АСЕМАНЫ ШЫЛДЫҢ КЫЛГАН КИМДЕР?

15-июнь күнү ырчы, актриса Асеманын Инстаграм баракчасына жарым жылаңач кыздардын сүрөттөрү жарыяланган эле. Буга интернет колдонуучулар таң калып, ырчынын дарегине ар кандай билдирүүлөрдү жазып жатышты. Алардын бири "баракча бузулган, бул Асема эмес" десе, бири "мен Асемадан мындайды күткөн эмесмин" деген.
Бул тууралуу ырчы: "Мага "Башка эле сүрөт койбойсуңбу?! Уят да!.." деген билдирүүлөр келе баштады. Эч нерсени түшүнбөй калдым. Инстаграм баракчамда башка бирөөлөр менин атымдан сүрөттөрдү чыгарып жатышканын билип, баракчама кире албай койдум. Көрсө, кимдир бирөөлөр менин электрондук дарегим аркылуу баракчамдын сыр сөзүн алмаштырып, сүрөт жүктөшүптүр. Түнү бою аларды табууга, баракчамды кайтарууга аракет кылып жаттык. Учурда бул ишти белгисиз 4 адам жасаганы белгилүү болду. Шоу чөйрөдө баары менен эле жакшымын, баракчамды бузуу кимге керек болгонун билбейм. Алар мени жөн эле шылдың кылышты",- дейт.

Белгисиздер ушундай сүрөттү жүктөп салышкан.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
Mediziner
2016-06-20 09:50:15
Азыркы интернеттин, техниканын өнүккөн заманында, хаккерлерден бардык нерсени күтүүгө болот.
+13
new_hacker
2016-06-20 11:07:37
Эмне деген шумдук 4 хакер 1 аккаунтту аран взлом кылышса...
+15
mirzada.rma
2016-06-20 11:13:20
new_hacker,ха ха
-5
zara-919
2016-06-20 21:49:53
new_hacker,мага жардам берсен..
0
new_hacker
2016-06-22 12:21:09
zara-919,OK купуяма жаз
0
baku.jaku
2016-06-25 11:58:10
new_hacker,мага деле жардвм берчи
0
janna95
2016-06-20 11:09:55
Чындап ушул ишти кылган адаmды таба алышпаsа керек
-12
new_hacker
2016-06-20 11:27:03
janna95,Мага айтса табып коем
+4
nazira...
2016-06-20 12:00:07
Бул кызга ким кызыгат эле. Озун озу чыгара албай, эмне кылаарын билбей жаман болуп атат да ушу кыз.
+6
new_hacker
2016-06-20 13:04:42
nazira...,ха ха
0
aibo_85
2016-06-20 12:03:29
Шоу чойродогу адамдарга кээде анча мынча ушундай интригалар керек.
+5
owtu
2016-06-20 15:28:02
piar desek jaraw4uudai kimge zaaryl eken uwul iwti kylyp
0
Inna_91
2016-06-20 17:42:11
Асема кинолордо жарым жыланач кийинетко.
0
Kanzada97
2016-06-20 21:32:12
Inna_91кайсы киносуда экен,
+1
Geroy
2016-06-21 15:12:08
Ашыкча эле соц.тармактарга сурот жуктой берген туура эмес. ХХХ ХХХ ХХХ Ошондуктан, шоу-чойродогу айымдар, элдерди ашыкча эле тажатып, суротторунорду сала бербегиле.
-1
admin_superstan
2016-06-21 15:39:51
Geroy,негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырып, кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган. Эскертүү!
+1
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан