Айдин Шер: "ҮЙЛӨНҮП, КЫЗДУУ БОЛДУМ"

"Тушалган махабат", "Махабат – өмүр көркү", "Сүйүү мага келе элек" ырларынын аткаруучусу Айдин Шер продюсеринен кеткенден кийин чыгармачылыкты таштаган эле. Бир нече жыл Москвада жашап келген ырчы "Кыргызстанга келген сайын сахнаны сагынчумун, эми чыгармачылыкка биротоло кайтам" дейт.

– Кандай, Айдин, жакында эле Москвадан келгениңди айтып калдың, ал жакка эмнеге кеттиң эле?
– Саламатсыздарбы, продюсерим Динара Эсенгуловадан кеткенден кийин чыгармачылыкты улантууга кайра көңүлүм чаппай койду. Ырдабайм, бүттү чыгармачылыкты токтотом деп ойлогом. 5 жыл Москва шаарында жашап, иштеп жүрдүм. Ал жакта продюсер Яна Рудковскаянын шоу-бизнес жана киноакадемиясында эки жарым жыл окудум. Кыргызстанга келгениме 2 айдай болуп калды. Негизи мекениме келген сайын сахнаны сагынам, куса болом. Кыргызстанга келгенден кийин ыр жаздырып чыгармачылыкка кайтууну чечтим. Мурунку ырларым кайгылуу, муңдуу болсо, бул жолу шаңдуу ырлар менен чыгайын деп жатам. Буюрса, мурунку Айдин Шердин деңгээлинен ашам.

– Жеке жашоодо да жаңылыктарың бар экен...
– Ооба, былтыр жайында үйлөнгөм. Ушул жылы 15-майда кыздуу болдум. Жубайым Эльвира 22 жашта, экөөбүз "Миллиондук мелдеш" тасмасына тартылып жүргөндө таанышканбыз. Мени "кинодо роль аткарып бер" деп чакырышкан эле, Эльвира да ошол тасмада тартылган.

star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (24)
z0lyshk0
2016-08-01 11:39:58
Супер инфо,аябай аз интервью алыпсыңарго.
+3
Palan4a
2016-08-01 12:54:15
Убагында жакшы чыгып келе жаткан болчу! Азыркы айрым ырчыларга салыштырмалуу жакшы ырдайт!
+4
Kanu_kg_kanat
2016-08-01 13:36:27
Батылуу болунузда! Бир аз толуптур чын эле.
+2
Mile
2016-08-01 15:37:22
Эркектер уйлонгондо толушат го демейде.
+2
anyshka
2016-08-01 15:41:56
НЕ кыска супер инфо?
+3
owtu
2016-08-01 16:44:11
Азаматсыз! Эльвира менен бактылуу бол!
+3
lexus47
2016-08-01 18:10:21
Баарыбыз жазып чыгат окшойбуз эми, толуптур, аз интервью алыптыр деп
+4
benjamin.31
2016-08-01 21:13:41
Биз Айдин Шерди абдан саагындык эле Суперинфо ,неге кыска интервью?
+5
VIK
2016-08-02 08:12:23
Кыска нуска. жарайт
-1
admin_superstan
2016-08-02 14:13:44
elkeev, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Оозеки эскертүү!
0
Sajakat14
2016-08-04 13:47:02
Айдин Шер өзү сулуу жигит! Жубайы менен үй булөлүк бакытка балкысын! Ырдап чыксын кайра! Сүйүнүп тосуп алабыз!
+2
Myrza.
2016-08-06 21:02:17
Кызыктай маек болуптурго
0
Ananai
2016-08-06 21:50:43
Кызык эле го,миллиондук мелдеште буларды корбоптурмун,же жаны дагы тартылдывы?
0
elmurat.kg
2016-08-07 04:51:08
кызыгып ачтым эле негизи...давайда жокко
0
Taalai94
2016-08-07 18:54:49
Жылдын эн кыска интервьюсу.
0
№ 717, 29-июль-04-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан