«Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө» мыйзам бар. Мыйзамда жазылган порнографияга, улут аралык жик салууга жана зордук-зомбулукка үгүттөө мазмуну бар тасмаларга Кыргызстанда тыюу салынат деген беренеси буга чейин иштебей келген. Бул беренени иштетүү үчүн Маданият, маалымат жана туризм министрлиги комиссия түзүп, жобосун иштеп чыкты. Бул тууралуу киночулардын оюн уктук.
Муктаалы Бектеналиев, Кино департаментинин жетекчиси: «МЫЙЗАМ ЧЫГАРМАЧЫЛЫК ЭРКИНДИКТИ ЧЕКТЕБЕЙТ»
– 2001-жылы Жогорку Кеңеште «Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө» мыйзам кабыл алынган. Бул мыйзамдын аркасы менен киностудияларыбызды, кинотеатрларыбызды сактап калдык. Мыйзамда жазылган порнографияга, улут аралык жик салууга жана зордук-зомбулукка үгүттөө мазмуну бар тасмаларга Кыргызстанда тыюу салынат деген беренеси иштебей келген. Сөз кылып жаткан берененин иштей турган механизмдери да жазылбагандыктан өткөн жылы ал беренеге өзгөртүү киргизип, мыйзам долбоорун өткөрүп алдык. Быйыл комиссия түзүп, жобосун иштеп жатабыз. Комиссияга Ички иштер, Саламаттыкты сактоо, Билим берүү, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен, муфтияттын өкүлдөрүнөн адистер кирип, иш алып бармакчы. Биз бул мыйзам менен чыгармачылык эркиндикти чектейли деген жокпуз. Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн порнографиялык жана башка терс багыттагы маалыматтарды алуусунун алдын алалы деп жатабыз.
Темир Бирназаров, режиссёр: «ЭРОТИКА МЕНЕН ПОРНОГРАФИЯНЫ АЖЫРАТЫШЫБЫЗ КЕРЕК»
– Бул мыйзамды коом талап кылып жаткандан кийин киргизиш керек деп ойлойм. Биздин коом моралдык, нравалык жактан оорулуу. Коомго диагноз койгон – бул режиссёр менен журналисттер. Биз эротика менен порнографияны ажыратып алышыбыз керек. Эротика сулуулукту чагылдырат десек болот. Ал эми порнография – бул сулуулук эмес, натурализм. Порнографиялык тасмалар бизде жок. Бирок чет элден келген мындай жанрдагы тасмаларды чектешибиз керек. Ошондуктан бул мыйзамдын кабыл алынышын колдойм.
Садык Шер-Нияз, режиссёр: «КЫРГЫЗСТАНДА ПОРНОГРАФИЯЛЫК ЫКМА МЕНЕН ТАРТЫЛГАН ФИЛЬМ ЖОК»
– Бизде «Кинематографияны мамлекеттик колдоо жөнүндө» мыйзам мурунтадан бери бар. Анда кинотасмаларда порнографияга, улут аралык козутууга, расалык козутууга үндөгөн чыгармаларды чектеген берене бар. Ал беренеге толуктоо эле киргизип жатса керек. Бул анчалык чоң жаңылык эмес. Кыргызстанда порнографиялык ыкма менен тартылган фильм жок. Ал эми жылаңач аял тартылган кадрлар бар. Мисалы, Мелис Убукеевдин, Андрей Кончаловскийдин тасмаларында. Андайды көрсөтпөш керек дегенден алысмын. Анда сүрөткерлердин ой-толгоосуна, чыгармачылыгына чек коюп коюшубуз мүмкүн. Батыштын айрым сүрөткерлери эротика аркылуу өзүнүн оюн айтып, бир нерсени ачып берип жатат. Аларды да токтотобуз десек Микеланджелонун сүрөттөрүн жыртышыбыз керекпи? «Курманжан датка» тасмасында Курманжанды жуунткан жери бар. Ал аркылуу кыргыздын салтын көрсөттүк. Кыргыздар кызын турмушка узатарда кой кайтарып жүргөн жеринен узаткан эмес да.
Эрнест Абдыжапаров, режиссёр: «МЫНДАЙ ТЫЮУ САЛУУ БИЗДИН РЕЖИССЁРЛОРГО ТЕРС ТААСИРИН ТИЙГИЗБЕЙТ»
– Мындай тыюу салуу кыргыз тасма жаратуучуларына терс таасирин деле тийгизбейт. Анткени биздин режиссёрлор порнографиялык кадрлары бар тасмаларды көрүүчүлөргө сунушташпайт. Өткөн жылы "Грей мырзанын элүү кыры" тасмасы көрсөтүлгөн. Бул ачыктан-ачык кыргыз элинин моралдык каада-салтын, менталитетин бузган кино болгондугуна карабай көрсөтүүнү токтотууга биздикилердин алы жетпей койду. Андыктан кыргыз жергесинде көрсөтүлүп жаткан чет элдик тасмаларга бөгөт коюу максатында ушундай демилге көтөрүлүп жатат. Тасма аркылуу элди, коомду тарбиялоого, жакшы же жаман жакка өзгөртүүгө болот. Андыктан мен бул демилгени колдойм.
Бул маселе тууралуу дүйнөлүк тасмаларды көрсөткөн Синематика кинотеатрлар тармагынын өкүлүнө кайрылганыбызда, ал: "Биздин кинотеатрларыбызда порнография камтылган тасмалар көрсөтүлбөйт",- деген жооп узатты.
Комиссия тасмалардагы
эротика менен порнографияны так аныктап, кыргыздын каада-наркына каршы келген тасмаларга бөгөт коёт деп ишене туралы. Бирок чылпагын алам деп көзүн чукуп алгандай болбосо эле болду.
Султан Төрөбеков
koom@super.kg