Урматтуу ата-эне, кулагыңызга күмүш сырга! “Cупер-Инфо” гезити Эл аралык балдарды коргоо күнүнө карата 30-май күнү саат 12:00дө“Асанбай” сейил багында “Бактылуу балалык” аталыштагы акция өткөрөт. Акцияга 3-6 жашка чейинки таланттуу балаңызды алып келип катыштырсаңыз болот. Сынактын талабы – катышуучулар жакшы көргөн мультфильм же жомоктогу каармандарына окшоп кийинип келүүсү шарт. Эң кооз форма кийип келген катышуучуга белектер берилет. Акция концерттик программа менен коштолуп, балдар үчүн атайын оюндар уюштурулуп, белгилүү ырчылар балакайларды куттукташат. Катышуучуларга кызыктуу белектер, таттуулар берилет.
Сурап-билүү телефону: 0557 75 63 16