АРНО: «ЫРЧЫЛЫКТЫ ТАШТАЙ АЛБАЙ КОЙДУМ»

 Амир Аскаров менен «Сени эстеп» деген ырды аткарган Арно турмушка чыгып, ырчылыкты тынч үй-бүлөлүк турмуш менен алмаштырган эле. «Жалгыз каламын», «Мой рай», «Мечты» деген ырлардын аткаруучусу ырчылыкка кайтканын айтат.

– Салам, Арно, жакында эле ыр жаздырып баштаптырсың. Чыгармачылыкты улантууну чечтиңби?

– Негизи, мен сахнада көпкө болгон жокмун. Андыктан азыр сахнаны таштагам десем туура эмес болуп калат. Болгону турмушка чыгып, 2 кыздуу болуп, өзүмдү үй-бүлөмө арнадым. Мындан сырткары кесибим боюнча кардиологмун. Жумуш, үй болуп жатып чыгармачылыкка жетиштүү убакыт бөлө албай койгом. Эми гана кыздарым торолуп, жайында убакыт болгондо ыр жаздырып радиолорго берип жатам.

– Жолдошуң ырчылыкты улантышыңа кандай карайт?
– Албетте, сүйүнбөйт, бирок каршы да эмес. Анан той, концерт деп чачырап турсам ага деле жакпайт болуш керек. Өзүмдү унуткарбай убакыт болгондо ыр жаздырып, угармандарга сунуштап турам деп чечтим.

"Ырчы жолдошу,кызы менен".


star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (23)
Mika345
2016-07-25 16:06:17
Мен эле тааныбаймго десе.. Тааныйм деген бироо жокгоо
+1
nursultan.91
2016-07-25 16:52:22
Тааныбайт экенмин чын еле
0
mtv_kg
2016-07-25 16:59:59
тааныбагандардын эсине: бул АРНО ))))))
0
Nazikbaigazy
2016-07-26 00:32:19
Менда тааныбайт екенмин
+2
Targarien
2016-07-26 00:55:17
Амир ага да озун пиар кылганды уйроткон окшойт Болбосо мен Амирди билбейт элем
+3
hanisa
2016-07-26 04:15:06
Биринчи коруп отурам бул ким?
0
Mahabbat
2016-07-26 07:27:00
Атын чыгууну кааласан "Суперге фотолорун которуп келип маек бер" болуп калыптырго
+6
Sarana
2016-07-27 17:05:58
Мен да тааныбайткем. Ырчылыкты таштай албай койдум дегенине олосун!
+3
bela77
2016-07-28 10:15:06
Бул ким дегендердин эсине Амир Аскаров менен "Сени эстеп" деген ырды сонун аткарган кыз. Уну сонун.Мына ссылкасы. Кээ бир "жугоруну мака дейт" деп ырдагандардан жакшыраак http://www.super.kg/media/video/52179/
-2
zoya
2016-07-28 12:26:13
Жугоруну мака деп десе да ал ырчынын ырларын суйуп уккан адамдар бар. А бул ырчыны 100дон бир адам аран тааныйт турбайбы....
+1
Asianat
2016-07-29 01:16:49
Айчурок Иманалиеванын колунан чыккан кыз беле адашпасам???
0
vangolu
2016-07-30 09:58:26
биринчи корушум.тынч эле уйдо отурчу кыздарын менен.кардиолог болсон жакшы
0
dobrajelatel
2016-07-30 19:02:50
Бул ырчы бекен.
0
dobrajelatel
2016-07-30 19:03:00
Укпапмын
0
Shat.88
2016-07-31 13:34:36
Арно эмес Амирди биринчи корушум
0
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан