ЖАСАЛМА КИРПИК

Ар бир аялзаты узун, кайрылган кирпикке ээ болууну самайт. Жагымдуу көз карашка дал ушул идеалдуу кирпиктер жардамга келет эмеспи. Кирпикти кандай ыкмалар менен өстүрүүгө болот? Ага кам көрүүнүн жолдору туурасында сөз кылабыз. Учурда замандын талабына жараша жасалма кирпиктерди өстүрүүнүн түрлөрү арбыды. Анын зыяны жана пайдасы канчалык, бул туурасында гримёр Айгүл Кадыралиева маалымат берет.

ЖАСАЛМА КИРПИК ӨСТҮРҮҮНҮН ЫКМАЛАРЫ:

Япон ыкмасы.
Мындай кирпикти өстүрүүдө өзүңүздүн табигый кирпигиңизге жасалма кирпик клей менен чапталат. Ал үчүн норка, киш (соболь) сыяктуу жаныбарлардын жүнү жана жибек керектелет.

Америкалык ыкма.
Япония ыкмасынан айырмаланып мында кирпик силикондон жасалып, клей менен жабыштырылат.

Индонезиялык ыкма.
Бул жол менен жасалма кирпик өстүрүүдө табигый компоненттери бар клей колдонулат. Ошондой эле анын курамында көзгө пайдалуу витаминдер көп.

Көлөм берүүчү
(голливуддук) ыкма. Кирпикке бир эмес, бир канча жасалма каражаттар уланат. Көлөмү чоң болуп бир аз ыңгайсыздык жаратат. Мындай ыкманын 2D, 3D, 4D, 5D деген түрлөрү бар.

Чогултуп жасоо ыкмасы. Чогултуп жасоо методикасы менен кыска аралыктын ичинде калың кирпиктер пайда болот.

Ийилген (ламинированный) кирпик. Бул түрүн жай мезгилинде көбүрөөк колдонушат. Мында өз кирпигиңиз жасалма каражатсыз эле атайын клейдин жардамы менен өстүрүлөт.

КРЕАТИВДҮҮ ЖАСАЛМА КИРПИКТЕР

Түлкү эффектиси – кубулжуган ойноок көз карашты кааласаңыз, бул эффект сиз үчүн.

Куурчак эффектиси
– бул жаш кыздарга жарашыктуу болгондуктан, сулуулугуңузга көрк кошот.

Тыйын чычкан эффектиси – көзүңүздүн уч жагына узун кирпиктер жабыштырылат.

Табигый эффект – учурда кирпикти ушул түр менен жасоо эң популярдуу, кирпигиңиз табигыйдай көрүнөт.

Арасы ачык эффект – табигый түрүнө жакын келип, кирпик өзүңүздүкүндөй жана коюу көрүнөт.

Ар кандай түстөгү эффект – мындай жасалгадагы кирпик көбүнчө майрамдык кечелерге барууда колдонулат.

ЖАСАЛМА КИРПИКТИН ТҮРЛӨРҮ

Толук көлөм берүүчү


Толук эмес көлөм берүүчү


3D, 4D жана 5D көлөм берүүчү


Ийилүү даражасы боюнча да бөлүнөт

J түрү – түз, назик талдуу кирпик (табигый эффектте колдонулат)


B түрү – жеңил, жазы, бир аз ийилген кирпик


C түрү – орточо ийилген кирпик, бакыракай жана кичине көздөр үчүн


D (CC) түрү – аябай ийилген кирпик


Жасалма кирпиктин жоондугу 0,1-0,25 миллиметр, ал эми узундугу 6-15 миллиметрге чейин болот. Эң эле ыңгайлуусу – 8, 10, 12 миллиметр.

ЖАСАЛМА КИРПИККЕ КАМ КӨРҮҮНҮН ЖОЛДОРУ

Кирпигиңиз сизге көпкө кызмат кылышын кааласаңыз, төмөнкү эрежелерди сактаңыз.

  • Алар өтө назик, андыктан эч качан ушалабаңыз. Болбосо формасы бузулуп, түшүп калуу коркунучу бар.
  • Мончо, саунага түшүүгө болбойт.
  • Макияжды өчүрүүдө лосьонду колдонуп, көздүн тегерегин этияттык менен тазалоо сунушталат.
  • Уктоо учурунда башыңызга жумшак жаздык коюу жана түз жатуу сунушталат. Себеби көмкөрөңүздөн жатсаңыз кирпигиңиз сынып калуусу мүмкүн.

Пайдасы:

  • Көз карашыңыз жагымдуу болуп, сулуулук тартуулайт.
  • Боёнууда күнүмдүк убактыңызды үнөмдөйсүз.
  • Тушту сарамжалдайсыз.

Зыяны:

  • Өзүңүздүн табигый кирпигиңизди түшүрөт.
  • Көзүңүздө ар кандай ооруларды пайда кылып, аллергияны жаратышы мүмкүн.
  • Бир калыпта жатууну талап кылат.
  • Күнүнө каалагандай бетиңизди жууй албайсыз.

КИМДЕРГЕ ЖАСАТУУГА БОЛБОЙТ?
Бул туурасында врач, окулист Алима Мамырбаевадан жооп алдык:

  • Көз оорусу барлар жана көзүнүн айланасына операция жасаткандарга;
  • Кош бойлуу айымдарга. Клейдин курамындагы заттар болочоктогу наристеңиздин ден соолугуна залакасын тийгизиши мүмкүн.
  • Аллергиясы барларга.

Эскертүү! Үй шартында бир жолку колдонулуучу жасалма кирпик чаптоодо косметолог менен кеңешиңиз. Болбосо аллергия жаратып, көздүн кызаруусуна алып келүүсү ыктымал. Көзүңүз ооруп жатканда жасалма кирпик чаптоо сунушталбайт.

ТАБИГЫЙ КИРПИКТИ ӨСТҮРҮҮНҮН ЖОЛДОРУ

  • Кирпиктин өсүүсүн активдештирген майларды колдонуңуз. Көпчүлүккө белгилүү болгон кастор жана уйгак майынан (репейное масло) сырткары өрүк, бадам жана зайтун майларын колдонсоңуз болот.
  • Косметолог сунуштаган кирпикти азыктандыруучу, коргоочу жана өстүрүүчү каражаттарды колдонуу керек.
  • Курамында D витамини, кальций, фосфор жана башка элементтери бар азыктарды колдонуңуз.
  • Күнүмдүк тамактанууңузда жашылча-жемиштерге көбүрөөк басым жасаңыз.

Тазагүл Эмилбек кызы
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (17)
z0lyshk0
2016-07-25 13:11:39
Рахмат маалымат үчүн. Жакшы кеңештер экен
+1
ayva
2016-07-25 13:21:20
Пластикалык операция жонундо дагы маалымат бериниздерчи? Суперчилер.алдынан Рахмат.
+2
DNurgiza
2016-07-25 18:14:18
колдонгон эмесмин, бир көрүш керек эле, канчалык сулуу болуп калам......бирок жакпайт да)))))
+1
marzi88
2016-07-25 23:12:31
озубуздун табигый келбетибизге эмне жетсин
+1
Meerinsa
2016-07-26 11:27:15
Жасалма кирпиктин кереги жок экен да. Ден соолукка зыян келтиргиче озубуздун сулуулугубуз менен жургон жакшы кыскале кирпигибиз менен!
+1
Boldukan86
2016-07-26 13:08:17
жаращканы менен парпырап чоон болуп байкалып турат. сулуулук эле болбосо калганы зыян экенда. бмроо сурады эле кирпигин жасалмабы деп. жок озумдун эле кирпигим болчу. Кудайга шугур ушунусуна
0
Deniza88
2016-07-26 15:36:01
Ой азыр 10 кыздын 8 жасалма кирпик, татуаж бровей, губы баары жазалма сулуу болуп журушот!!!
+4
lexus47
2016-07-26 20:32:58
Искуствнный суллудан коро эстественный сулуу болгонум жакшы)
+2
tuigan.
2016-07-26 23:27:47
Кудай жараткан келбетти озгортуу бул куноо.анан да боек.краска тийген чач же каш болсо гусул отпойт деп уктум эле.
+1
altysha.kg
2016-07-28 03:20:14
tuigan.,Менимче лакго дейм гусул отпогону менда укканым бар чачты кара светтен башкасына бойосо болот деп.
+2
admin_superstan
2016-07-27 12:52:20
admin_superstan (2016-07-27 12:52:01)
Arnella, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Оозеки эскертүү!
0
Erika16
2016-07-28 13:54:44
"красота требует жертв"деген ушу да каучук кирпиктер)))
+1
Aysuluu95
2016-07-30 11:38:12
Кыздардын баарыле жасалма сулуу азыркылар, жасалма кирпик, беттеринде боек, жб.
0
AKCAHAT
2016-07-30 12:45:08
Азыр адамдар да жасалма тамак ашта жасалма а эмнеге жасалма сулуулук болбошу керек?
0
Aysuluu95
2016-07-31 17:16:18
AKCAHAT,ар кимдин иши озуно албетте, бирок баары эле жасалма деп кесе айтуу туура эмес!
0
benjamin.31
2016-07-30 17:08:20
Мен жасалма кирпик жасаткам.Козум аябай жагымдуу корунгон 2 жумага,андан кийин тушо баштаган жасалма мене озумдун кирпигим кошулуп.Реставрация кылып туруш керек.
0
Mechtatelnisa
2016-08-14 21:10:27
Менин козумдун зрениясы - ,ушундай жасалма жасат уга болбойт, кееде коноко же у, с . Жерлерге барганда жпсалма чаптап алам жумшак женил келген кирпиктен эч нерсе деле болбойт, кечке чейин, бирок негизи зыян эле болуш керек?!
0
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан