдык.

КЫЛМЫШКЕР КАЧУУГА АЛДЫН АЛА ДАЯРДАНГАН
Эч бир органдан жарытылуу жооп ала албаган соң айла жок Дмитрий Пиндюриндин атына жалпы жарандык паспорт берилгенби, берилсе качан берилген, мүмкүн, ал аты-жөнүн өзгөртүп башка паспорт алганбы деген суроолор менен Мамлекеттик каттоо кызматына кайрылдык. Алардын берген маалыматына ылайык, Пиндюрин Дмитрий Анатольевич 2014-жылдын 29-августунда Бишкек шаарындагы документтерди тез алуучу бөлүм тарабынан жалпы жарандык паспортун алган. Департаменттин маалымат-дарек бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, Д.А.Пиндюрин ушул эле жылдын 2-мартында Орусия Федерациясына чыгып кеткендиги жана ал Кыргызстанда издөөдө жүргөндүгү жөнүндө эч кандай маалымат жок экендиги аныкталган. Ошондой эле Бишкек шаарынын Свердлов райондук калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмүнүн маалыматы боюнча Д.А.Пиндюрин фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөрткөн эмес.Жаза мөөнөтүн өтөп жүрүп жарандык паспорт алганынан Пиндюриндин качып кетүүгө алдын ала даярданганын көрүүгө болот. Бирок ал кантип чек арадан чыгып кетти? Чубалган жиптин учу ушинтип чырт үзүлдү.

"ПИНДЮРИН ЭЧАК ЭЛЕ КЫРГЫЗСТАНГА ЖӨНӨТҮЛГӨН"
Дмитрий Пиндюрин Таиландда кандай жаза алганын билүү үчүн Кыргызстандын Малайзиядагы элчилигине байланышып, консул Куштарбек Шамшидовдон төмөнкүдөй жооп алдык:
– Бул факт боюнча Таиланддын тиешелүү органдарына байланыштык. Алардын билдиришинче, Дмитрий Пиндюрин лицензиясы жок туруп гид кызматын аркалап жүргөндүгү жана туристтерге кызмат көрсөткөндүгү үчүн сот тарабынан күнөөлүү деп табылган. Ошондуктан ал 2015-жылы 5-августта Кыргызстанга кайтарылган.Бул жооптон кийин ЖАМКга кайрылып: «Дмитрий Пиндюрин дагы деле издөөдө. Кыргызстан менен Таиланддын ортосунда кылмышкерлерди өткөрүп берүү келишими жок. Ошондуктан Таиланддагы тиешелүү органдар Дмитрий Пиндюринди учакка салып эле койсо керек. Таиланддан Кыргызстанга түз каттам да жок, ал жолдо келе жатып бир жерде калып калса керек. Эгер кармалса, Дмитрий Пиндюрин абактан качуу беренеси менен да соттолот жана эми жатак абакта жаза мөөнөтүн өтөбөйт»,- деген жооп алдык.

МААЛЫМАТ ҮЧҮН:

  • Кыргызстандагы жатак абактардын саны – 14.
  • Бул жатак абактарда жаза мөөнөтүн өтөп жаткандардын саны – 928 киши (2016-жылдын 13-апрелине карата).
  • Бүгүнкү күнгө карата жатак абактардан качып кеткендердин саны – 1056.
  • Жатак абактардан качып кетип кармалгандардын саны:
    2015-жылы – 264,
    2016-жылы – 51.
  • Абактан качкандарды кармоо боюнча ЖАМКнын ар бир райондогу Жаза аткаруу инспекциясы иш алып барат. Ошондой эле 2 айда бир жолу бардык күч түзүмдөрү аркылуу издөө жарыяланып турат.

Нурбек Абдыкадыров
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (11)
windows.kg
2016-04-25 10:01:37
Бул Кыргызстан!!! Бизде эркек киши паспорт алсан жынысы деген жерде аял деген жазуусу менен келип калышы да мумкун.
+3
windows.kg
2016-04-25 10:02:39
Тан калаарлык нерсе эмес биз учун коруп эле журбойбузбу ИИМ кандай иштегенин.
+5
nazarova_89.28
2016-04-25 10:35:09
Тоообо баягы баягы койчумандын таягы,бейбечаралар эле камалат акчалуулар шапар тээп журот ла.
+2
regina86
2016-04-25 14:02:20
Параны бир чонураакка аябай бергенда ошон үчүн камырабай паспорт алып анан коркпой Кыргызстандан чыгып кеткен да.Батукаевке окшоп....
+3
Wave.
2016-04-25 14:26:11
Кыргызстанда акчан болсо, баарын кылсан боло турган убакка келдик. Дагы эмнелерди баштап жиберээр экенбиз дагы.
0
jetinur90
2016-04-25 18:47:34
Бекеринен "сварщик"аталбаптыр да.
0
aisu12345
2016-04-26 07:35:20
Бизде жумуртка уурдаган же майда чуйдо кылмыш кылган бей бечараны камайт .Мындай кылмыштар эчнерсе эмес биз учун
+2
A3A
2016-04-27 12:36:34
Камаш керек эле деп коюп бошобой журушсо керек да
+1
Jyrgal8
2016-04-27 21:50:44
ушул нерсени окуп туруп берагы эле Ормон хан андан бери кечееги эле Разаковтордун Кыргыз эли учун кылган эмгегинин тебелендиде калганына ынандым Аллага шугур оз жерибиз оз элибиз бирок ушул бир жараан бир мамлекеттин устунон тебелеп ойноп кеткенине ким жоопту кайсы колу сынгыр ушунун акчасын мен алдым эле деп бизге жооп берет Супер инфонун жамааты ушуну жакшылап териштирсе соссуз бир эки суткор кармалаары турган иш.....
+2
cholponka91
2016-04-29 09:00:59
ии биз билгенибиз ушу белинбегени канча, ушундай иштейт биздин чондорубуз конуп деле калдык окшойт
0
alai1987
2016-05-01 18:28:18
супер инфо батукаевти ушинтип изилдеп тубуно жетип коргулочу. бул мындай эле орус экен таныбайбыз деле аны чон крим авторитеттерди качты олот деди эле менмосквадан кордум
0
№ 703, 22-апрель-28-апрель, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан