SUPER.KG'ден "КҮНСЕРЕП"

SUPER.KG порталында “Күнсереп” рубрикасы өз ишин баштап, күн ичинде болуп өткөн коомдук жана саясий окуяларга саресеп салынууда. Биз окурмандарды мына ошол рубрикада жарыяланган макалалардын урунттуу учурлары менен тааныштырабыз.

12-МАЙ:МААНИСИН ЖОГОТКОН МАЙРАМДАРДАН АРЫЛУУГА УБАКЫТ КЕЛДИ

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев "тарыхый маанисин жоготту" деген жүйө менен өлкөдө 3 майрамды жоюуну сунуштап жатат. Алар: 23-Февраль – Ата Мекенди коргоочулардын күнү, 5-Май – Кыргыз Республикасынын биринчи Конституциясы кабыл алынган күн жана 7-Ноябрь – Улуу Октябрь революциясынын күнү. Депутат булардын ордуна кызыл дата катары Энелер күнүн (май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет) жана 1-Июнь – Балдарды коргоо күнүн киргизүүнү сунуштады.
Мамлекеттик расмий ар бир майрамдын идеологиялык жактан максаты жана мааниси болушу зарыл. Бүгүнкү күндө 7-Ноябрь – Октябрь революциясынын күнү менен биз кайсы жаштарды тарбиялайбыз? 23-Февраль же 5-Май мененчи? 1993-жылдын 5-майында эгемендүү Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамы кабыл алынган. Бул тарыхый дата. Андан бери бул Конституция 7 ирет ар кандай өзгөрүүлөргө туш болду. Акыры 2010-жылдын 27-июнунда, жалпы элдик референдумда буга чейин кетирилген кемчилик, катачылыктарды эске алуу менен жаңы Баш мыйзам кабыл алынды. Ал өзүнүн тарыхый миссиясын аткарып жатат. Өзүнүн маанилүүлүгүн далилдеди. Демек, Конституция күнү катары 27-июнду кызыл дата менен белгилесек максаттуу болмок. 7-Ноябрь – Улуу Октябрь революциясынын күнү да тарыхтагы дата. Аталган майрамды мурунку советтик өлкөлөрдөн Кыргыз Республикасы гана азыркыга чейин белгилейт. Бул күнгө караганда учурдагы көз карандысыз Кыргыз Республикасы үчүн 7-апрелдин мааниси бийик. Президент Алмазбек Атамбаев: "Бара-бара 7-Апрель кыргыз эли үчүн салтанаттуу, ыйык майрамдардын бири болот",- дейт. Кыргыз эли эркиндик, адилеттүүлүк жана демократияга умтулуу жолунда бир топ катаал жолду басып өттү. 7-апрелге чейин биз 2002-жылдын 17-мартындагы, 2005-жылдын 24-мартындагы окуяларды баштан кечирдик. Ал күндөрдү унутпашыбыз зарыл.

13-МАЙ:КОНСТИТУЦИЯГА ӨЗГӨРТҮҮ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН ШЫЛТООЛОР УЛАМ ӨЗГӨРҮП ЖАТАТ

Жогорку Кеңештин депутаттары Өмүрбек Текебаев, Алмамбет Шыкмаматов, Бакыт Төрөбаев жана Тынчтык Шайназаров "Референдум жөнүндө" конституциялык мыйзамына өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп чыгышты. Демилгечилер референдум өткөрүүдө биометрикалык тизмени киргизүү жана референдум өткөрүүнү демилгелөө жолун кеңейтүүнү максат кылып жатышкандыктарын айтышты. Азыркы мыйзамга ылайык референдумду президент дайындайт. Аны өкмөт, депутаттар же 10 миң шайлоочу демилгелей алат.
БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин Азимжан Аскаровго байланыштуу чыгарган чечими кыргыз бийлигине Баш мыйзамды өзгөртүүнү демилгелеп чыгууга ыңгайлуу кырдаалды түздү. Оппозициялык күчтөрдүн жанданышы да бийликти бекемдөө жолдорун издөөгө түрткү берет. Мындай жагдай Жогорку Кеңештеги партияларга өздөрүнө керектүү пункттарды Конституцияга кошууга мүмкүнчүлүк берет, мисалы, фракциядагы депутаттарды башкаруу рычагын... Депутатты мандаттан ажыратып коюу, талапкерлердин тизмесин шайлоодон кийин өзгөртүү өңдүү мүмкүнчүлүктөр Баш мыйзам аркылуу кирсе, партлидерлердин баш оорусун азайтмак.
Эгемендүү Кыргыз Республикасынын тарыхында Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү демилгелери дайыма бийликтин кайсы бир бутагын күчтөндүрүү менен аяктап келген. Ал өзгөртүү, толуктоолор жашообузду жакшыртып жиберген жок. Тескерисинче, эки ирет элдин көтөрүлүп чыгып, бийликтегилерди айдап жиберүүсүнө жеткирген.

16-МАЙ: БИШКЕК ШААРДЫК МИЛИЦИЯСЫ ПИАНИНОНУ "КАМАККА АЛДЫ"

Укук коргоочулар Ак үйдүн алдында президент Алмазбек Атамбаевдин сынына нааразычылык билдирип митинг өткөрүштү. Акцияга 30га жакын укук коргоочу катышып, президентти сотко берерин билдиришти. 14-май күнү "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Баатыр энелерди куттуктоо аземинде өлкө башчысы сөз сүйлөп, "Элдик парламент" кыймылынын мүчөлөрүн, оппозициялык күчтөрдүн, укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулованын аракеттерин сындаган эле. Ал "Элдик парламент" бирикмесин, алар өткөргөн форумга катышкан укук коргоочуларды "дерьмократтар" деп атап, "Эгер бүткүл эл президенттин отставкасын каалап жатат деп ойлосоңор, президент Атамбаевге ишеним боюнча референдум демилгелеп чыксаңар болот. Эл Атамбаев кетсин деп добуш берсе, мен кетем",- деген.
"Элдик парламент" бирикмесинин өкүлдөрү Бекболот Талгарбеков, Төрөбай Колубаев жана Марат Султанов УКМК тарабынан кармалып, "бийликти күч менен басып алууга даярдануу", "бийлик өкүлдөрүнө күч колдонууга даярдануу" беренелери боюнча кылмыш ишинин негизинде 2 айга тергөө абагына камалган. "Элдик парламент" ким да, президент ким? Ушундай жагымдуу майрам учурунда кайдагы бир Талгарбековдордун атын бирден атап, кайрылып, алардын деңгээлине түшүүнүн зарылчылыгы жок болчу. Камакка алынгандар тууралуу маалымат берүү, аларга карата эскертүүлөрдү берүү дагы шаардык милициянын же бир мекеме башчысынын деңгээлиндеги иш" деп президенттик маалымат кызматты сындагандар да болду...
Бишкек шаардык милициясы пианинону "камакка алды"... Тактап айтканда, шаардыктарга белек катары көчөгө орнотулган пианинону милиция алып кетти. Бишкек ШИИББине бүгүн шектүү буюм тууралуу маалымат түшүп, пианинону сапёрлер текшерүүгө алууга үлгүрүшкөн. Сапёрлор бул буюмга мина орнотулган же орнотулбаганын тактай алышпай койгон өңдүү, текшерүүдөн кийин пианинону Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына алып кетишкен. Музыкалык аспапты шаардыктардын көңүлүн өстүрүү, музыкага, маданиятка кызыгуусун арттыруу максатында көчөгө "Ата Мекен" партиясынын жаштар канаты жума күнү орнотуп, шаардыктардын ачык асман алдында пайдалануусуна тартуулаганы белгилүү болду. Мындайды мурун Бишкектен көрбөгөн милиция кызматы учурда пианинонун тагдырын чече албай, ойлонуп турат. Дүйнөнүн көптөгөн ири шаарларында ачык асман алдына орнотулган пианинолор кадимки көрүнүш.

17-МАЙ: РЕВАНШИСТТЕР СЫНООГО ЧЕЙИН ЭЛЕ СЫЗГА ОТУРУШТУ

Бишкек шаардык сотунда президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаев менен экс-депутат Хаджимурат Коркмазовго карата козголгон кылмыш ишинин негизинде кезектеги соттук отурум өттү. 2015-жылдын ноябрында Бишкектин Биринчи Май райондук соту Данияр Нарымбаевди 3 жылга, Хаджимурат Коркмазовду
1 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.
Бул иште катыштыгы бар катары ысымы айтылып жаткан Жогорку Соттун төрайымынын мурунку орун басары, кийинчерээк Соттор кеңешин жетектеп жүргөн Канатбек Турганбеков жакында кызматтан кетүүгө арыз жазганы белгилүү болгон. Анын арызы Жогорку Кеңештин 19-майдагы жыйынында каралмакчы. Өмүрбек Текебаев баштаган "ата мекенчилер" Нарымбаевдин камакка алынышын "атайын уюштурулган иш" катары көрсөтүүгө аракет кылышууда. Буга чейин "өчүп калыптыр" делинген Ак үйгө кирген-чыккандар жазылуучу видеотасманы калыбына келтиришип, тергөөдө маанилүү жагдайларга атайылап көңүл бурулган эмес деп, сотто бул жагдайларга көңүл бөлүү керектигин айтышууда. Жакында абактан чыккан Нариман Түлеев болсо "Нарымбаев акчаны колуна алып жатканда кармалбаганына сүйүнсүн" деди.
Күтүлгөндөй эле "Элдик парламент" бирикмесинин бүгүн, 17-майда "50 миң адамдын катышуусунда өтөт" деп пландалган жыйыны болгон жок. Бирикменин мүчөсү Расул Умбеталиев митинг биримдиктин лидерлери Бекболот Талгарбековдун, Төрөбай Колубаевдин жана Марат Султановдун камакка алынышына байланыштуу токтотулганын билдирди. Жыйын кезектеги сыноо болду. Реваншисттер ал сыноодон өтпөй калышты...
Лондон шаарынын жаңы шайланган мэри Садик Хандын аялдамада автобус күтүп турган сүрөтү интернетте кызуу талкууга алынып жатат. Көпчүлүк колдонуучулар батыштагы өнүккөн өлкөлөрдө чоң кызматтагы чиновниктердин эл менен аралаш коомдук унааларда же велосипед тээп жүрүшү кадимки көрүнүш экенин сөз кылышууда. Орусиялык интернет колдонуучулар: "Лондондун жаңы мэри аялдамада автобус күтүп турат! Собянин (Москва шаарынын мэри Сергей Собянин) өтүп кеткенден кийин гана автобустарды өткөрүшөт",- деп комментарий калтырып жатышат.
Кыргыз жеринде деле Бишкектин мэринин же премьер-министрдин аялдамада автобус күтүп турушун элестетүү кыйын. Коомдук акцияларда гана бир күн велосипед тээп элге аралашканы болбосо, калган күндөрү бишкектиктер шаар башчысынын көчөдө жөө баратканын көрүшпөйт деле. Лондондогу жөнөкөйлүк маданияты азырынча Бишкекке келе элек.

18-МАЙ:КЫРГЫЗ ПАСПОРТТОРУ ДҮҢҮНӨН САТЫЛА БАШТАДЫ

Стамбулда Кытайдын 98 жараны Кыргыз Республикасынын жасалма паспорттору менен кармалды. Түркиялык басылмаларга таянсак, алар Сауд Арабиясына учуп кетмекчи болушуп, полиция учакка жеткизбей аэропортто кармаган. Уйгур улутунун өкүлдөрү болгон бул адамдар Үрүмчү шаарынан учуп келип, Түштүк Кипрге алган билеттерин көрсөтүү менен көзөмөл-өткөрүү бекетинен транзиттик залга өтүшкөн. Транзиттик залда бул топко 4 адам кыргыз өлкөсүнүн паспортун тараткан. Ар бири паспорт үчүн 2,5 миң евро төлөгөнү айтылат маалыматта. Кыргыз паспорту кантип жасалып, ким тарабынан берилгенин териштирүү башталды.
Кыргыз өлкөсүндө паспорт берүү тармагынын коррупциялашып кеткени буга чейин дагы чуулгандуу окуялар менен далилденип келет. Издөөгө жарыяланган чет жердик жарандардын Кыргыз Республикасынын паспортун пайдаланып жүргөнүнө байланыштуу мисалдар арбын. 2013-жылы казакстандык олигарх, экс-чиновник, эл аралык издөөдө жүргөн Мухтар Аблязовго Кыргыз Республикасынын эки паспорту берилгени белгилүү болгон. Мамлекеттик каттоо кызматынын териштирүүсүндө Аблязовго эки жарандын наамындагы паспортторду Аламүдүн райондук паспорт столунун башкы адиси Нуржамал Үсөнова бергени, анын жанынан жасалма мөөр табылганы белгилүү болгон. Аталган айым жасалма паспорт берүү боюнча 9 буюртма алганы аныкталган.
Орусиядагы "кара тизме" түйшүгүнөн улам паспортун алмаштырган мекендештерибиз да арбын. Мисалы, 2014-жылы эле мамлекетибиздин 42 миң жараны аты-жөнүн же туулган датасын өзгөрткөн. ИИМ жаңы паспорт берүүдө 227 жарандын пин-коду жана аты-жөнү мыйзамсыз алмашканын жарыялаган. Мындай мыйзамсыз аракеттерди тыюу азырынча кыйын иш. Анткени Кыргыз Республикасы “кара тизмеге” илинген жарандарын өз мекенинде кармап туруу үчүн иш орундарын сунуштай албайт. Андыктан жарандар “кара тизмеге” илинген аты-жөнүн өзгөртүү аракетин токтотушпайт. Мындай кызмат көрсөтүүгө суроо-талап жогору, демек, пара алуу-берүүгө дагы...
Ош шаарынын башчылыгына эки талапкер: Айтмамат Кадырбаев менен Алишер Мойдунов ат салышары белгилүү болду. Ош шаардык кеңешиндеги коалициялык көпчүлүк шаар башчылыгына азыркы мэр Кадырбаевди көрсөтсө, оппозициялык “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы Мойдуновду сунуштады. Шаар башчысын шайлоо 25-майда өтөт.
2014-жылы январда Ош шаарынын башчысын шайлоодогу КСДП менен “Улуттар биримдиги” партияларынын тиреши көпчүлүктүн эсинде. Шаардын борбордук аянтында Мелис Мырзакматовдун 5 миңдей тарапкерлеринин кыйкырык-сүрөөнү менен коштолгон шайлоодо КСДПнын талапкери Айтмамат Кадырбаев 25, Мелис Мырзакматов 19 добуш алган. Ошентип, 21 мандаты бар “Улуттар биримдиги” 11 мандаттуу КСДПга утулуп калган.
Алишер Мойдунов буга чейин эл аралык уюмдарда иштеп келген. Азыркы мэр Кадырбаевге келсек, бул адамдын активинде жакындарына байланыштуу чуулгандуу окуялар бар. Мисалы, үстүбүздөгү жылдын башында шаар башчысынын бир тууган эжеси Заркөкүл Кадырбаева жол-кайгуул кызматкерлери менен урушуп, “каалаганыңарды кылып алгыла” деп кетип калган окуянын видеосу интернетке жайылган. Бул окуя катуу сындалып баштаганда гана аталган жаран айып пул төлөөгө аргасыз болгон.
Жакында Ош шаарындагы “Байчечекей” бала бакчасында балдарга курттаган тамак берилгени коомчулукка жарыяланган. “Аталган балдар бакчасынын жетекчиси Орозгүл Бектанованы иштен алууга классташы, учурдагы мэр Кадырбаев тоскоолдук жаратып жатат” деген маалыматтар ЖМКларда жарыяланып, азырынча шаар башчысынан жооп боло элек.
Ошентип, бул жолу Ош шаарынын башчылык кызматына КСДП менен “Өнүгүү-Прогресстин” талапкерлери ат салышууда. КСДПнын куржунунда 16 мандат, “Өнүгүүдө” 4 гана мандат бар. Алишер Мойдунов көпчүлүккө анча таанымал эмес талапкер. Өмүр баянынан акыркы 5 жылда эл аралык уюмдарда иштегенин көрүүгө болот. Демек, Кадырбаевде жылуу ордун сактап калуу “шансы” жогору.

www.super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
№ 707, 20-май-26-май, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан