ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (20-июндан 26-июнга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Күтүлбөгөн жаңылык угуп, көп нерселер сиз билгенден башкача экенин түшүнөсүз. Эмоцияга алдырбоо үчүн нервди тынчтандыруучу дары чайларды ичиңиз. Үй-бүлөдөгүлөр өз милдеттерин так аткаргандан тышкары сизге жардамдашышат. Жагымсыз сөздөрдү угуп калбоо үчүн чала тааныштар чогулган жерге барбаңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Артка кетенчиктөө сапатыңыздан арылыңыз. Тобокелге салып иш кылсаңыз ийгилик коштойт. Ата-энеңизге көбүрөөк көңүл буруңуз. Жумушуңузда оор иштер жүктөлөт, аны канчалык деңгээлде аткарганыңызга жараша сыйлык же айып пул жазылат. Сизди маалыматтар менен камсыздай ала турган адам менен таанышасыз.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Өзүңүзгө сын көз менен карап, чөйрөгө деген көз карашыңызды өзгөртүү сунушталат. Болбосо көптөгөн көйгөйлөр жаралат. Жаңы иш баштаганда өз күчүңүзгө гана таянбасаңыз, сырттан жардам келүүсү күмөн. Бош убактыңызды ызы-чуудан алыс, достор арасында өткөрсөңүз мээңиз сергийт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Ички коркуу сезимиңизди жеңип, активдүү болуп, алдыга чоң максаттарды коё баштооңуз кажет. Апта саякатка чыгууга, кыймылсыз мүлк алууга ыңгайлуу. Жакындарыңыз менен мамилелерди териштирүүгө жетпеңиз, болбосо таарынычтар күтүлөт. Алыстан белек көтөрүнүп коноктордун келүүсү мүмкүн.

АРСТАН (23.07-23.08)
Сизге жетекчилик жана үйдөгүлөр ашыкча талап коюп жатышкандай сезилет. Бул алдамчы сезим. Тескерисинче жоопкерчиликти көбөйтсөңүз, оозго алынып, карьерадан алга жыласыз. Буга чейин болуп өткөн окуянын себептери ачылып, бирөөлөр менен териштирүүгө жетесиз. Апта акырында тилектериңиздин бири орундалып сүйүнтөт.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Ойлогонуңуздун баарын сыртка чыгара бербеңиз. Жөнөкөй эле пикир алышуу чатакка айланып кетүүсү ыктымал. Түзгөн пландарыңызга өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңы курулуш куруу же жер тилкесин сатып алууга чамынасыз. Бирге иштешкендер сиздин жаңы идеяңызды жактырышып, колдошот.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Аптада кыялдарды орундатканга жакшы мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул айрыкча чыгармачыл адамдарга тиешелүү. Өзүңүзгө коркунуч келбеши үчүн диний фанаттардын азгыруусуна кирбөө керектигин жылдыздар эскертишет. Үйдү жасалгалоо үчүн буюм сатып алууңуз мүмкүн.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Акыл-эс кампасын кеңейтүүгө, жаңы маалыматтарды иш жүзүндө өздөштүрүүгө ыңгайлуу убак. Колдонуп калыңыз. Сүйүү мамилелери жаңы этапка өсүү менен көңүлүңүздү куш кылат. Болгону кызганычты ооздуктоо кажет. Достордун жакшылыгына күбө болуп, белектүү болуп кайтасыз.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Бирөөлөр сизди авантюралык иштерге аралаштыргысы келип, нервиңизди кетирет. Акчаңызды бөөдө коротпой, чоң буюм алууга топтосоңуз утасыз. Достор менен эс алууда белгиленген чектен чыгып кетип, алардын бири менен кол үзүүңүз ыктымал. Үй ичин которуштуруп жайгаштыруу, бузулган буюмдарды оңдоо, куроо иштери да күтөт.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Аптада сүйүктүүңүз менен чырлуу маселелерди чечишип, аягына чекит койгонуңуз оң. Болбосо убайым тартып, көңүлүңүз ордунда болбойт. Сапарда жүрүп кызыктуу адам менен таанышып, мамиле түзүлөт. Акчанын келип түшүшү күтүлүүдө.Апта аягында өзүңүздү жакшы сезбей, жалгыз калууга ыктайсыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Иште өзүңүздү эркин сезип, милдеттериңизди экинчи планга жылдырууну көздөбөй туруңуз. Анткени акча сиздин иштегениңизге жараша болмокчу. Кээ бирөөлөрдө убактылуу сүйүү романдары жаралышы мүмкүн. Балдарга кам көрүп эс алдырууга, алардын талаптарын аткарууга апта аягында киришесиз.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Билимди жогорулатуу, самаган нерсени үйрөнүү үчүн тиешелүү курстарга жазылсаңыз болот. Сүйүшкөн кыз-жигиттер мамилелери бузулбашы үчүн ортолоруна бирөөлөрдү кириштирбөөлөрү керек. Имиджди, стилди өзгөртүүгө кезек келгенин унутпаңыз. Документтер менен иштөөдө абайлабасаңыз ката кетиши мүмкүн.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
dervisha
2016-06-23 15:34:00
Жылдызым текечер.Бул жумада баары 100% дал келип калды
0
Ssinz7
2016-06-25 06:20:59
Менин жылдызым арстан меники да дал келди.
0
mma_fighter
2016-06-25 22:32:20
Текечер туура 100%туура келди
0
№ 711, 17-июнь-23-июнь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан