"АЖЫРАШАМ" ДЕГЕН АЯЛЫН КҮЙӨӨСҮ БЫЧАКТАП ӨЛТҮРГӨН ДЕП КАРМАЛДЫ

16 жылдай бирге түтүн булаткан аялынын өлүмүнө шектелген күйөөсү учурда темир тор артында отурат. Бул каргашалуу окуя тууралуу иликтеп көрдүк.

МАРКУМ ООРУКАНАГА ЖЕТПЕЙ КАЗА БОЛГОН

Үстүбүздөгү жылдын 30-август күнү Ош облусуна караштуу Кара-Суу райондук ооруканасынын кызматкерлери райондук милиция кызматына бир аял киши колдуу болуп каза тапканын маалымдашкан. Кара-Суу РИИБинин ыкчам иликтөө тобу ооруканага барып, маркум эмнеден улам каза болгондугун иликтеп башташкан.
Маркум Ош облусундагы Кара-Суу районунун Жоош айыл өкмөтүнө караштуу Кайрат айылынын тургуну, 1975-жылы туулган Бурулкан Рахманова экендиги аныкталган. Күбөлөрдү суракка алганда алар маркум менен күйөөсүнүн ортосунда өз ара келишпестиктер чыгып, күйөөсү аны бычак менен жүрөк тушка сайып, окуя болгон жерден качып кеткендигин айтышкан. Маркум ооруканага жетпей орто жолдо каза болгон. Көп узабай кылмышка шектелип маркумдун жолдошу, Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айыл өкмөтүнө караштуу Тажибай айылында 1973-жылы туулган Калысбек Бегалиев кармалган.

"АЯЛЫМДЫ ӨЛТҮРҮҮМӨ КАЙНАТАМ МЕНЕН КАЙНЕЖЕМ КҮНӨӨЛҮҮ"

Кылмышка шектүү Калысбек Бегалиев сурак учурунда эмне себептен бул кадамга баргандыгы тууралуу мындайча көрсөтмө берген:

– Окуя менин үйүмдө болду. Баш кошконубузга 16 жылдай болгон. Ортобузда 4 балабыз бар. Мындан мурун экөөбүз таарыныша кетип, аялым иштегени Орусияга кеткен болчу. 7 ай ошол жакта жүрдү. Ал жакта 1 айга жакын "иш жок" деп жүрүп калганынан кайнатам менен кайненеме барып, "кызыңарды чакырыңыздар. Иш жок болсо, ал жакта жөн эле жүрө бербестен үйгө келсин. Жол киресин, башка чыгымдарын төлөйм, жарашалы" десем, алар "элдин баары эле иштеп жүрүшөт го. Иш табылат. Келип-кетип жүрө бергидей Ош менен Кара-Суунун ортосу беле" деп коюшкан. Андан кийин дагы бир жолу барып "балдар кыйналып кетти, чакыралы" десем, атасы "өзүң жибергенсиң да" деп, айтканыма көнгөн жок. Анан мен ага "андай аялды ошол жактан бирөө-жарым өлтүрүп койсо, деги эле ким өлтүрсө да күнөө болбойт" деген элем. Эжесине телефон чалып айтсам ал "анда талак берип кой да, экөөң эки жакта тынч жашай бересиңер" деген.
Ушул жылдын 30-август күнү кечинде аялым ата-энеси, туугандары менен үйгө келиптир. Анын Ошко келгенин билген эмесмин. Келип "болду, сени менен жашабайм, мен башка эрге тийип алдым" деп баштады. Биздин туугандар, аксакалдар "кой, антип айтпа, ортоңордо 4 бала бар. Жакшынакай жашагыла" деп акылын айтышты. Атасы мага "кана тур, өлтүрбөйсүңбү? Эркексиңби, өлтүрүп сал!" деп улам-улам кайталады. Мен ага көңүл бурбай туруп алдым. Бир маалда кайнежем ордунан туруп "болду, жашабайт" деп аялымды жетелеп башка бөлмөгө кирип кетти. 5-6 баланы кошо ала келишкен экен, аларга "жүктөрдү ташыгыла" деди. Алар жүктөрдү унаага салып жаткан учурда балдарымды чакырайын деп сыртка чыксам, тигилер кызымды унаага кыйнап салып жатышыптыр. Кичүү уулум "эжемди алып кетип жатышат" деп ыйлап турат. Кайра аялым менен өзүнчө сүйлөшкөнү үйгө кирсем, эжеси экөө бир нерсени сүйлөшүп, күлүп жатышкан экен. Ошондо ачуум келип кетти. Шкафтын үстүндө бычак турган эле, аны колума алганымды билем, андан аркысы эсте жок. Бөлмөдөн сыртка чыгып баратканда артка кылчайсам аялым менен эжеси кучакташып отурушкан экен. Аңгыча алдыман кичүү уулум чыга калганда аны көтөрүп эшикке чыгып жерге койдум да, андан ары кетип калыптырмын.
Мурда соттолгон эмесмин. Соо кезимде эле ачуум менен ушул ишке бардым. Балдарым эми кыйынчылыкта кандай күн кечиришет деп кылганыма өкүнүп жатам. Бул ишке баруума аялымдын эжеси менен атасы түрткү болду.
Жакынынан айрылган маркумдун туугандары окуя тууралуу сөз кылууну каалабай турушат.

"КЫЛМЫШЫН МОЮНУНА АЛГАН"

Бул окуя боюнча Ош ОИИБинин басма сөз кызматкери Жанна Сатарбаева төмөнкүлөрдү билдирди:
– Бул факт боюнча Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүүдө. Кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал жасаган кылмышын толугу менен моюнуна алган.
Ачууга алдыруудан улам жубайлардын бири өмүрү менен коштошсо, экинчиси эркиндиги менен коштошту. Ал эми алардын артында калган 4 баласы учурда маркумдун туугандарынын колунда экендиги маалым болду.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (14)
birtanem
2016-10-10 10:36:23
Жаратканым баардыгыбызга Сабыр бере кор..Аллахум Аллах
+6
Bazana
2016-10-10 11:45:37
Эркек жакшы болсо аял эч жака кетпейт. Мунозу жаман учун ажырашам дегенда уруп согуп жургон болсо кк.
+20
jany-aryk
2016-10-10 13:39:48
Bazana,кошулам
+3
engel
2016-10-10 14:01:07
Bul jerde bir nerse desh kyiyn. Ayal kishi koop ketse da erkekti tenine albai kalat.mumkun bul jerde da oshondoi nerse bolgondur. Emnesi bolso da sabyr kylysh kerek bolchu a baldar chonoigondo ozdoru ele chechip almak kim m-n kalyshty.
+5
Samash-87
2016-10-10 19:50:53
Аял киши озунчо иштеп акча таап калса ушинтип кутурат
+1
barakcha
2016-10-11 15:13:58
Samash-87,ошол учун эркектер аял кишини баардык жагынан камсыздап,иштетпеши керек.
+4
Oshken26
2016-10-13 11:04:37
Samash-87, эркекти акча копто , аялды акча жокто сына деген соз бекеринен айтылбаса керек деп ойлойм. Балким чын эле акчалуу болуп аялы кооп кеткендир.
+2
Bubu88
2016-10-14 01:00:32
Күнөөнүн баары эркекте килейип жакпай иштеп багыш керек болчу иштеп акча тапса да аял күнөөлү
+1
jengoo
2016-10-14 14:38:00
Красавчик эжесин да артынан жибериш керек эле.
+1
janaylin
2016-10-15 13:43:05
Аялын Орусияга иштеткени жибербей озу иштебейт беле же чогуу кетишпейт беле?
0
Meerman
2016-10-15 21:48:33
Барып озун иштебейт белен анан сен деле бузулуп балдарынды таштап кетмексин Эркектер озу эч нерсеге чыдабайт. Аял акча тапса кооп кетет деп иши кылса аял жаман да бул дуйнодо. Сен ажырашам дегенинде, аялы жасанбайт тилдуу демекпиз да бизге да соз жок.
-1
Meerman
2016-10-15 21:49:10
Барып озун иштебейт белен анан сен деле бузулуп балдарынды таштап кетмексин Эркектер озу эч нерсеге чыдабайт. Аял акча тапса кооп кетет деп иши кылса аял жаман да бул дуйнодо. Сен ажырашам дегенинде, аялы жасанбайт тилдуу демекпиз да бизге да соз жок.
-1
Meerman
2016-10-15 21:49:48
Барып озун иштебейт белен анан сен деле бузулуп балдарынды таштап кетмексин Эркектер озу эч нерсеге чыдабайт. Аял акча тапса кооп кетет деп иши кылса аял жаман да бул дуйнодо. Сен ажырашам дегенинде, аялы жасанбайт тилдуу демекпиз да бизге да соз жок.
-1
Meerman
2016-10-15 21:50:17
Барып озун иштебейт белен анан сен деле бузулуп балдарынды таштап кетмексин Эркектер озу эч нерсеге чыдабайт. Аял акча тапса кооп кетет деп иши кылса аял жаман да бул дуйнодо. Сен ажырашам дегенинде, аялы жасанбайт тилдуу демекпиз да бизге да соз жок.
-1
№ 727, 07-октябрь-13-октябрь, 2016-ж
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан