ЗАЛДЫН ЖАСАЛГАСЫ КАНДАЙ БОЛУШУ КЕРЕК?

Учурда үй ичин жасалгалоо иштери интерьер боюнча дизайнердин жардамы менен жүргүзүлө баштады. Адистин жардамына көпчүлүк муктаж болгону менен, анын кызматын пайдаланууга бардыгынын эле шарты туура келе бербейт. Бүгүн бизге көп кабаттуу жана жер тамдагы кеңири тараган конок бөлмөнүн жасалгасы туурасында «Sono» компаниясынын жетекчиси, дизайнер Чолпон Бараканова айтып берет.

КОНОК БӨЛМӨ
(көп кабаттуу үй)

Катаны кантип оңдоо керек?

  • Чоң көлөмдөгү саат керек.
  • Телевизор дубалдын ортосуна коюлса, жумшак эмеректе отургандардын баарына ыңгайлуу болот.
  • Сүрөттөгү туш кагазды калтырсак жумшак эмеректи бир өңчөй ачык күрөң, парданы бир өңчөй кызгылт түстө тандоо зарыл.
  • Килемдин оймо-чиймеси аз болууга тийиш, анткени туш кагаздын чаар ала болгону жетиштүү.
  • Дубалдын ортосуна чоңураак көлөмдөгү картина илүү туура.


КОНОК БӨЛМӨ
(жер там)

Катаны кантип оңдоо керек?

  • Шып жакшы жасалган, бирок чоң көлөмдөгү асма чырак тагылышы керек.
  • Парда бир өңчөй күрөң түстө болгону жакшы.
  • Килемде кочкул кызыл өң басымдуулук кылса, стилди толуктайт.
  • Дубалга гүлдүү, агыш туш кагаз чаптоо сунушталат.
  • Жумшак эмеректин өңү күрөң болсо, бөлмөнүн ичиндеги буюмдар бири-бирин толуктап турмак.
  • Бөлмөгө журнал столун коюу жана картина илүү сунушталат.


Конок бөлмөнү жасалгалоодо эмнелерге көңүл буруу зарыл?

  • Эгер бөлмө чакан болсо, дубалдын өңү агыш, лампочкалары көбүрөөк асма чырак болушу шарт. Мындай асма чырактын жарыгы бардык бурчка жетип, бөлмөнү чоң көрсөтөт.
  • Илинме асма чырак шыбы бийик бөлмөгө жарашат. Негизи асма чырак бөлмөнүн жалпы стилине ылайыкталып тандалат.
  • Терезе кичинекей болсо парда жука, ачыгыраак өңдө жана жеңил болушу керек. Эгер чоң болсо оор, калың пардалар илингени туура.
  • Бөлмөнүн шыбы жапыз болсо узун, жол-жол туш кагаздарды чаптоо жана шыпка "чөнтөкчө" кылуу сунушталат.
  • Конок бөлмөгө коюлуучу жумшак эмеректин булгаарыдан болгону туура келбейт. Учурда жапкычтар модада эмес.

Сүйүн Кулматова
kenesh@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (16)
i-bilim
2016-09-19 09:52:57
Тиги шырдакпы же паласпы?
0
fly2010
2016-09-19 19:25:03
i-bilim,килем
+1
gulmira12345
2016-09-19 12:16:30
алывай алына жараша жасайт да дизайнер менен чондор байлар жасашат
+19
Uragan07
2016-09-21 23:45:09
gulmira12345,эн бир туура соз.
+1
jaw.akyn
2016-09-23 13:01:57
gulmira12345,туура айтат... Жасаганыбызга, алыбыз жеткенине кубанып жасай беребиз да
-1
Jakulya
2016-09-19 14:46:57
Эми баары чөнтөгүнө жараша жасалгалайт,Дизйнер жылдарында да акча керек,Карапайым элге оор келетко
+3
Aza25
2016-09-19 20:43:19
Жакшы жасалгаланган бирок баарынын эле шарты жок да ''Арык уйга жоон жиптин эмне кереги бар дегендей,,
+5
alina79
2016-09-20 00:21:35
Жер тошок эмнеден жасалган?
-4
SoniK
2016-09-20 11:55:36
Сонун экен!
+2
hanisa
2016-09-21 12:20:57
Бизде дизайнер канча алышат??
0
Aiperiqwerty
2016-09-22 10:04:14
Акчан болсо баары болот!
0
Drongo
2016-09-22 20:55:55
Кыргызча жасалганы абдан жакты.Эн жакшы экен.Кыргызстанда дизайнерлер канча алаарын билбейм,чет олкодогулор жакшы акча табышат.
0
Gulkin
2016-09-23 19:09:25
Тиги мамлекеттик желекти жапкыч кылып алганы кыйын го. Башка нерсе таппай калган бы
+4
jaka92
2016-09-24 00:37:29
Gulkin,окуп алып боорум эзилип калды:-)
0
jaka92
2016-09-24 00:37:38
Gulkin,окуп алып боорум эзилип калды:-)
0
dinar-87
2016-09-26 09:01:06
Норм уйум болсо болду эле озум эле дизайнер болуп койом.
0
№ 724, 16-сентябрь-22-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан