30 ЖАШТАГЫ АЯЛ 5 ЖАШТАГЫ БАЛАНЫ УУРДАП, ОРООСУНА ЫРГЫТЫП ЖИБЕРГЕН

Нарын шаарында 30 жаштагы аял 5 жашар баланы уурдап кетип, оозун, колу-бутун таңып ороосуна катып койгон деп шектелүүдө. Төбө чачты тик тургузган бул окуяга эмне себеп болгондугун билүүгө аракеттендик.

"БАЛАНЫН ООЗУНА ЧҮПҮРӨК ТЫГЫП, ОРООГО КАТЫП КОЙГОН"

 Бул окуя тууралуу Нарын ОИИБинин тергөөчүсү Тилек Токтакунов төмөнкүдөй маалымат берди:

– 2016-жылдын 3-июнь күнү Нарын ШИИБине 1955-жылы туулган Нарын шаарынын тургуну кайрылып, анын 2011-жылы туулган небересин короодо ойноп жаткан маалда белгисиз аял уурдап кеткендигин маалымдаган. Бул маалымат боюнча иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында кылмышка шектүү катары 1986-жылы туулган Койсун Темирова аттуу Нарын шаарынын тургуну кармалган. Ал баланы алдоо жолу менен уурдап барып, колу-бутун байлап, оозуна чүпүрөк тыгып, скотч менен таңып өз үйүнүн ороосуна катып койгон экен. Бул кылмыш иши боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Күбөлөр да көрсөтмө беришти. Учурда Койсун Темированын үстүнөн Кылмыш жана жаза кодексинин 123-беренеси (адам уурдоо) жана 125-беренеси (мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектүү мурда соттолгон эмес, 2 кызын жалгыз бой тарбиялап жүрчү экен. Кылмышка шектүү "Баланын таятасы экөөбүз көптөн бери жакшы мамиледе болчубуз. Мурун ал менин кызымды уурдап кеткен эле. Ал кишиден өч алуу максатында ушул ишке бардым" деп көрсөтмө берип жатат. Ал эми баланын таятасы "эч кандай мамилебиз жок, жумушка орноштурам дегем" деп көрсөтмө берүүдө. Алардын айткандары да иликтелмекчи.

"НЕБЕРЕМДИ УУРДАГАН АЯЛ КҮЙӨӨМӨ ЖАЛАА ЖААП ЖҮРЧҮ"

Андан соң уурдалган баланын таенеси Калича Асанбекова менен байланышып, окуя тууралуу уктук:

– Уурдалган баланын аты Алмаз, кызымдын уулу. Ал төрөлгөндө кызым күйөөсү менен ажырашып кеткен. Кызым 2-топтогу майып болгондуктан неберем менен биздин карамагыбызда. Окуя болгон күнү дагы бир неберем Алмазды кечки саат 5терде бала бакчадан алып келген. Баарыбыз чогуу отуруп чай ичкен соң эшикке ойногону чыгышкан. Мен кечки тамак жасамакчы болуп үйдө калгам.
Бир маалда Алмазды карап коёюн деп сыртка чыктым. Себеби биздин үй жакта чоң канал бар, ошол жакка балдар түшүп кетпесин деп сактанып турабыз. Чыксам Алмаз көрүнбөйт. Жаман оюмда каналга түшүп кеттиби деп топурап издеп калдык. Аңгыча эле кошунамдын аялы "Алмазды бир аял жетелеп кетти" деп уулум айтты" деп чуркап келди. Көрсө, үйдүн жанында ойноп жатышса, бир аял келип кошунабыздын баласын чакырып, "тээтиги баланы чакырып берчи, эжесине алып барам" деп Алмазды көрсөтүптүр. Ал бала неберемди ага алпарса, "жүрөгой, сага чупа-чупс алып берем" деп дүкөндү көздөй ээрчитип кетиптир. Өкүл баламдын машинасын айдатып, "кайсы аял экенин көрсөтчү" деп кошунамдын баласын жаныбызга салып алып көчөлөрдү кыдырып издеп баштадык. Таппай, милиция бөлүмүнө жөнөдүк. Барсак күйөөм ошол жакта экен. Ал да кошунанын Мирбек деген баласын ээрчитип өзүнчө издеп кеткен эле. Койсун аттуу бир аялдан шекшип үйүнө барышса, ал аял эшикке чыкпай коюптур. Анан Мирбек дарбазадан ашып түшүп баратса, тиги аял дарбазаны ачып жибериптир. "Алмазды сиз ээрчитип кеткен турбайсызбы?" десе, "жок, мен бүгүн кечке үйдөн чыккан жокмун" дептир. Үйүн карашса неберем көрүнбөйт. Күйөөм "сен ушул жерде туруп тур, мен милиция кызматкерлерин ээрчитип келейин" деп Мирбекти ал жерге таштап келе бериптир.
Милиция кызматкерлерин ээрчитип ал аялдын үйүнө барсак, Мирбек аялдын кошуналары менен неберемди анын ороосунан табышыптыр. Көрсө, тиги аял баланын оозуна чүпүрөк тыгып, сыртынан скотч менен таңып, колун жоолук менен, бутун пресс жип менен байлап ороосуна ыргытып жибериптир. Ал келесоо кинолорду көрүп алып ушундай жол менен акча талап кылам деп ойлогон окшойт. Бала дем ала албай өлүп калса эмне болот эле? Тиги аял биз баргыча качып кетиптир, 8-июнь күнү кармалды. Неберемди ыргытканда башы менен жерге катуу тийген экен, азыр башынан гематома алып ооруканада дарыланууда. Анын тагдыры эмне болот деп санаа чегип азыр жинди болгону калдым (көзүнө жаш алып).
Ал аял буга чейин 8 күйөөгө тийип чыгыптыр. Анан ар кимди "зордуктадың" деп жалаа жаап коркутуп, акча алып жүрүп жаман көнгөн экен. Менин абышкама да "зордуктадың" деген жалаа жаап, "Мага акча бербесең аялыңа айтам, куда-сөөгүңө уят кылам, милицияга арызданам" деп ар кайсыны айтып күйөөмдү коркутуп, акча талап кылып жүрчү. Күйөөм акча бербей койсо былтыр келип эшиктин алдындагы боз үйүбүздү, 7 бөлмөлүү үйүбүздү өрттөп кеткен. Ал боюнча милиция кызматкерлерине арыз жазгам. Анан ал аялдын эжелери келишип күйөөмдөн кечирим сурашып, менин катышуумсуз эле аны алпарып тосмо арыз жаздырып алышыптыр. Мен эми кайрадан ошол ишти ачтырайын деп жатам.
Койсундун эжелери азыр да "Кечирип коюңуз, каматып жибергенде эмне пайда чыгат? Биз өзүбүз тарбиялап алабыз" деп жатышат. Гүлмира аттуу эжесинин айтымында, Койсундун 2 кызы бар экен. Улуу кызы Алмазды алып барып оозун таңып жатканда "апа, оозун байлабаңызчы, өлүп калат" деп ыйласа да аны укпай коюптур. Мен аны кечирбейм, мындай мыкаачы аялдын коомго кереги жок. Башкаларга да зыяны тийишин каалабайм.

"ПОЛДУН АЛДЫНАН КЫҢШЫЛАГАН ҮН ЧЫГЫП, БАЛАНЫ ТААП АЛДЫК"

Бул окуяга күбө болгон Мирбек окуя тууралуу тергөөдө буларды айтып берген:

– Алмазды издеп таятасы Абакир байке экөөбүз тиги аялдын үйүнө барып таппай койдук. Ал мени ошол жерге таштап, өзү милиция кызматкерлерин ээрчитип келүү үчүн кеткен. Мен эшигинин алдында турсам, ал аял 2 кызын эшикке чыгарып коюп, өзү кайра үйүнө кирип кетти. Анан үйдүн ичинен "үнүңдү чыгарба, болбосо өлтүрөм!" деп эле кыйкырып жатканынан шарт эле эшигин ачып үйүнө кирип бардым. Кирсем үйдүн ичинде аялдан башка эч ким жок. "Алмаз!" деп 2-3 жолу кыйкырсам аял мени эшикке түртүп чыгарып, "мени уруп жатат, жардамга!" деп кыйкыра баштады. Аны угуп, жакын жерде кетип бараткан 2 киши чуркап келиптир. Аларга "муну эмнеге урмак элем, биз бала жоготтук, ошону издеп жүрөбүз" деп түшүндүрүп, кайра үйгө кирип баланы издей баштадык. "Алмаз!" деп кыйкырсам полдун алдынан кыңшылаган үн чыкканынан ороосун ачып карасак бала ошол жакта экен.

Кылмышка шектүү бул кадамга өч алуу максатында барганын айтууда.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (50)
zhumagul89
2016-06-20 23:03:42
Тооба тооба кудайым озун сакта.
0
Bereke10
2016-06-21 09:46:23
Таятасы жубайына айтпай туз эле ошол келиндикине барганына караганда билген да.Анан небереси ал жерде экенин билгенден кийин, аны уйдон жакшылап издеп табыштын оордуна калп эле милицияга барып. Сар-санаа болбодубукен неберемди майып кылып койбосун деп. Кээ бир эркектерге тан каласын да канча коп эркектен калса ошол аялга чакычтай жабышып, таза,жакшы жургон аялдардарын таштап.8 эрге тийсе аябай отумдуу неме экен да тиги келин. Алмаз ылайым жакшы болуп кетсин
0
Bektash
2016-06-21 13:22:48
100% пайыз 20 жылга камаш керек, коомго коркунуч келтирет.
+1
Mekush87
2016-06-21 16:20:20
ХХХ ХХХ коомго тийгизген таасири жана 2 кызына берген тарбиясы ушундай улана берет.Ал оз жазасын алсын.Эжелери ушуга чейин тарбиялай алышпаган ээми кыйратышмак беле.Жап жаш болуп ушул кадамга барса даагы копту кылат бул аял.
+1
admin_superstan
2016-06-21 16:26:06
Mekush87,этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
0
Mekush87
2016-06-21 16:22:19
Нарындын кайсыл аймагында болгон бул окуя?
0
kuti
2016-06-21 16:32:17
жоголгон баланын таятасы мнеге 7 комнаталуу уйун орттогондо тосмо арыз жазат.Ошондо эле учетко алыш керек эле бул ХХХХ
+1
admin_superstan
2016-06-21 17:08:48
kuti,этика нормаларын сактоону сунуштайбыз. Оозеки эскертүү!
0
Uzakova.Z.A
2016-06-21 19:21:40
Ошо таятасында иш бар да ошон учун тосмо арыз жазган да
+1
Bishkek
2016-06-22 01:55:12
ХХХ ХХХ кинолорду коп коротку
0
admin_superstan
2016-06-22 09:36:33
Bishkek, этика нормаларын сактоону сунушайбыз. Оозеки эскертүү!
0
Aizhan97
2016-06-22 07:52:18
Баланын тируу калганына Кудайга рахмат!!! Менин оюмча,аялды психика жагынан текшериш керек.
0
Gulzat86
2016-06-22 19:16:40
Тоова дегенден башка соз келбей калды оозума.Мен энелик бакытты толугу менен сезелек болсом дагы,кайсыл жерде болбоюн,козумо корунгон ар бир жаш балага садагалап,жалынып отуп кетем ичимден.Кантип эки кыздын энеси болуп туруп,ушундай ишке дити барды экен.Кызынын апа байлабай эле койчу деп ыйлаганын элестетип,мен да жашып кеттим.Аллахка шугур бала тируу экен.Андан да каттуу ойлонто турган маселе эки кызынын тарбиясы турат.Мындай энеден балдар кандай тарбия алышат?.Ошол жагы окунучтуу.
+1
Aidai05
2016-06-24 03:23:18
Ороосуна дегенди кандай тушунсо болот?
0
damir007
2016-06-24 10:40:02
Aidai05,
яма. яма казып коет го терэээн кылып ошону тушуном мен
0
Meerinsa
2016-06-25 15:25:13
damir007,
Уйунун ичиндегилер полно жашырып коюбтур деп тугурлум мен
0
mariyam89
2016-06-24 04:41:40
Эмнеге эркектер туура эмес жолго тушот деп жатпайсыздарбы бул болсо Алланын жанылыш жолдо жургон эркектер учун берген жазасы ак никелуу жубайынан канааттана албай ар кимдин алдында калган сойкулардан канааттандырат а бул болсо ото коркунучтуу маселе. Жубайын жаман болгону учун сен башка бироого барып жаткан жоксун бул сага келген Алланын жазасы
0
begai93
2016-06-24 06:41:46
Ии кудай... эмне эле болуп баратат адамдар! Таятасы менен тиги айбандын ортосунда серьёзный бир нерсе болбосо да анча мынча нерсеси бар деп ойлойм... болбосо эмнеге анчалык аларга жабышмак эле...
0
Jaloshtalnarisbatchui
2016-06-24 13:09:37
Жараткан озу сактасын
0
sna_kg
2016-06-24 22:42:54
Мен болсом ошол аялды милицияга бербей эле ошол жерде оозун танып бутун байлап озун ороого ыргытмакмын
0
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан