КЫЯМ ЖАСАП САТУУ ПАЙДАЛУУ БИЗНЕС

Мөмө-жемиштин көчөтүн өз колуң менен отургузуп, багып өстүрүп, анан терип жеген кандай ырахат. Жайы менен мөмөсүн жесек, кышы бою кыямын жейт эмеспизби. Кыям менен үй-бүлөсүн гана эмес, кыргыз-казак кардарларын камсыздап акча тапкандар бар. Бүгүнкү каарманыбыз Нурлан Бакиров кыям бизнеси тууралуу айтып берет.

"Кыям жасоо мөмө-жемиштер өтпөй калгандан улам келип чыккан идея"
– Алгач мөмө-жемиштин өзүн алып сатчумун. Алып саткандан акча жакшы түшө баштады, анан өзүм өстүрүүгө кызыгып, акырындык менен малина, кулпунай өстүрүүнүн сырларын үйрөндүм. Ошентип башка бирөөдөн албай, өзүм өстүрүп сатууга өттүм. Кыям жасап сата баштаганыбызга 5 жылга жакындап калды. Кыям жасоо идеясы мөмө-жемиштин кээде өтпөй калышынан улам келип чыккан.

Өтүмдүүлүгү
– Кол арага жараган 4 балам, келинчегим, мен болуп эле терип коёбуз, анда-санда жардам берген туугандар да болот. Биздин бакчада, талаада малина, кулпунай, өрүк, алча бар. Өтүмдүүлүгү жагынан малина, кулпунай, алча, карагат алдыда турат.

Сатылышы
– Соода ар түрдүү. Ар бир 5 литрлик бөтөлкөнү 500 сомдон сатабыз, бирок көбүнчө 50 сомго арзандатып беребиз. Кээ бир күндөрү 50-60 даана желим бөтөлкө сатылат. Жакшы өткөндө 200 даанага чейин барат. Биздин негизги кардарларыбыз казак туугандар. Алар бизден алып кетип, Казакстанда сатышат.

Эмнеге ачып кетпейт?
– Жайдын ысыгында да ачыбаганынын себеби – кумшекерди көп кошконубузда. Кумшекерди канчалык көп кошсоң ошончолук таттуу болот жана ачыбайт. Желим бөтөлкөлөрдү атайын заводдон буйрутма менен алдырабыз. Кыямды жапканда катуу жабылып, жел кирбейт. Башында айнек банкаларга да куюп жүрдүк, ал болбойт экен. Колуңдан түшүп кетсе сынат, ошону менен 5 литр кыямың жок болот.

Этикеткасы
– Бөтөлкөнүн сыртына чаптоо үчүн атайын этикетка буйрутма кылабыз. Ага келинчегимдин, баламдын, өзүмдүн телефон номерлерибизди, кыямдын эмнеден жасалганын жазып коёбуз.

Жасалышы
– Бир жасаганда 250 килограммдык казанга 50 килограмм салмактагы мөмө кайнатылат. Алгач мөмөнүн таттуулугуна карай кумшекерге бир күн чылап алабыз. Жай жагылган отко казанды асып суу куябыз, суу куйбасак кайнаганда өтө коюу болуп кетет. Суунун үстүнө чыланган кыямды куюп, 10-15 мүнөт кайнатабыз. Мындан көп кайнатса карарып кетет. Кайнап жатканда тынбай аралаштырабыз. Казандан башка идишке куюп алабыз да, өтө муздап кете электе желим бөтөлкөлөргө куюп салабыз.

МАЛИНА

Малина – 50 килограмм, 1 килограммы 100 сомдон – 5000 сом
Кумшекер – 70 килограмм, 1 килограммы 45 сомдон (дүңүнөн) – 3150 сом
Желим бөтөлкө – 25 даана, 1 даанасы 20 сомдон – 500 сом
Этикетка – 25 даана, 1 даанасы 1сом 50 тыйындан – 37 сом 50 тыйын
4 литр суу кошулат.

Чыгаша – 8687 сом 50 тыйын
50 килограмм малинадан 5 литрлик желим бөтөлкө менен 25 даана чыгат. 1 даанасы 450 сомдон сатылганда – 11 250 сом
ТАЗА КИРЕШЕ – 2562 сом 50 тыйын

КАРАГАТ


Карагат – 50 килограмм, 1 килограммы 150 сомдон – 7500 сом
Кумшекер – 60 килограмм, 1 килограммы 45 сомдон – 2700 сом
Желим бөтөлкө – 28 даана, 1 даанасы 20 сомдон – 560 сом
Этикетка – 28 даана, 1 даанасы 1сом 50 тыйындан – 42 сом
8 литр суу кошулат.

Чыгаша – 10 759 сом
50 килограмм карагаттан 5 литрлик желим бөтөлкө менен 28 даана чыгат. 1 даанасы 450 сомдон сатылганда – 12 600 сом
ТАЗА КИРЕШЕ – 1798 сом

АЛЧА

Алча – 50 килограмм, 1 килограммы 25 сомдон – 1250 сом
Кумшекер – 80 килограмм, 1 килограммы 45 сомдон – 3600 сом
Желим бөтөлкө – 26 даана, 1 даанасы 20 сомдон – 520 сом
Этикетка – 26 даана, 1 даанасы 1сом 50 тыйындан – 39 сом
4 литр суу кошулат.

Чыгаша – 5409 сом
50 килограмм алчадан 5 литрлик желим бөтөлкө менен 26 даана чыгат. 1 даанасы 450 сомдон сатылганда – 11 700 сом
ТАЗА КИРЕШЕ – 6291 сом

КУЛПУНАЙ

Кулпунай – 50 килограмм, 1 килограммы 70 сомдон – 3500 сом
Кумшекер – 60 килограмм, 1 килограммы 45 сомдон – 2700 сом
Желим бөтөлкө – 26 даана, 1 даанасы 20 сомдон – 520 сом
Этикетка – 26 даана, 1 даанасы 1сом 50 тыйындан – 39 сом
4 литр суу кошулат.

Чыгаша – 6759 сом
50 килограмм кулпунайдан 5 литрлик желим бөтөлкө менен 26 даана чыгат. 1 даанасы 450 сомдон сатылганда – 11 700 сом
Таза киреше – 4941 сом

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (2)
Aytur
2016-07-26 12:52:01
Сонун бизнес экен.
+1
Aytur
2016-07-26 12:53:33
Мага ушундай арзан баа менен алча,малина,клубника,карагат болсо эле жан деп алмакмын. Базарда баасы асман тирейтго!
0
№ 716, 22-июль-28-июль, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан