2017-жылы АКШ Борбор Азиядагы демократиялык институттардын өнүгүүсү үчүн 164,1 миллион доллар жумшоону пландоодо. Бул маалымат АКШнын мамлекет катчысынын Борбордук Азия боюнча жардамчысы Дэниел Розенблюмдун докладында айтылат. Кызыгы, бул каражаттын эң көп бөлүгү, тактап айтканда, 51,8 миллион доллары Кыргызстанга жумшалмакчы. Анткени Розенблюмдун докладында айтылгандай, "Кыргызстан региондогу жалгыз парламенттик демократиялык өлкө". Буга катар: "Биз экономиканы чыңдап, жеке менчик секторду күчтөндүрүп, өлкөнү мигранттардын акчасына болгон көз карандылыктан азайтуу үчүн көп каражат бөлө турган болдук",- деп айтылат маалыматта.
АКШ ушундай эле багытта Тажикстанга 41 миллион, Өзбекстанга 11,6 миллион, Казакстанга 8,8 миллион, Түркмөнстанга 4,8 миллион доллар бөлө турган болду.