ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ (26-сентябрдан 2-октябрга чейин)

КОЙ (21.03-20.04)
Бул апта жаңы иш баштоо үчүн ылайыктуу. Бирок чогуу иш алып барчу өнөктөштөрдү ишендирүүгө аракет кылыңыз. Апта аягы достор менен жолугушасыз. Алар сиздин жашооңузду өзгөртүүгө себепчи болушат. Ден соолугуңузга кам көрүүнү да унутпаңыз.

БУКАЧАР (21.04-20.05)
Үй-бүлөңүздө көз караштар төп келбей, кайым айтышуулар болот. Тилиңизди тишиңизге катпасаңыз, ортодогу чыр-чатакты күчөтүп аласыз. Акча жаатында да маселе жаралып, тааныштарыңыздан карызга акча сурашыңыз мүмкүн.

ЭГИЗДЕР (21.05-21.06)
Эгиздер үчүн эсте калчу апталардан болот. Ооруп жаткандардын оорусу жеңилдейт. Чөнтөгүңүз акчага толуп, ишиңиз жүрүшөт. Сүйүүсүз күн кечирип жаткандардын жолунда жашыл чырак күйүп, түгөй табышы күтүлөт.

БӨЙӨН (22.06-22.07)
Жетекчилик сизге жоопкерчиликтүү иштерди тапшырышы мүмкүн. Өзгөчө көңүл буруу менен маселени жакшы жагына чечкенге аракет кылыңыз. Баштаган ишиңизди бүтүрбөй калганыңызга өкүнүп калышыңыз мүмкүн. Апта соңунда документтер менен иштейсиз.

АРСТАН (23.07-23.08)
Үй-бүлөңүздөгү абал сизди катуу ойлонтот. Ишиңиз дагы жүрүшпөй кыйын учурга туш болосуз. Жумушта пикир келишпестиктер орун алышы мүмкүн. Маанайыңызды көтөрүү өзүңүздүн колдо экенин унутпаңыз. Кабагыңызды ачпай, ичиңизден сарсанаа боло берип стресске кабылышыңыз ыктымал.

БИЙКЕЧ (24.08-23.09)
Жашоодогу майда-чүйдө иштерди чечүүгө ылайыктуу күндөр. Колуңуздан келбей жаткан иш болсо, сүйүктүүңүзгө же жакын адамдарыңызга ишенип таштап койсоңуз болот. Апта соңунда жашап жаткан жайыңызды которосуз же оңдоп-түзөөгө киришесиз.

ТАРАЗА (24.09-23.10)
Акчаны канчалык көп тапканыңыз менен, кайра тез арада жок болуп кеткени кыжалат кылат. Бирок капа болбой туруңуз, финансы жаатында дагы бир эшик ачылып, капчыгыңыз кампая түшөт. Апта соңунда туугандар менен жолугуп, жакшы убакыт өткөрөсүз.

ЧАЯН (24.10-22.11)
Жакын адамыңыз үчүн санаага батышыңыз мүмкүн. Ал кабылган маселеге сиз кошо аралашып, чечкенге аракет кыласыз. Апта соңунда эс алып, ден соолугуңузга кам көрүңүз. Стилиңизди өзгөртүшүңүз да мүмкүн.

ЖААЧЫ (23.11-21.12)
Өзүңүз күтпөгөн ишке дуушар болушуңуз ыктымал. Маанайыңызды түшүрбөңүз. Сүйүү көлүндө сүзүп жүргөн жаачылар көп нерседен куру жалак калуу алдында. Анткени оюнун баары сүйүктүүсүнө бурулуп, жетекчиликтен эскертүү алышат.

ТЕКЕЧЕР (22.12-20.01)
Жаныңыздагылардын ишине кийлигишип, таасирдүү адамга айлангыңыз келет. Бирок жакындарыңызга гана жардам бериңиз, болбосо ортодо түшүнбөстүктөр чыгат. Ишиңиз чачтан көп болуп, жетишпей кыйналасыз.

СУУ КУЯР (21.01-19.02)
Бир караганда маанилүү эместей, бирок керектүү майда иштер убактыңызды алат. Жаңы долбоорлорду түзүп, аны талкуулоо бул аптадагы эң башкы жумушуңуз. Жумуштан акчалай сыйлыкка ээ болушуңуз мүмкүн. Достор арасында пикир келишпестик болушу ыктымал.

БАЛЫК (20.02-20.03)
Бойдоктор, түрдүү иш-чараларга, тойлорго, достор менен жолугушууларга баргыла. Анткени ушул аптада болочоктогу түгөйүңүзгө жолугуп калышыңыз ыктымал. Апта соңунда жаракат алып калуунун алдын алыңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 725, 23-сентябрь-29-сентябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан