Кыргызстанда жалпысынан 3 миң ӨРТ ӨЧҮРҮҮЧҮ иштейт. Ал эми өлкөдө бул кызматтагы адистерди Насирдин Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети гана даярдайт.
Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев БУУнун XXI Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын аткаруу кеңешинин сессиясынын алкагында РИМ ПАПАСЫ Франциск менен жолугушту.
Өзбекстан 15-июндан 25-июнга чейин ЧЕК АРАСЫН жаап, Кыргыз Республикасы, Казакстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын жарандарын жана унааларды өлкө аймагына киргизүүгө тыюу салды. 23-24-июнь күндөрү Ташкентте ШКУнун жыйыны өтөт.
Улуттук банктын төрагасы ТОЛКУНБЕК АБДЫГУЛОВДУН айлык акысы 120 миң сом. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Нарын шаарынын борбордук аянтына мамлекеттик ишмер ТУРДАКУН УСУБАЛИЕВДИН айкели тургузулат. Бул боюнча Нарын шаарынын мэриясы маалымдайт.
Биринчи Май райондук соту "КАДЫР МАЛИКОВГО кол салган" деп айыпталган Алибек Тилек уулун өмүр бою эркинен ажыратты.
2015-жылы балдарга зомбулук көрсөтүү боюнча 260 билдирүү келип түшүп, алардын 123ү такталып, 73ҮНӨ КЫЛМЫШ ИШИ козголгон. Бул боюнча Ички иштер министрлиги маалымдайт.
Чет өлкөлөрдө Кыргызстандан даярдалып чыккан жогорку КВАЛИФИКАЦИЯЛУУ АДИСТЕРГЕ суроо-талап дээрлик жок. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адылов билдирди.
МИРБЕК КАСЫМКУЛОВ Улуттук гвардиянын командачысы болуп дайындалды. Касымкулов буга чейин УКМКнын 9-башкармалыгынын жетекчисинин орун басары болуп эмгектенген.
АК ИЛБИРСТИ аткан Ысык-Көл облусунун тургуну 200 миң сом айып пул төлөдү. Дагы 300 миң сом төлөшү керек. Учурда ал үй камагында. Бул боюнча Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги маалымдайт.
Кыргызстанда учурда, эл аралык БАЛА БАГЫП АЛУУНУ ишке ашырган чет элдик 12 уюм бар. Бул боюнча Социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлайт.
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги учурда 250дөн ашык кыргыз МИГРАНТТАРЫНЫН 10 миллион рубль суммага "алдамчылык" боюнча кайрылууларын карап жатат. 2016-жылдын башынан бери кыргыз жарандарына 2 миллион 468 миң рубль төлөнүп берилген.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.