КЕЛБЕТИҢИЗГЕ ЫЛАЙЫК СУМКА ТАНДАҢЫЗ

Сумка ар бир айымдын гардеробундагы маанилүү аксессуарлардын бири. Ал керектүү буюмдарыбызды жаныбызда алып жүрүү милдетин гана аткарбай, адамдын сырткы келбетине да көрк кошот. Андыктан сумка сатып аларда бой-келбетиңизге туура келгенин сатып алыңыз. Айымдар үчүн дагы бир маселе – сумканын түсү. Эми муну кайсы кийим менен көтөрөм деп ойлонушат. Бул маселени чечүүгө стилист Айпери Эралиева жардамга келет.

ДЕНЕ-МҮЧӨҢҮЗДҮН ТҮЗҮЛҮШҮН ЭСКЕ АЛЫҢЫЗ

Бою узундар жана арыктар
Сумка тандоо маселесине келгенде бою узун жана арык айымдарга оңой болот. Аларга сумка кандай формада, фасондо, стилде болбосун көпчүлүгү жарашат. Рюкзактан баштап клатчка чейин көтөрө берүү сунушталат. Бир гана өтө кичинекей сумкалардан алысыраак болгондору жакшы.

Бою кыскалар
Бою кыска айымдарга өтө чоң көлөмдөгү сумкалар жарашпайт. Анткени аларды көтөрүүдө боюңуздун кыскалыгына басым жасалат. Сиз үчүн эң жакшы вариант – орточо көлөмдөгү ийинге асынма сумкалар. Бирок сумкаңыздын жамбашыңыздан ылдый салаңдап турганы одоно көрүнөт, бел туштан ылдый түшүрбөңүз.

Толуктар жана жамбашы чоңдор
Мындай айымдар үчүн эң башкы максат – жамбашты ийин менен бирдей көрсөтүү. Андыктан ачык түстөгү орточо көлөмдөгү сумкаларды көтөрүү зарыл. Асынгыч боосу узун болбошу керек. Сумка колтуктун алдында болгону жакшы. Эгер асынган сумкаңыз жамбашка түшүп турса, жамбаш ого бетер чоң көрүнүп калат. Анан да сумкаңызда чоң көлөмдөгү кооздуктар болбошу кажет.

Ийини, эмчеги чоңдор
Көлөмү да, кармагычы да кичинекей сумканы унутуңуз. Сиз жамбашыңызды ийин менен тең көрсөтүүнү ойлоп асынгыч боосу узунураак сумка көтөрүп, ийиниңизге асып алсаңыз болот.

КЫЗЫЛ

Кызыл менен кара жакшы айкалышат. Андыктан кызыл сумка көтөрсөңүз, кийимиңиз кара, күрөң, агыш же боз болгону туура. Учурда кызыл сумканы күлгүн кызыл жана ачык кызыл менен айкалыштыруу модада. Кызыл сумка көтөргөндө кийимиңиз кызыл болбосо, оозуңузду кызыл ооз боёк менен боёп алуу эле жетиштүү.


БОЗ

Боз сумка жайкысын күлгүн кызыл, ачык кызыл, жашыл, ак кийимдер жана чоң-чоң гүлдөрү бар көйнөктөр менен жакшы көрүнөт. Боз сумканы эч качан күрөң түстөгү кийим менен айкалыштырууга аракет кылбаңыз.


ЖАШЫЛ

Күндүз жашыл түстөгү сумка менен ак түстөгү блузка жана жашыл түстөгү юбка кийүү жарашыктуу көрүнөт. Эгер жашыл өңдөгү кийим жок болсо, жашыл түстөгү жука моюн орогуч же шуру тагынып алыңыз. Кечкисин темгил ала көйнөк, алтын түстүү туфли менен жакшы айкалышат.

КАРА, КҮРӨҢ

Кара, күрөң сумкалар бирдей милдетти аткарат. Мисалы, сумкаңыз кара болсо, кийимиңизде күрөң, сумкаңыз күрөң болсо кийимиңиздин бири кара болсо болду. Сумкаңыз кара, күрөң болсо, колуңуздан келсе бут кийимиңиздин өңүн окшоштуруп коюңуз.


КҮМҮШ ТҮСТҮҮ

Күмүш түстүү сумкаларды боз, агыш кийимдер менен көтөрүүгө болот. Бут кийим да ушундай өңдө болгону мыкты айкалыш. Өтө ачык түстөгү кийимдер менен көтөрбөй эле коюңуз.


КӨК

Көк түстөгү сумка көтөрсөңүз, көк түстөгү кийим кийүү зарыл. Мисалы, көк юбка, кофта же көйнөк. Көк кийимиңиз жок болсо, күндүзү көчөгө көк сумка менен боз, кара, кызыл сары, ал эми кечкисин темгил ала жана лимондун түсүндөй сары кийим менен көтөрсөңүз жакшы көрүнөт. Болгону көк түстөгү шуру, сөйкө, билерик тагыныңыз.


АК, АГЫШ

Ак, агыш сумкалар кызыл, күлгүн түстөгү, ак, агыш жана көгүш өңдөгү кийимдер менен жакшы айкалышат. Жана ачык көк түстөгү жынсы шымдар менен да өзгөчө көрүнөт. Андан сырткары ак, агыш сумкаларды темгил ала кийимдер менен айкалыштырууга болот. Унутпаңыз, ак, агыш түстөгү сумка боз, кочкул кызыл кийим менен жарашпайт.



КОЧКУЛ КЫЗЫЛ

Кочкул кызыл сумка менен кочкул кызыл кийим мыкты айкалышат. Андан сырткары кара, ак, боз өңдөр менен жакшы жарашат.


САРЫ

Сары – жайдын түсү. Кышкысын сары сумка көтөргөндөр жокко эсе. Сары сумка көтөрсөңүз, агыш, кочкул жашыл, кара, күрөң түстөгү кийим кийгениңиз туура.


2016-ЖЫЛЫ КАНДАЙ СУМКАЛАР МОДАДА?

Мүшөк сумка

Кеңсе дресс-кодунан чарчап, бир аз эс алууну көздөсөңүз, мына ушул мүшөк сумкаларды көтөрүп эс алууга жөнөңүз.


Кийимди кайталоо
Дизайнерлер кийимге түспөлдөш сумкаларды ойлоп табышкан. Булар кызматта иштегендерге ылайыктуу.


Өрүлгөн сумка
Өрүлгөн сумкалар жаз, жай мезгилинин актуалдуу сумкалары. Ар түрдүү гүлдөрдү түшүрүп өрүү маанайды көтөрөт.


Чачылуу сумка
2016-жылы чачылуу сумкалар да модада.Мындай сумканы көчөгө көтөрүү ылайыктуу.


Бир учурда 2-3 сумка
Бир учурда чоң-кичинеси болуп 2-3 сумка көтөрүү 2016-жылдын тренди.


Рюкзак
Рюкзак эч качан модадан түшпөйт. Эс алууга чыкканга, көчөгө көтөргөнгө өтө ыңгайлуу.

Сүйүн Кулматова
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан