ҮЙДҮ ТОНООГО КИРГЕН КАРАКЧЫЛАР 3 КИШИНИ БЫЧАКТАП КЕТИШТИ

Соңку убакта каракчылык күч алууда. Өткөн аптада Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын бириндеги үйгө 4 адам тоноо максатында кирген. Жыйынтыгында уурулар бутага алынган үйдүн жашоочуларын бычактап, изин суутуп кетишкен.

ОКУЯ ТАҢГА ЖУУК БОЛГОН

2016-жылдын 6-июль күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБине Бишкек шаарынын Тынчтык жаңы конушунун тургуну, 1973-жылы туулган Үсөнбек Керимкулов арыз менен кайрылган. Ал өз арызында 2016-жылдын 6-июль күнү таңга жуук аталган жаңы конуштун Улукмырза көчөсүндө жайгашкан үйүнө терезе аркылуу кыргыз улутундагы бейтааныш 4 адам беттерине бет кап кийип, колдоруна бычак алып уурулукка киргенин жазган. Каракчылар өзүн, ошондой эле ага жардамга келген 26 жана 21 жаштагы 2 уулун бычактап качып кетишкенин айтып, кылмышкерлерди таап берүүсүн суранган.

"1-КАБАТТА УУЛДАРЫМ ЖҮРГӨН ОКШОЙТ ДЕП ОЙЛОГОМ"

Арыз ээси Үсөнбек Керимкулов окуя тууралуу тергөө учурунда төмөнкүдөй көрсөтмө берген:

– Ошол күнү таңкы саат 4:30 чамасында намаз окуганы тургам. Намазга даярданып жатып үйдүн 1-кабатынан адамдардын ары-бери басып жүргөн дабышын уктум. Алгач балдарым басып жүргөн го деп ойлогом. Бир маалда бөлмөдөн чыксам, экинчи кабатка чыгуучу тепкичте 25-30 жаштардагы бейтааныш 4 адам беттерине медициналык бет кап кийип алып турушкандарын көрдүм. Аларды кармап калуунун аракетин кылсам, мага каршылык көрсөтүштү. Биз урушуп жаткан маалда уулдарым Узакжол менен Улукмырза да ойгонуп, мага жардамга келишти. Уурулар бычактары менен мени жана улуу уулумду сол буттарыбызга, ал эми кичүү уулумду курсакка сайып, качып кетүүгө үлгүрүштү.

"БЫЧАКТАРЫ БАР ЭКЕНИН БИЛГЕН ЭМЕСМИН"

Каракчылардын бычагынан жаракат алгандардын бири 21 жаштагы Улукмырза Үсөнбек уулу учурда ооруканада дарыланууда. Биз ага барып ал-акыбалын сурап, окуя тууралуу көрсөтмөсүн угуп кайттык:
– 5-июль күнү үйгө таякемдер конокко келишип, кайра кеч кетишкен. Антип-минтип атамдар түнкү саат 1 жарымдарда жатышкан. Мен болсо саат 2лерде уктагам. Үйдөгүлөрдүн бардыгы 2-кабатта, алдында мен эле болчумун. Бир маалда тарсылдаган үн чыгып, байкем "Улук!" деп кыйкырганынан ойгонуп кеттим. Чуркап чыксам коридордо бет капчан кишилер менен атам жана байкем мушташып жатыптыр. Бычактары бар экенин билген эмесмин. Жардамга барсам бирөөсү кабырга жагыма бычак сайып жиберди. Бардыгы күтүүсүз жерден болгондуктан эч кимисинин бетин көрө албай калдык, тигилер бири-бирине "качтык-качтык" дешип дарбазадан секирип качып кетишти.
Байкемди бутка 3 жолу, атамды 5 жолу сайышыптыр. Алар жакшы болуп калышты, азыр басып жүрүшөт. Мен деле, буюрса, жакшы болуп калдым. Атам унааларды алып-сатчу, уурулар үйдө акча бар деп ойлошкон окшойт да. Короодо итибиз деле бар болчу, алар арт жактан, даараткананын терезесинен үйдүн ичине киришкен экен.

"БАЛАНЫ 3 ЖОЛУ КУРСАККА САЙЫШЫПТЫР"

Жабырлануучунун дарыгери Кубанычбек Шүкүрбаевди да кепке тарттык:

– Бул бала бизге 6-июль күнү таңкы саат 5те келип түшкөн. Акыбалы оор болчу. Айтканына караганда, бейтааныш адамдар бычактап кетишиптир. Келер замат операция жасадык. Биз көргөндө курсагынын 3 жерине бычак сайылыптыр. Ичин ачсак кан ичеги деп коёт, ошонусун 3 жеринен кесип кетиптир. Биз ал ичегилерди тигип, ичиндеги канды жууп-тазаладык. Азыр баланын акыбалы жакшы. Буюрса, жакын арада үйүнө чыгарабыз.

"КЫЛМЫШКЕРЛЕР ИЗДӨӨДӨ"

Бул окуя боюнча Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын кызматкери Олжобай Казабаев төмөнкүлөргө токтолду:
– Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБи бул окуя боюнча кылмыш ишин козгоду. Тийиштүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалып, Кылмыш жана жаза кодексинин 168-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. Окуя болгон жерди кароо учурунда 2 медициналык бет кап, 1 баш кийим, 1 союл, 25 даана колдун издери табылып, алардан 8 даана дактокарта алынган. Учурда кылмышкерлерди издөө иштери жүрүүдө.
"Уурунун арты кууш" демекчи, Биринчи Май РИИБинин кызматкерлери каракчылардын бири тууралуу маалымат такталганын, жакын арада колго түшөрү тууралуу билдирди.

Жабырлануучу Улукмырза Үсөнбек уулу ууруларды тааныбай калгандыгын айтат.


Асхат Субанбеков
koom@super.kg

 Кыстарылган видео 
Үйдү тоноого киргендер 3 адамды бычактаган
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (7)
Kroxa
2016-07-18 21:31:25
Ушу бекерчиликтен кылган иштери да бекерпоздордун азыр жайда иш коп иштесен тиштейсин дечу эле арам тамак бирде болбосо бирде тешип чыгат билсенер,,,бычактап дейт шумдугун кур,,,
+3
Naazziikkaa
2016-07-19 04:02:25
Арам жашоо акылсыздык
+2
kykenbai
2016-07-19 11:25:19
Америкада бир жагынан туура кылышат. Бироонун короосуна киргендерди атып олтуруп койсо, жоопко татртылбайт. Уйдун ичине киргендерди ойлонбой эле атып салса болот, уйдун ээси. Адашпасам динибизде да айтылган мусулман адам: балдарын, намысын(аялын) жана мал-мулкун коргоодо адам олтурсо жоопко тартылбайт деп. Эгер коргоп жатып озу олсо шейит болот.Мумкунчулук болсо 1000волттук зым тартып койсон терезелерге.
+9
semo
2016-07-20 18:42:12
Ушуга окшогон арам тамак ууруларды чогултуп туруп өрттөп ийсен кантип жейт урдалган тамакты тамагынан кандай өтөт түшүнбөйсүн
+2
Frunze74
2016-07-21 23:22:25
Эко кабат уй салып, кочого уулунун атын коюп, эч кимди козуно илбей журушкондур балким. Тиги тортоо каракчылык максатта эмес оч алуу максатында келишкен болушсачы. Б.а.оч алып бирок ал учун турмодо чиригиси келбегендер. Коп далил калтырышыптыр, эми кармалышат го...
-2
lexus47
2016-07-23 11:49:39
Уурулука кирдинби уурдайтурганыны уурдап кетебер нары. адамдаргада асылбай айбандар
0
ainur78007
2016-07-25 08:40:33
Сакайып кетишсин.Чон баласы 26да болсо,17 жашында эле балалуу болгон экенда
0
№ 715, 15-июль-21-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан