Үйгө түнөбөй калган эркекке аялы «кайда жүрдүң, кимдин колун кармадың?» өңдүү суроолорду жаадырып, сурак кылып кирет. «Дос балдар менен балыкка бардык, анын эмнеси бар экен?» деп актанган жолдошу чындыгында кыздар менен көңүл ачып жүргөн. Аңгыча күйөөсүнүн айтуусу боюнча балык уулоого чогуу барган досу келип калат да, баарын тескери айтып анын абийирин ачып, аялга баш-аягы жок окуяны айта башташат. Досу «Гулянын айынан да» деп айтып алат, «Кайсы Гуля?» деген аялдын суроосунан коркуп кетип «Кабылдын итинин аты Гуля да, ошол Гуляны айтып жатам» деген сатираны көрсөңүз керек? Ошол "Кабылдын ити Гуля" кантип жаралганын куудулдар өздөрү айтып беришмекчи.
Жамбыл Камчиев, куудул: «БИЗ ИНТЕРМЕДИЯНЫ ИЙИНИНЕ ЖЕТКИРЕ АТКАРА АЛБАЙ КАЛДЫК»
– 1990-жыл болсо керек, Рахман экөөбүз борбордогу Опера жана балет театрына кирип калдык. Москвалык артисттер оперетта ойноп жатышыптыр. Ошол оперетта жагып калып, кыргызчага которуп, биздин турмушка ылайыкташтырып туруп мен, Рахман Разыков, Дөөлөт Мадымаев үчөөбүз ойноп чыктык. Биз чынында ал интермедияны ийинине жеткире аткара албай калдык. Аны бизден көрүп алып Борончу Кудайбергенов, Кубик Калыков, Кабыл Бөрүбаев, Манас Бердибеков ойноп калышты. Алар дароо эле элди күлкүгө бөлөп салышты.
Кубик Калыков, куудул: «КҮЙӨРМАН КЫЗДАР «ИНТЕРМЕДИЯҢАРДЫ ОЙНОП БЕРГИЛЕЧИ» ДЕЙ БЕРИШЧҮ»
– Эртең Ошто концертибиз бар, эмне интермедия ойнойбуз деп кайсалактап жүрүп Борончу экөөбүз Рахман байкелердин концертине кирип калдык. Рахман, Манас, Жамбыл үчөө ушул сатираны ойноп калышты. Анда Манас Рахмандар менен иштешчү. Бирок залда отургандардын арасынан бирин-серин эле күлкү угулду, чын эле начар болуп калды. Эртеси Ошко барганда мен, Кабыл Бөрүбаев, Борончу Кудайбергенов үчөөбүз өзүбүзчө талкуулап туруп эле сахнага чыгып кеттик. Мен минтейин, сен мындай кыласың деп ызылдап жатып аягын бышырбай калыптырбыз. Интермедиянын жүрүшүндө улам бирибиз укмуш окуя ойлоп таап эле узарып баратат. Үйгө түнөбөй калган адамдын ролун мен аткаргам, аялымды Кабылдын жубайы Тамара ойносо керек эле. Бүтүрүш керек болгонун сезип, көшөгө артына качып жөнөсөм, "аялым" артымдан баштык менен койгулап чуркады. Ошентип аягын эптеп бүтүргөнбүз. Кийин бул интермедияны Манас Бердибеков менен да аткарып жүрдүк.
Негизи үйүнө келбей калуу артисттерде көп эле болот. Ошол интермедиябыздан кийин көпчүлүк бизди таптакыр эле үйүнө түнөбөй, талаалап жүргөн адамдардай кабыл алып калышты. Анда атагыбыз катуу чыгып турган мезгил эле, күйөрман кыздар артыбыздан кубалап келип «ошол интермедияңарды ойноп бергилечи» дей беришчү. Анан да «чын эле ошондойсуңар да» деп койгондоручу. «Жок, биз андайлардан эмеспиз, биз кыздарга тийишпейбиз, кыздар тийишсе качабыз» деп кутулуп кетчүбүз.
Кабыл Бөрүбаев, куудул: «БИРИНЧИ ЖОЛУ ЧЫККАНДА ЭЛЕ ЗАЛДЫ ЖАРЫП САЛДЫК»
– Мен Ошто жүргөм. Борончу менен Кубик телефон чалып, «Биз бир интермедия таптык. Рахман, Жамбылдар жакшы ойной алышпаптыр, калганын кезиккенде айтып беребиз» дешти. Ал сүйлөшүүнүн эртеси эле Ошто концерт бермекпиз. Концерттин алдында баарыбыз бир сыйра талкууладык да, сахнага чыгып кеттик. Ар кимибиз фантазиябызга жараша аткара бердик. Биринчи жолу чыкканда эле залды жарып салдык, эл көзүнөн жаш чыккыча каткырышты го. Бизден кийин деле башка куудулдар аткарып жүрүштү, бирок биздин деңгээлге жетпегендей туюлат.
Сүйүн Кулматова
star@super.kg