"КЕЛИНЧЕГИМ БАЛДАРДЫ КАНТИП ТАШТАП КЕТЕМ ДЕП ЫЙЛАЙТ"

Бөйрөгү ооруган 25 жаштагы Нурзада Урусланова жумасына 2 ирет гемодиализ аппараты менен канын тазалатып турууга муктаж. Кан-сөлү билинбей аппаратта соолуп жаткан кызын көрүп түтпөгөн эне кызына өз бөйрөгүн берүүгө даяр. Ал эми жолдошу Урматбек Аскаров 4 жаштагы кызын кучактап ыйлаган келинчегин көргөн сайын каңырыгы түтөйт.

– Келинчегим экөөбүз 2008-жылы үйлөнгөнбүз. Ортодо 1 уул, 1 кызыбыз бар. Уулубуз 1-классты аяктап жатат. Келинчегим бала бакчада тарбиячы болуп иштеп жаткан. 2015-жылдын январь айында аны көрсөтөлү деп доктурга барсак, "өтүндө таш бар экен" дешти. Ташты алдырып салалы деп анализ тапшырдык. Ошондо врачтар канынын курамындагы креатинин деген заттын өлчөмү көбөйүп кеткендигин айтышты. Көрсө, ал затты бөйрөк иштетип, нормага салып туруш керек экен.
Ошентип, дарыгерлер анализдердин жыйынтыгы менен Нурзадага "гломерулонефриттин өтүшүп кеткен стадиясы" деген диагноз коюшту. Мындайча айтканда, бөйрөк иштөөсүн токтотуптур. Ошондон тарта гемодиализ аппаратын жандап, колдо болгон каражаттын баарын дары-дармекке корото баштадык. 1 жарым жылга жакындап калды, андан бери 50-55 жолу гемодиализ аппаратына жатты, канчалаган рекормон деген дары алдык. Келинчегим арыктап, сөлөкөтү эле калды. Ичкени ирим, жегени желим. Аппараттан соң канды керектүү заттар менен толукташ керек деп дары сайышат, "тамактандыргыла" дейт. Байкуштун тамактан көзү өткөнү менен, жарытып деле жей албайт. Жарым жан болуп турган өмүрлүк жарымды карап туруш мага оор. Өзүм куруучу болуп иштейм, андан сырткары такси кызматын кылам. Айтор, акча табам деп колго тийген адал жумуштун баарын кыла берем.
Азыр Казакстандын Алматы шаарында операция жасоо мүмкүнчүлүгү бар дешүүдө. Ал жакка жалпы 10 000 доллар кетет дешти. Туугандар, кайын журт, баарыбыз ар кай жактан бир аз акча чогулттук. Мындан сырткары элден да жардам болуп, каражаттын бир тобу чогулуп калды. Ушул операцияны жасатыш үчүн дагы 2500 доллар жетпей жатат. Врачтар болсо "айыгып кетишине үмүт зор" деп кубантышууда. Себеби Нурзаданын апасы кызына өз бөйрөгүн берүүгө макул болуп, ден соолугуна кайыл.
Баса, аппаратка жумасына эки ирет жатыш үчүн ар бир сеанска 7800 сом төлөчүбүз. Акыркы 1 айдан бери ФОМСтун тизмеси боюнча кезек келгендиктен 800 сом төлөп калдык. Ошол кезек деле бизге бирөөлөрдүн бул өмүрдөн кош айтышуусу менен келип калды да. Балким, айыгып кеткендердин ордуна жылгандырбыз. Айтор, оорулуулар айыгып, жашоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болушса экен. Келинчегим жашоо үчүн күрөшө берип чарчады окшойт, күчүн эле ыйдан чыгарат. Мен, апам, балдарым, баарыбыз аны жашоого шыктандырабыз, үмүт бергенге аракет кылабыз. 17-18 жашыбыздан бирге турмушка аттанып, уябызды бирге салган келинчегимди 8 эле жыл жашап колдон учургум келбейт. Бар үмүтүбүз элде калды, элден жардам күтөбүз.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (45)
kofesmolokom
2016-05-24 18:25:39
Кудай шыпаасын берсин!!!
+1
bagira77
2016-05-24 22:22:37
Аллахым шыпаасын берсин!
0
Kroxa
2016-05-24 22:34:24
Келгиле колдон келгенин Берели мейли 50 мейли 100сом болсода коп тукурсо кол болот единица эле салып койсок болот экен,кайдыгер карабайоы туугандар,сакайып кет балдарындын мандайына аман бол!!
+2
ofcourse
2016-05-26 07:13:28
Сакайып кеттсин!!!!
0
mishonia8077
2016-05-26 08:41:24
Аллахым шыпаасын берсин
0
tim11ai
2016-05-26 11:20:45
Ииий боорум ооруп кетти. Кантип жардам бере алабыз??
0
Shaa-82
2016-05-26 15:36:24
Откондо менда бир келин менен бир таксиде чогуу жол журуп калдым эле ал да Ошко келип кетет экен кундо аппаратка тушкону. Эки бойрогумда солуп калган дейт, апасы береин десе операцияны которо албайт дешиптип врачтар. Жаман журогум ооруп кетет ушундайларды коруп. Аллах пенделерине озун шыпаа бер!
+1
kentt
2016-05-26 18:24:30
sakaiyp alsyn iiii
0
feruz1990
2016-05-27 12:23:48
Биз Москвадабыз кантип которсок болот акча
0
I_love_dance
2016-05-27 13:14:39
feruz1990, ЭЛСОМ электрондук капчыктын номери: 0557800323.Ушул номерге кадимкидей эле терминалдан же төлөм кабыл алуучу пункттардан бирдик (единица) салып койсоңуз, Урматтын капчыгына түшөт. Канча сом салсаңыз ошончо.
0
I_love_dance
2016-05-27 13:15:26
feruz1990, "ЭЛСОМ" - электрондук капчык. Төлөм кабыл алуучу терминалдарга барасыз. Ал жактан электронный кошелек деген бөлүмдү тандап, арасынан "ЭЛСОМ" дегенди тандаңыз. Аны басып номерди терсеңиз, Урматбек Аскаровдун эсебин толуктоонун шарттары чыгат.
0
besha
2016-05-28 14:58:41
I_love_dance, Москвадан ал счетко,реквизитке которулбайт экен. Интернеттен кайсы номерге жонотсо болот.
0
askaru
2016-05-28 07:47:26
Ассаламуалейкум урматтуу окурмандар.Мен Урмат орукчан келиндин жолдошу болом,биз азыркы учурда Алмата шаарында жеке ооруканада жатабыз.26майда операция жазалды,азыр апамда айалым да озулорунун палаталарында жатат.Кудай буюрса жакшы тиккен жерлери кичине ооруп,абалдары туруктуу болбой жатат.Медсестралар аялымдын жанынан чыкпай карап жатышат.
0
Abdullatif
2016-05-28 20:12:21
Аллах озу жардам берсин, айыгып кетсин. Аллах суйгон пендесине дарт берет, даба берет. Ал дартка сабыр кылып чыдаган болсо, билип билбей кылган куноолорун кечирет. Бул да болсо Жараткандын сыноосу, шугур айтыш керек, дабасын Озу берет.
+1
askaru
2016-06-03 08:44:04
саламатсыздарбы кече кайненемди Алматадан алып келдим.Денсоолугу кудайга шугур жакшы эле жолдон кыйналбай келди.КЕлинчегим буюрса келерки жумада чыгат.
0
askaru
2016-06-03 08:51:41
Операциядан кийин иче турган даарылары абдан кымбат экен ошого реабилитациясына кичине жардам кылсанар жакшы болоор эле.Ушул счетко сом которсонор болот.Рск бик 129005 Расчетный счет 129005.351.00000.48 ИНН 42 01 01 999 101 20 Карт счет 000000 512 544 рахмат.Мурунку счетко жонотулгон ачалар ээлерине кайтарылып берди себеби реквизитти туура эмес берип койуптур
0
Гүлжан Асанкожоева
2016-06-03 09:43:46
Урматтуу порталдын колдонуучулары! Баарыңыздарга чоң рахмат. Нурзаданын жолдошу Урмат Аскаров бүгүн (03.06) жакшы жаңылыгы менен бөлүштү. Операция ийгиликтүү аяктап, Нурзаданын абалы канааттандырарлык экен. РСК банкы реквизиттерди Урматка туура эмес берип койгондуктан которулган каражаттар өз дарегине жетпей калыптыр. Эгер араңыздардан Урматтын РСК банкындагы ачылган счетуна акча кототргондор болсо банкка кайра барып, эсепти көрсөтүп, каражатты кайтарып алыңыздар.
0
Гүлжан Асанкожоева
2016-06-03 09:46:26
Счеттун оңдолгон, туура варианты;
Алуучунун банкы: РСК.
БИК: 129005
Расчетный счет 129005.351.00000.48
ИНН 42 01 01 999 101 20
Карт счет 000000 512 544
ЭЛСОМ электрондук капчыктын номери: 0557800323
0
№ 707, 20-май-26-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан