Күнүмдүк уруш-талаштан үй-бүлө очогу бузулган жогорудагы эле окуя эмес. Эскерте кетсек, коңшу Казакстанда да белгилүү продюсер айым Баян Эсентаева күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып ооруканага түшкөн. Баян Эсентаева да көптөн бери күйөөсү менен ажырашмакчы болуп жүргөнү кийин билинди.
2016-жылдын 10-июнь күнү белгилүү продюсер, телеалпаруучу, ырчы, актриса Баян Эсентаева күйөөсүнүн ур-токмогуна кабылып, баш мээси чайкалып, мурду сынып жана бычактан жаракат алып Алматы облусуна караштуу Талгар райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Бул окуяны Талгар РИИБи тергеп, жыйынтыгында продюсердин күйөөсү Бахытбек Эсентаевдин үстүнөн "адам өмүрүнө кол салуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Коңшу өлкөнүн newtimes.kz маалымат булагынын берген маалыматына таянсак, тергөө учурунда продюсердин ата-энеси күйөө баласы бул ишке кызганычтан жана "аялым көзүмө чөп салды" деген шектенүүнүн айынан барганын айтышкан.
Алардын айтымында, акыркы күндөрү үй-бүлөдө кызганычтын айынан көп чыр-чатактар орун алып турган жана продюсер күйөөсү менен ажырашууну каалап жүргөн. Окуядан соң Эсентаева күйөөсүн сотко берип, ажырашууну чечкен. Ооруканадан чыккан соң Эсентаева казакстандык tengrinews.kz сайтына маек берип: "Андан бери бир канча убакыт өтсө да сол капталым жакшы иштебейт, 2-даражадагы контузия алдым, сол көзүмдүн көрүүсү начарлады", - деген эле.
Ал эми анын күйөөсү күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Учурда сот иштери уланууда. Продюсер айым күйөөсүнүн фамилиясынан баш тартып, өзүнүн фамилиясына өтүп жаткандыгы айтылууда. Айта кетсек, продюсер менен күйөөсү 22 жыл чогуу түтүн булатышкан. Ортолорунда Айсауле жана Айару деген 2 кызы бар.
Асхат Субанбеков
koom@super.kg