ГҮЛЖАН ИРЕШТИН «ЖИБЕК ЖОЛДУН АК-КОНУШУ» ДОЛБООРУ ЕВРОПАНЫ КЫДЫРАТ

Гүлжан Иреш – Кыргызстандын мода индустриясын дүйнө жүзүнө таанытып келе жаткан инсандардын бири. Анын идеясынан жаралган панно (ар түрдүү орнамент менен кооздолуп жасалган дубалга илинүүчү чакан туш кийиз) жана кийимдердин коллекциялары аркылуу кыргыз тарыхына көз чаптырса болот.

– Гүлжан айым, Европанын беш өлкөсүндө сиздин «Жибек Жолдун Ак-Конушу» аталышындагы долбооруңуздун алкагында маданий иш-чаралар өткөрүлгөнү жатыптыр. Даярдыктар жакшыбы?
– Бул долбоор 2015-жылдын аягында «Кристенсен» фонду тарабынан колдоого алынган. Максаты – кыргыздын этно-фольклордук өнөрүн дүйнөгө алып чыгуу. Буюрса, 24-майда сапарга чыгабыз. Улутту улут кылган – бул анын тили, өнөрү, сактап калган баалуулуктары. Аны дүйнөгө канчалык мыкты деңгээлде көрсөтсөң ошончолук сенин улутуңдун, элиңдин зоболосу көтөрүлөт. Биз ошол үзүлбөгөн учукту улап, Европа элине кыргыздын көөнөрбөс мурастарын тартуулайбыз. Долбоордун алкагында көрүүчүлөргө элибиздин ыр-күүлөрүн, дастандарын дүйнөгө көргөзүп жүргөн «Ордо Сахна» этнографиялык театрынын чоң концерти, өзгөчө үндүү ырчыбыз Гүлзада Рыскулованын ырлары тартууланат. Илгерки саймаларды сактап, жандандырып келаткан «Саймалуу Таш» галереясынын панно, туш кийиздери, ошондой эле тери бетине түшүрүлгөн сүрөт-паннолору жана этникалык стилде жасалган «Хантун» жана «Алтай» коллекцияларынын фэшн-шоусу, «Букон» студиясынын кийизден жасалган буюмдары тартууланат. Сапарыбыз Швейцариядан башталып, Австриядан аяктайт.

– Чет өлкөдөгү уюштуруу иштерине кимдер көмөк көрсөтүп жатышат?
– Алыскы аралыкта туруп иш-чара уюштуруу өтө көп убакытты, сүйлөшүүлөрдү талап кылат. Швейцарияда баштан-аяк «BPN» компаниясы уюштуруу иштерин жогорку деңгээлде өткөрүү жоопкерчилигин алышкан. Франция, Нидерланды, Австрия өлкөлөрүндө Кыргызстандын элчилиги менен досторубуз уюштурушууда. Аларга терең ыраазычылык айтам.

– Ушундай чоң долбоорду Европага алып чыгуу идеясы каяктан келип чыкты?
– Долбоор элге «Жибек Жолдун Ак-Конушу» деп берилип жатканы менен, жеке өзүм «Кыялдар орундалат» деп атап алгам. Себеби 6-7 жыл мурда ушул кыялдар жөнүндө көп сөз кылчумун, ал ойду багып отуруп, анан элестеткенге өттүм. Бардык нерсенин мезгили жеткенде, кандайдыр бир күчтөрдүн сүрөөнү менен өзүнөн-өзү алдыга жыла баштайт. Мен «Кристенсен» фондунун өкүлдөрүнө идеяны долбоор катары эмес, кыял катары сунуштагам. Кагаз жүзүнө түшүргөндө долбоор болуп калды.

– Сиздин чыгармачылыгыңызга кайрылсак, жараткан паннолоруңузбу, коллекцияларыңызбы коюлган аттарына караганда артында бир нерсени катып тургандай…
– Кыргыздын ар бир салт, үрп-адат, санжыра, дастан, макалдарынын артында кандай гана философия жатат. Кайсы кырынан казсаң да ошончолук түбүнө жетпеген тереңдик бар. Ошол сыяктуу эле сенин кабыл алууң өзүңдүн дүйнө таанымыңа жараша болот. Берем деген чыгармаңды канчалык түрдө ачып берсең да, коюлган аты менен көрүп жаткан адамдын кабылдоосунда баары бир түпөйүлдүктү калтырат. Мен жеке өзүм көргөзмөлөрдөн ошондой таасир алам.

– Коллекция жаратуу канча убакытты талап кылат?
– Коллекция жасоо көп жыл оюмда болгону менен, убакыт-сааты жакында эле жетти окшойт. Акыркы беш жыл аралыгында болгону эки коллекция жасадым, бири «Дербиш», экинчиси «Хантун». Экөө философиялык мааниси боюнча бири-биринен асман менен жердей айырмаланат. Дүйнөнүн бар-жогуна кайыл болуп, бул жашоого келгени бир Кудайга кызмат кылган дербиштин жупуну кийимдери жана кериле басып, күмүш шөкөттөргө, баркыт-жибекке оронгон хантундар. Эки коллекциянын тең аягына чыктым деп айта албайм. Эки тема тең мен үчүн бүтпөс дастан. Дүйнөнүн кайсы бурчунда көрсөтпөйүн философиясы дайыма актуалдуу. Себеби бул күнүгө жаңычылдыкты талап кылган заманбап кийимдер эмес.

– Биздин шоу-бизнесте кимдер менен иштешесиз?
– Мен стиль боюнча кеңешимди эч кимден аябайм. Сатыкка жана буйрутмага атайын кийим жасабайм. Мага кийимдин негизги өзөгү бүткөндөн кийин анын үстүнөн иштеген жагат. Саркеч кийимди байыркы кийимге айланта алам же тескерисинче. Чыгармачылык чөйрөдөн Гүлзада Рыскулова менен иштешкем. Акыркы мезгилде «Ордо Сахна» тобу менен стилинин үстүндө иштешип келе жатам.

– Сөзүбүздүн акырында алдыңызга койгон максаттарыңыз, кыялдарыңыз менен ой бөлүшүп кетесизби...
– Жакында Европанын шаарларында өткөрүлө турган долбоорду андан ары улантканга аракет кылам. Японияга, Монголияга, Американын резервацияларындагы индейлерге, Тибетке, Алтайга көрсөтүлө турган долбоорлордун үстүндө азырынча кыялым менен ой багып жатам. Сен канчалык жаш баладай кыялдарыңдын орундалышына ишенсең, ал сөзсүз аткарылат.


"Чыгармачылык чөйрөдөн Гүлзада Рыскулова менен иштешкем".

"Хантун" коллекциясынан күмүш шөкөттөргө, баркыт-жибекке оронгон хантундарды көрүүгө болот.

Гүлжан айымдын идеясынан жаралган "Дербиш" коллекциясы.

"Хантун" менен "Дербиш" коллекциясы мен үчүн бүтпөс дастан".


Кыргыз тарыхын чагылдырган паннолор.

Динара Абдыкадырова
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aijamal_95
2016-05-23 16:05:27
Эн соонун экен ийгилик сизге.
+3
bosmos777
2016-05-26 15:41:25
Ийгиликтер!
0
№ 707, 20-май-26-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан