Адилет Азиев, тамашоучу, актёр: «ПУХЛИК» ДЕП КЫЗДАР БЕТИМДИ КАРМАЛАЙ БЕРИШЕТ»

Бул жигит турган турпаты менен позитив тартуулайт. Тасмадагы ролу, «Тамашоудогу» оюну буга кошумча далил. «Brooklyn» командасынын «фишкасы», кинодогу кличкасы «пухлик» Адилет Азиев жашоодо да шайыр жүрөт. Көпчүлүктүн сүймөнчүгүнө айланганын ушундан билиңиз, көчөдөн кыздар кыя өтпөй «Пухлик» деп кучактап, сүрөткө түшө беришет экен. «Элди күлдүргөндөн ырахат алам» деген тамашоучу жигит менен сиздерди жакындан тааныштырабыз.

Туулган жылы, күнү – 1993-жыл, 19-февраль
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – КММАнын дарылоо факультети
Бою – 177 сантиметр
Салмагы – 114 килограмм
Үй-бүлөдө – Жалгыз уул, бир карындашы бар
Хоббиси – КВНде ойноо, машиналар
Тартылган тасмалары – «Сүйүктүүмдүн каарманы», «Курут», «Напарниктер»
Тартылган клиби – Асел Кадырбекова, «Роза гүлү»

– Адилет, сени элге тааныткан «Brooklyn» командасына кандайча кошулуп калдың? Бала кезден эле чыгармачылыкка жакын белең?
– Андай деле талант жок болчу. Бирок жемимди жедирбеген, бирөөнү чукулап сүйлөгөн жайым бар эле. Адамдын нервине ойногонду жакшы көрчүмүн. Ошондо тааныштар «сен «Тамашоуго» чыгышың керек экен» деп жүрүп эле чыгарып жиберишти.
Академияга тапшыргандан кийин окуу жайдын атынан «ДНК» командасы болуп Евгений Акопяндын Жогорку Лигасында ойноп калдык. Андан кийин «Ала-Тоо» лигасына, «Тамашоуго» чыктык. Анын артынан тасмага чакырышты. Чынын айтканда, орус тилдүү болгондуктан «Тамашоудо» биз анча күлдүрө албайбыз. Бирок аракет кылып көрөлү деп 2-3 жылдан бери ойноп келатабыз. Биринчи чыкканда кичине кыйналып жатканбыз. Акыркы жылдары жакшы оюн көрсөтүп калдык. Калыстар да бизди белгилеп, «чыныгы КВНди көрсөтөт» деп мактап койсо эле сүйүнүп ойноп жүрөбүз. Балким, жамандашса кетип калат белек (күлүп)...

– Медицина тармагында окуу оор экенин билебиз. КВН да көп убакытты талап кылат. Баарын чогуу алып кетүү кыйын эмеспи?
– Мен атамдын жолун жолдойм деп ушул тармакты тандагам. Бирок артист болуп алып, минтип бүтүрө албай жүрбөймүнбү (күлүп). Айтканыңыздай эле, убакыт тар болуп, окуум бир аз аксап жатат. Бирок 2-3 жыл кеч бүтсөм да тандаган кесибимдин аягына сөзсүз чыгам. Окуу жагынан аксаганда үйдөгүлөр капа болушат, «экөөнү тең алып кетсең жакшы болмок» дешет. Сыналгыдан көрүп тааныш-билиш, тууган-достор «сенин балаңды көрсөтүп жатат» десе сүйүнүп калышат. Ошентип окуудагы «косяктарды» сыналгыдан чыкканым менен жууп жатам.

– «Brooklyn» командасынын тамашалары кантип жаралат? Сахна артында түйшүк көп болсо керек?
– Чынында, финал болоруна 15-20 күн калганда балдар чогулуп даярдыкты башташат. Алгач тамашаларды жазышат. Андан кийин тамашаларды аткарып репетиция башталат. Мына ошол маалда мен келем. Даяр нерсеге келгенде балдар «Адилет, сен мындай кылып айтасың» дешет. Мен «андай эмес, минтип айтсамчы» десем аларга күлкүлүү угулат да «давай, анда ошентип айт» деп калышат. 15 мүнөттө алардын сценарийин бузуп, 1 жумага жетпеген убакта жакшылап даярданып чыгабыз. Бирок бир-эки жолу болгон, эч кимди укпай өзүм айтып салып эл күлбөй койгон учурлар. Ошентсе да балдар «сага боло берет» деп мени эркелетип коюшат.

– «Сүйүктүүмдүн каарманы» тасмасына кандайча тандалып калдың?
– Бакыт Осмонканов менен КВНде жүрүп таанышып калганбыз. «Сценарий жазып жатканбыз, тасмага тартылгың келеби?» деп сунуштаганынан «макул, тартылып көрөйүн» деп кастингге катышып, өтүп кеттим. Комедия жанры болгондуктан роль жаратуу көп деле оор болгон жок.

– Сени тасмалардан жалаң боорукер, «пухликтин» ролунда көрөбүз. Ошол образ сага байланып калган эмеспи?
– Байланып эле калды окшойт. Көчөдөн көргөндө да «ий, «Роза гүлүндөгү» байке», «пухлик» деп кыздар бетимден кармап, кучактап, «сүрөткө түшүп алалычы» дей беришет. Ага досторум «кыздар сени билбейт да, телевизордон жакшы көрүнө бересиң» деп күлүп калышат.

– Тасмада жоош жигиттин эл билбеген кандай кыялдары бар?
– Мен дээримден абдан шайырмын. Бир айда бир күн кабагым бүркөлүп калбаса эле, дайым элди күлдүрүп жүргөндү жактырам. Чыр-чатактан алысмын. Адамдар менен тез тил табышам, абдан сабырдуумун. Сабырымдын чөйчөгү резина. Бирок бир жарылсам жинге тийген адам кирерге жер таппай калат. Ошон үчүн жинденбегенге аракет кылам.

– Юмор жаатында жүргөндөрдүн балалыгын сурасаң, көбүнчө тентектигин айтышат. Сен кандай бала элең?
– Карындашым төрөлгөнчө аябай эркеледим. Бала кезде үйгө конок келгенде «шоко-шоко-шоколад» деп шоколад бермейинче үйгө киргизчү эмесмин. «Фейсконтролдон» өтөрүн баары билет эле, «Адилет киргизбейт» деп сөзсүз таттууларды чөнтөгүнө салып келишчү. Ошентип шоколад жеп жүрүп 114 килограмм болуп кеттим да (күлүп).

– Жашсың, жылдызың жанган учур. Жеке жашоого убакыт барбы?
– Сүйлөшкөн кызым жок. Окуу, съёмкалар менен болуп кыз эмес, үйдө эс алганга убакыт таба албай жатам. Үйгө түн бир оокумда, 2-3тө барам көбүнчө. Бирок ниет бар, 1-2 жылда үйлөнүшүм керек. Караштырып койгон кыздарым бар, жакындаганда «кастинг» өткөрөм да (күлүп).

– Маегиңе рахмат, Адилет. Алдыдагы пландарың ишке ашсын!

«Окуумдагы «косяктарды» ушинтип сахна, экранга чыгып жоюп турам».


«Көчөдө кыздар «Роза гүлүндөгү» байке» деп да таанып калышат».


«Сүйүктүүмдүн каарманы» комедиясынан кийин Пухлик атка кондум».


Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (8)
Gulirka.95
2016-08-22 10:33:51
Azamatsyn onorun osun igilik
0
mikoo
2016-08-22 11:29:44
Соонунго)))
0
Sara07
2016-08-22 13:58:53
иии пончик десе !
+2
oilonchu92
2016-08-22 22:04:54
томпойгон мырзага ийгилик
+2
makalya
2016-08-23 12:23:12
Менден бир жаш кичуу экен)))
0
Pandora
2016-08-23 23:23:05
Жаш эле болуп туруп ХХХ,ХХХ жигит деген жигиттей болуп...
-2
admin_superstan
2016-08-24 10:29:21
Pandora, кимдир-бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуӊуз. 3 күнгө БАН!
0
aiman1983
2016-09-29 09:26:23
Админ универсалдын балдары жонундо да жазгылачы. Таир, Садык, Актилек, Калыбектерден
0
№ 720, 19-август-25-август, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан